Аскат Сулайманов, актёр: «КИНОГО ТАРТЫЛАМ ДЕП КАЗАКТАРДЫН АЙЛАСЫН КЕТИРГЕМ»

Аскат Сулайманов менен болгон маек дайым күлкү тартуулайт. Болгонун болгондой айтат. Жашоосунда да, чыгармачылыгында да эч кандай жаап-жашырган нерсеси жок. Ал эми 10-декабрдан баштап кинотеатрларда ал тартылган «Такебай-2» тасмасы көрсөтүлө баштайт. Ага чейин Аскат мырзанын маегин окуп туруңуз.

– Аскат мырза, «Такебай-2» тасмасы тартылып бүтүптүр. Адатта роль тандайм деп айтып каласыз, бул роль жакканы үчүн тартылып калдыңызбы?

– Режиссёр Бакыт Осмонканов буга чейин «План Б» деген комедиялык тасма тарткан. Анда мен куданын ролун ойногом, эпизоддук роль болчу. «Бакыт, менин ролум кичинекей экен. Эмкиси эсте калгыдай болсун» деп тамашалагам. Ошондо ал «сизди бир башкы ролго тартам, азыр сценарийин жазып жатам» деген эле. Ошол тасмага оюмду айтып жардам бергеним, жумушума кылган мамилем жагып калса керек. Ошентип «Такебайдын» биринчи жана экинчи бөлүмүндө башкы ролду ойноп калдым. Кинонун атын укканда кызыктай болгом. Бирок сценарийин окусам кадимки эле кыргыз жигитинин ролу экен. Айылдан келген, шаарда жашаган, акчасы аз, аялын, балдарын жакшы көргөн жигиттин образы. Экинчиси биринчисинен кем калбаган жакшы тасма болду. Кинотеатрга барып көрүп койсоңор сонун маанай тартуулайт.

– Көпчүлүккө «Айыл өкмөтү» тасмасынан кийин таанымал болдуңуз окшойт?

– Мен 1996-жылы биринчи жолу Казакстанда эки тасмага тартылгам. Негизи киного тушоомду Болот Макетаев агайыбыз кескен. 9-классымда «Өзөктөн чыккан өрт» деген кыска метраждуу телепостановкага тартылгам. 6-классымдан баштап актёрлук боюнча сабак алып жүргөм. Ошондон улам тандалсам керек. Атымды чыгарган тасма «Айыл өкмөтү» болду. Ошол ролум менен сиңип калдым. Мурун «участковый милиция» атым калчу эмес. Эми «Такебай» деп атап калышты. Башында Шуриктей болуп бир роль менен элдин эсинде калып, башка ролдорумду кабыл албай коюшабы деп корккон элем.

– Жакында индустардын киносуна тартылдыңыз, кандай болду?

– Ооба, тартылдым. Сценарийди окуюн десем англис жана хинди тилдеринде экен. Тартып жаткан кыргыз балдар түшүндүрүп беришти. Индустар биздин жерибиздин кооздугуна кызыгып тартып жатышыптыр. «Кыргыздарды жакшы эле мааниде береби? Эмне болгон роль?» деп көп суроо бердим. Акчасына карап эле ойной берген болбойт да. Чет жактагылардан сунуш түшкөндө эң биринчи «мамлекетибиздин бедели түшүп калбайбы?» деп ойлоном. Казактардын да, орустардын да кыргызды улут катары басынта турган тасмасына сунуш түшсө, дароо баш тартам. Казактар бир тасмага чакырышты. Кызыл чеке болуп уруштум. Анткени тарыхты бурмалап салышыптыр. «Кетем» дедим. Акчасына карап тартыла берсем эртең кыргыздар «Аскат, мээң иштейби?» дешет да. Камчы Сарыбаев экөөбүз барганбыз. Ал казакча түшүнбөйт экен, мен Казакстанда окуп келгеним үчүн казакча жакшы билем. Бул 19-кылымдын башында болгон окуя болчу. «Казактардын ханы Кененсарынын башын кыргыздар алган» деп сценарий жазып алышыптыр. Түптүз эле кыргыздарды күнөөлөп жатышат. «Эй, тарыхыңарды билесиңерби?» дедим. Билишпейт, тартып жаткандар жаш балдар экен. Көрсө, сценарийин кытайлык казак жазыптыр. «Силердин ханыңарды биз келип өлтүргөн эмеспиз. Өзү чаап алам деп жортуулга барган. Ошол жактан өлүм тапкан» дедим. Үч саат бою тарыхты айтып, фактылар менен тастыктап бердим. Кете турган болгондо эки эсе төлөп беребиз деп башташты. «Жок» десем болушпайт. Акыры сценарийди оңдомой болушту. Тасмада кыргыз кечирим сурап барган жери бар экен, «эч кандай кечирим сурабайм» дедим. Казак хан тактыда отурганда кыргызды чөгөлөтүп отургузуп коюшат экен. «Тең ата отурабыз, казак хан тактыда, ал эми кыргыз чөгөлөп отурганы болбойт» дедим. Айтор, айласын кетирдим (күлүп). Баштарын чайкашты, «жалгыз кыргыз келип ушунча казактын жанын сууруп жатат. Кыргызстанга барып тартып калсак жемексиң го бизди» дешти.

Индустардын киносуна да майда-чүйдөсүнө чейин сурап тартылдым. «Netflix» компаниясы тартты. Анда индус аскер кызматкеринин ролун ойнодум. Эки саат гриммдешти, сакал чапташты.Чет өлкөлүктөр бизге окшоп тарс-тарс тартпай, чоюла беришет экен. Тажап кеттим (күлүп).

– Сизди көргөндө эле «Дем» театры көз алдыма келет. Канча жыл болду «Демдин» куралганына?

– 21 жашымда окууну бүтүп келип театрга жумушка киргем. Ошол учурда «Кыргыз драм театрынын жаштары» деген ат менен чыкчубуз. Ошто «Краски востока» деген өзбек жигиттерден турган топ бар болчу. Биз да элге дем берели деген максатта ушул атты тандап алганбыз. «Демдин» уюшулганына быйыл 18 жыл болду. Ал кезде баарыбыз курсак жок, керилген жигит элек (күлүп). «Дем» тез оозго алынып кетти, себеби курамда баары таланттуу балдар болчу. Эки номер менен эле эки жерге барып таанымал болуп кеттик. 5-6 жыл чакыруудан колубуз бошогон жок. Топ укмуш популярдуу болуп тойлордон, театрдан, концерттерден кол бошогон жок. Азыр деле топтун аты өчүп калган жок. Бирок андагы жаш балдар азыр кайната болуп калбадыкпы. Ал кезде балдар кичинекей болгондуктан үйдө тамагын берип отургузуп койчубуз. Балдар чоңойгондо түйшүк да чоңоёт экен. Биз театрда жатып иштечү элек, эми бул жашта анте албайбыз да. Мурункудай жалындап, өрттөнүп турган учур эмес. Мурун кыштын чилдесинде чолок шым, майка менен театрды аралап кетчүбүз (күлүп). Азыр үшүп «бол, репетиция кыла коюп тарайлы» деп жаныбызды аяп калдык.

Учурда театрда жаш балдар бар, улантып кеткиле деп жатабыз, бирок алар биздей эмес. Ролго, популярдуулукка ачка эмес. Актёр ток болгондо чыгармачылыгы аксап калат. Биздин учурда тойлор аз болчу, андан алган акчабызды он балага бөлгөндө 100 сомдон тийчү. Азыркыларга «кел, мобу номерге даярдана коёлу» десең тойго чуркап кетишет. Ошол тойдон тапкан акчаны мамлекет төлөп бергенде алардан да, балким, сонун нерсе чыкмак беле? Көп адам менен номер койгон азап да. Бир номерди миң жолу кайталап, майын чыгарып туруп эл назарына койчубуз. Ага азыркылардын нерви чыдабайт. Коштошуу концертин берип «Дем» театрын жапсакпы деп да ойлонобуз. Эмне кылабыз анан? Кайната болгон кезге жетип алып сахнага «хи-хи-хи» деп ыргып чыга калсак да болбойт тура.

– Балдар чоңойсо түйшүк кошо чоңоёт экен деп калдыңыз...

– Балдарымдын алды 22 жашта, биринин артынан бири чоңоюп келе жатат. Бир жолу балам бут кийим алам деди. «Макул, үйдөн акча ала бер» десем, 8000 сомго бут кийим алыптыр. Жиним келди, «менин сенден башка да беш балам бар, өзүң тапканда каалагандай ал. Азыр менин карамагымда турганда тартибиме баш ийишиң керек. Арыдан бери болбойсуңбу?» десем таарынгансып калды. Тойго барабыз дегенде эле эңшериле түшөм. Ар бирине бир нерсе алыш керек. Азыр бир барган жерге мурун кийген көйнөктү кийбейт деген да мода чыгыптыр. Мен байкуш 10 жылдан берки кийимимди кийип кете берем.

– Рахмат маегиңизге, ийгилик болсун.

Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
saparu
2020-12-07 09:45:44
Ушул кишини сыйлайм эн жакшы актерлордун бири бардык кинолорунда берилип жакшы аткарат анан да болгонун болгондой айтат экен
+7
muku.85
2020-12-07 10:16:34
Эч кандай жасалмалуулук жок казанда бары чомучко чыгат дегендей ичи таза адам Азаматсыз Аскат байке
+6
Zhumakunova_sh
2020-12-07 18:43:58
карапайым жонокой адам экен. Чыгармачылыгын да сыйлайм бар болунуз
+5
Nursul
2020-12-08 15:35:57
Тарыхын билбеген Казактарга жетти болду бекен
+5
Nur777
2020-12-08 21:20:34
Какендердин акесин окутуп,индустарды эзип кыргыздын бедели тушпосун деп ойлогонунуз жакты,биздин жигиттер намыстуу,эр журок жана таланттуу!Бар болунуз!
+3
Aiturgan9795
2020-12-09 20:21:26
Таланттуу киши!! Көп жашасын
+2
akmanai
2020-12-10 07:37:45
Ден соолукта болуп, коп кинолордун коркун ачып журо бериниз! Сиз тартылган кинолорду чон кызыгуу, суйуу менен коробуз. Намыскойлугунузду бааладым!
+2
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан