КЫЗДАР, ЧАПКЫЛА!

Бойдоктор бурчу

Жолборстой курчтук кыргыздын жигиттерине тиешелүү сапат десек, аша чапкандык болбос. Көпчүлүк селкилердин көзү түшкөн бойдок жигиттер бизде мейманда. Кана, кыздар, көз чаптырабыз, балким, арасында дал сиз күткөн, сизге жаккан бойдоктор кездешер.

Телеалпаруучу ШАЙЫРБЕК АРАПОВ
Туулган жылы – 1982-жыл, 23-апрель.
Кичи мекени – Ноокат району, Уркуя Салиева айылы.
Бою – 182 см.
Салмагы – Боюна жараша.
Материалдык байлыгы – Бирөөгө бербейт, бирөөдөн албайт.

УТРКнын телеалпаруучусу, шайыр мүнөз Шайырбек үйдүн улуусу болгондуктан, ата-энеси гана эмес, бир туугандары да “качан жеңелүү болобуз?” деп күтүшүүдө. Кашын серпип сүйлөгөн Шайырдын борбордо үйү бар. Жеңеси жокто ашканага кире калып жүрүп, палоо жасаганды үйрөнгөн. Бул жигит теледен тышкары кошумча жумушта да иштейт, азырынча эмне жумуш экенин айтпай турууну чечти. Тагдыр буюруп, ноокаттык жигиттин колун кармасаңыз, эч жаңылбайсыз. Абайлаңыз, көңүлүн оорутчу сөз айтып жиберип, “Унуталбайм” берүүсүнөн чыгып калып жүрбөңүз. Кыскасы, кыздар, жүрөгү бош мырза маңдайыңыздарда.


“Тамашоучу” САНЖАР МЫКЫЕВ
Туулган жылы – 1989-жыл, 3-апрель.
Кичи мекени – Ош шаары.
Материалдык байлыгы – Аябай кымбат булгаары капчыгы бар.
Өзүндөгү баалаган сапаты – Маршруткага 10 сом берип, 2 сомун сурабаганы. Кечки саат 9дан өткөн соң 12 сом бергени.
Учурда – Ататүрк-Ала-Тоо Эл аралык университетинин 4-курсунун студенти, "Тамашоу" Лигасынын "Достук" командасынын капитаны.

Сахнада көпчүлүктүн боорун эзген бул жигит шайыр көрүнгөнү менен, жашоодо өтө “серьёзный”. Үй-бүлөдө 5 эркектин улуусу. Ошон үчүнбү, эркектин гана эмес, аялдын да жумушун катыра жасайт. “Бул “Тамашоудо” жүрсө өмүр бою эле сахнадан түшпөйт го” деп ойлоп калбагыла. Санжар тамаша көрсөтүүнү хобби катары эсептейт. Кесиби программист болгондуктан, гезит-журналдарды, сайттарды жасап акча табат. Түпкү теги Алайдан болгон тоолук жигит мына ушундай өзүнө тың. Узун чачтуу, кара каштуу шаардык кыздар, аракетиңерди кыла берсеңер болот. Дегеним, Санжар шаардык кыздарды жактырат.


Балбан АТАЙ КОЙЧУКУЛОВ
Туулган жылы – 1986-жыл, 21-март.
Кичи мекени – Талас шаары.
Жетишкендиктери – Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 3 жолку сыйлык ээси, Эл аралык класстагы спорт чебери.
Материалдык байлыгы – БМВ үлгүсүндөгү автоунаасы, Бишкекте 2 бөлмөлүү үйү бар.

Чымыр денелүү, кең далылуу Атай Койчукулов деген балбаныбыз бар. Билек түрүп байкап көрүңүз, башы бош. Үй-бүлөнүн кенжеси. Эки эжеси бар. Атайга жөнөкөй, ата-энени сыйлаган, бой көтөрбөгөн кыздар жагат. Өзү ачык-айрым жигит. Кызыкканы спорт, спорт жана да спорт. Эртең менен, кечинде деле спорт залга машыкканы жөнөйт. Бош убактысы боло калса, сейил бакта басканды, чоң экрандан кино көргөндү жактырат. Атай азырынча үйлөнбөйт, бирок кыргызбы, оруспу, сүйүп калган кызынын улутуна карабайт. Анан да “Супер-Инфонун” ар бир санын калтырбай окуйт. “Өзү спорт менен машыкса...” деп коркуунун кереги жок, бийкечтер. Спортчулар аялды кадырлай да, сыйлай да билет, керек учурда калкалай да алат.


Ырчы ФАРХАТ КЕҢЕШБЕК уулу
Туулган жылы – 1984-жыл, 2-июнь.
Кичи мекени – Талас районунун Чкалов айылы.
Материалдык байлыгы – Бишкекте 2 бөлмөлүү үйү, Мерседес үлгүсүндөгү машинасы бар.
Кыздардагы баалаган сапаты – Жөнөкөй, шайыр, ыймандуу кыздар болсо...

Узун бойлуу жигит кыялыңызда жашайбы? Бул жакка бир саресеп салып койбосоңуз болбойт. Ырчы Фархаттын бою 185 сантиметр, мүнөзү токтоо, анан бир аз тартынчаак. Таластын татынакай уулу тогуз бир туугандын эң кичүүсү. Фархаттан башкасынын баары үйлөнүп-жайланышкан. Адатта үйдүн эң кенжеси айылда ата-энесинин колунда калат эмеспи. Ал эми Фархат “сүйүктүүмдү тапсам эле шаарда, болгондо да Бишкекте жашайм” дейт. Ал бир эмес, эки дипломдун ээси. Учурда жеке ишкердик менен алектенет, эң негизгиси – бойдок. Эсиңерде болсун, ырчы жигит менен таанышканда дароо эле сүйүүңөрдү билдире көрбөгүлө. Себеби Фархат “жаным, кайдагы сүйүү?..” деп ырдап жибериши мүмкүн.


Ди-джей РАСУЛ МЫРЗАТЕГИН
Туулган жылы – 1989-жыл, 25-декабрь.
Кичи мекени – Талас облусунун Манас району.
Учурда – БГУнун 5-курсунун студенти, “Миң кыял FM” радиосунун ди-джейи. Англис, немис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Көздөрү күйүп-жанган, бал ширин сөздөрү менен кыздарды өзүнө тарткан ди-джей абдан романтик, анан мыкты бийлейт. Жаратылыш койнунда эс алганды жактырат. Быйыл үйлөнбөсө да, 2 жылдан соң сөзсүз үйлөнөт. Үч бир туугандын экинчиси. Расулга жар болчу кыздын бир кайнежеси, бир кайниси гана болот. Расул окуудан сырткары радиодо иштейт. Машинасы жок болгону менен, аны бакчу үнү, бир канча тилди билген таланты, Таласта үй-жайы бар. Андыктан каражат жагынан кыжалат болбой эле койгонуңар оң. Эң негизгиси, анын жүрөгүн багынтсаңыз, Таластын татына келини болосуз да каласыз.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Lunatena
2010-10-09 14:49:48
саламатсыздарбы Супер инфо!мага Санжар Мыкыевдин @почтасын бериниздерчи пожалуйста!
0
Lunatena
2010-10-09 14:56:55
достор мага Санжардын почтасы керек кимде бар?
0
silkusia
2010-10-09 23:30:34
эч кимиси менин табитимдеги балдар эмес:)
0
morgana
2010-10-10 19:35:57
мага эч кимиси жаккан жок
0
cosmopolit
2010-10-11 01:41:56
типа завидные женихи KG...
0
Elmira
2010-10-11 14:27:26
maga shayirdin po4tasin berinizder4i suranam
0
selvita
2010-10-12 10:07:59
telefondorun da jazip koygula ushunchalik reklamirovay tetivatsanar
0
Lunatena
2010-10-12 14:36:01
жалынтпай почтасын бериниздерчи Санжар Мыкыевдин?
0
honey
2010-10-12 16:55:33
Расул Мырзатегинди Мин Кыялдан унун угуп башкача элестеттим эле. Таааптакыр башкача турбайбы. Бирок Ди джейлик алпарганы жагат.
0
Lunatena
2010-10-12 22:21:49
чачым агарып кетет окшойт почтасын тапкычам! Достор таап бергилечи пожалуйста!!!ппппллллллллллииииииииииииззззззззззззз!!!!
0
Lusi
2010-10-15 00:13:42
инфо Lunatenaга почтасын чын эле берип койгулачы байкуш кызды кыйнабай
0
cholpon_b
2010-10-15 12:25:07
Шайырбектин номерин бериниздерчи , суйлошкум келип атат .:))
0
4opik
2011-03-10 22:03:45
мага баарынан РАСУЛ МЫРЗАТЕГИН жагат андай мырзага жолугуу бул менин кыялым.Ийгилик сизге.ЧОЛПОНАЙ 93
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан