УНУ ДА, ДИЛИ ДА АК «АКУН»

Бейне

Чыныбай Турсунбековду көпчүлүк “Акун” деп тааныйт. “Акун” жумурай журтту ун жана ун азыктары менен камсыз кылып келе жатканына кыйла мезгил болду. Бүгүн биз бул инсандын чыт курсак кези, Түркияда жүрүп жумушсуз калганы, акыркы убакта саясатка аралашкандыгы тууралуу баяндайбыз.

КИТЕПТИ “ТЫТЫП” ОКУЧУ
Чыныбай Турсунбековдун атасы тракторчу, кийин чабан болуп иштейт. Апасы болсо он баланы асыроо менен алек болот. Балдар чоңойгондо керектөөсү да көбөйөт эмеспи, атасы тракторун таштап, акчасы көп деп чабандыкка өтөт. Биздин каарман – Чыныбай кышы-жайы дебей ата-энесине каралашып жүрүп чоңоёт. Тирикарак болгондуктан, мектепте классташтарынын алды эле.
“Шарапат деген класс жетекчи эжем айтып калат. 5-класста экенимде биз менен 7-класстын окуучуларына бирдей текшерүү иш берип, деңгээлибизди салыштырбайбы. Мен текшерүү ишти 30 мүнөт ичинде туура чыгарып чыгып кетиптирмин. Ал эми 7-класстын окуучулары коңгуроо болсо деле былк этпей отурушкан экен. Математиканы эле эмес, адабий китептердин да сазайын бердим. Кошуна балдарды ээрчитип алып, китепканадагы китептердин баарын окуп чыккам. Ошонун таасириби, 5-класстан тартып ыр жаза баштагам”,- деп эстейт Чыныбай мырза бала чагын. Азыр ошол жеткинчек балалыгына сереп салып, “чоң турмушка ошондо эле такшала баштаган турбаймынбы” деп калат.

ГОНОРАРДЫН АКЧАСЫНА ҮЙЛӨНГӨН
Нарындык мотурайган улан 1978-жылы Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырганы борборго келет. "Материалдар жетишсиз, иштеген жеринен пикир жок" деп документтерин албай коюшат. Балалык кылган экен, ырлары боюнча Турар Кожомбердиевдин баасы бар болчу, ошону көрсөтпөй калыптыр. Анан кыргыз тили жана адабияты факультетине тапшырып, өтүп кетет.
“Сынакты жалаң бешке жооп берсем да, эмнегедир үч коюп салышты. Ошондуктан 1-курста алты ай стипендия алган жокмун. Бирок андан кийин окууну бүткүчө жогорулатылган стипендия алып окудум. Ошол эле учурда макалаларым, ырларым тынбай гезиттерге жарыяланып, артынан гонорар келип турду. 3-курстан баштап сыныктар үчүн гипс чыгаруучу заводдо кароолчу болуп иштей баштадым. Ошентип, стипендиямды, гонорарды, кароолчулукту кошкондогу акчам ошол кездеги мугалимдердин тапканынан да жогору эле. Акчам көбөйгөн соң ызы-чуудан арылбаган жатаканадан батирге чыгып кеттим”,- дейт каарманыбыз.
Тырмак алды “Жүрөктөгү жаңырык” аттуу ырлар жыйнагы, анан “Ала-Тоо” журналына көлөмдүү макаласы жарыя­ланат. Бул болочок ишкердин кыргыз интеллигенция чөйрөсүнө таштаган алгачкы, бирок бекем кадамы эле. Алган гонорары жакшы эле болгон окшойт, чети оюла электе үйлөнүп алат.
“Аспирантурага тапшыргандан кийин, эки жылда кандидаттыгымды жаздым. Ал кезде орусча жазчу элек. Жубайым Нуржан орус тили жана адабияты мугалими болгондуктан, жазгандарымдын баарын текшерип чыгат. Кандидаттыгымды жактап жатканымда Улуттук университеттин адабият кафедрасынын ошол кездеги башчысы Качкынбай Артыкбаевге жаккан окшойм, ал кишинин чакыруусу менен университетке мугалим болуп кирдим. Үч жыл ичинде декандын орун басарлыгына чейин жеттим”,- деп ишкер кебин улайт.
1992-жылы кыргызстандык миң­ге жакын окуучу жана студенттер Түркияга билим алуу үчүн бет алышат. Чыныбай мырзаны Билим берүү министрлиги атайын өкүл кылып дайындап, алар менен кошо жөнөтөт.
“Баары жакшы жүрүп жаткан эле. 1994-жылы министрлик мага айтпай туруп, ордума башка жигитти жөнөтүптүр. Кийин уксам, ошол кездеги президенттик администрациянын көзүрлөрүнүн бири ушундай чечкен экен. Айтор, бир паста ишсиз калдым. Анан тобокел деп, “Кыргызстанга барабыз” деп жүргөн түрктөр менен иш баштоого туура келди”,- дейт биздин каарман.

ҮЙЛӨРДҮ КҮРӨӨГӨ КОЮП, НАСЫЯ АЛГАН
1994-жылдын аягында нан чыгаруучу «Анталья-Бишкек» фирмасын түрктөр менен бирге ачып, батон чыгара баштайт. 1995-жылы Ысык-Көл районунда суткасына 20 тонна буудай салган тегирмен жана нан чыгарган жай, бир жылдан кийин Аламүдүн районунда бир суткада 30 тонна буудай иштетүүчү тегирмен курат.
1997-жылы мекенине биротоло кайтып келип, расмий фирма ачат. Ага өзү жетекчилик кылып, 91-жылы көзү өткөн атасынын урматына “Акун” атап, 60 тонналык тегирменди ишке салат.
“Бул ишканалар насыянын, туугандарымдын жардамы менен тургузулду. Агамдын, бажамдын үйлөрүн, өзүмдүкүн күрөөгө коюп, европалык банктан 170 миң доллар насыя алдым. Бул эбегейсиз чоң акча эле, ошондуктан туугандарым коркуп, кыйылып жатып беришкен. Алардын ишеничин актоо үчүн күнү-түнү уктабай иштеп, үйлөрүнүн документин кайтарып бердим, жыл сайын бирден ишкана да ача баштадым. Ошондо мени менен чогуу иш баштаган түрктөргө 70 000 доллар жедирип жибергениме карабай, үстөкө-босток чоң ишканаларды ачып, бара-бара кеңири журтка таанылдык”.
Эми “Акунду” билбеген жан жок чыгар. Бул фирманын продукциясы эң жогорку сапаты менен айырмаланат. Себеби жогорку сапаттагы буудайды гана пайдаланышат. Ага кошумча заманбап жабдууларынын баары Германия менен Италиядан алынып келинген.

"БЕТИМ КЫЗАРБАГЫДАЙ ИШ КЫЛАМ"
"Быйыл бардык жерде – бизде да, Казакстанда да, Орусияда да буудайдын түшүмү аз болду. Ошондуктан 2,5 миллион доллар насыя алып, буудай алдым. Мен, негизи, насыя менен жашайм. Өкмөттөн бир тыйын алган адам эмесмин. Өмүрүмдө мамлекеттен бир гана нерсени менчиктештиргем, ал – “Акун Ысык-Көл” пансионаты. 1999-жылы мамлекеттик ишканалар өз баасынан 2-3 эсеге арзан менчикке сатылган эле. А мен болсо өз баасынан эки эсеге кымбат алыптырмын. Эмне болсо да илгери-кийин эл алдында бетим кызарбагыдай иш кылам.
Ун кескин кымбаттаганда Монополияны жөнгө салуу агенттиги “унду арзандаткыла, болбосо, кымбаттаткандан берки пайданы мамлекетке алабыз” деп жар салды. Бул агенттик биздин фирманы бир топ жаманатты кылып жиберди. Анан өздөрү келип кампада канча буудай калганын көрүп, баасы жазылган документтер менен таанышышты. Анан “арзандаткыла” деп да, “пайдаңды алабыз” деп да тийишпей калышты”,- дейт Чыныбай мырза.

“ТАЗА ПАРТИЯГА БАРДЫМ ДЕП ОЙЛОЙМ”
Чыныбай мырза азыр Социал-демократиялык партиянын мүчөсү катары парламенттик шайлоого аттанды.
“Мурдагы эки бийлик тең мага ар кандай чоң кызматтарды, депутаттык мандатты да сунуш кылышкан. Бирок анда макул болгон эмесмин. Биринчиден, мен бизнесимди өз деңгээлине чыгарышым керек болду. Экинчиден, баары президенттик үй-бүлөнүн кызыкчылыгына багытталганы сокурга деле көрүнүп турган эле, жөн жерден жаманатты болгум келбеди. Азыр жагдай башка. Кыргызстандын акыбалы өтө оор. Колунан иш келгендер, мамлекеттин "акырынан жем жебегендер", бир сөз менен айтканда, коррупцияга малынбагандар бийликке келип өлкө үчүн иштебесе, эртең Кыргызстан жок болот. Бул жолу да мага көп эле партиялардан сунуш түштү. Көпкө ойлондум, түйшөлдүм. Акыры Атамбаевге жок дей албадым.
“Чыныбай, сен өз курсагыңдын тогуна эле курсант болуп жүрө бересиңби? Жалпы элге пайдаң азыр тийбегенде качан тиет?”- деп маселени кабыргасынан койду. Мага чоң ишеним артты окшойт, тизменин алдынан орун берди. Бул кишинин таза экенине бекем ишенем. Ошондуктан Атамбаев менен барсам, эл алдында абийирим булганбайт деп ойлодум”.
Маектешибиздин ою боюнча, Кыргызстанды каатчылыктан чакан жана орто бизнес чыгарат. Орто катмар түзүлгөндө утурумдук эмес, такай туруктуулук орнойт. Анткени кыларга иши жок, адам калбай калат, ар ким өз иши менен алек болот.
“Эмнегедир айрымдар бийлик аркылуу байлык топтоого жан талашып жаткандай туюлат. “Арам байлык аш болбойт” деп кыргыз таамай айткан тура. Биз өзүбүздү эле эмес, балдарыбызды да ойлошубуз керек. Мына, эки президентибиздин кайсынысынын баласы Кыргызстанда – ата конушунда ээн-эркин басып жүрөт? Балдарыбызга байлыкты адал мээнет менен табуу керектигин үйрөтүшүбүз керек. Ошондой болгондо гана бала-чакабыз башын бийик көтөрүп басып жүрөт”,- деп сөзүн жыйынтыктайт Чыныбай мырза.

БУЛ ДА ИШКЕР ТУУРАЛУУ

  • 1960-жылдын 15-октябрында Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган.
  • Кыргыз, орус, түрк тилдерин билет.
  • 1978-жылы орто мектепти, 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
  • СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер союздарынын мүчөсү.
  • Отузга жакын мамлекетте болгон.
  • Депутат болуп калса, ишкананы жетектөө милдети жубайы Нуржан айымга жүктөлөт.
  • “Акун” фирмалар тобунда азыр 1000ден ашык адам иштейт. Аймактарга таратуучуларды кошкондо 1500гө жетет.
  • Мүнөзү токтоо.
  • Ичимдик ичпейт, тамеки чекпейт.
  • Балдарына жакшы ата, жубайына татыктуу күйөө болгонго аракет кылат.
  • Достору көп, кан досу каза болуп калган.
  • Сүйүүсү үй-бүлөсүнө арналган.
  • Ырга жакын, бийге жок.
  • Буга чейин “китебимди чыгарып бер” деп суранып келген бир нече акын-жазуучуга сүрөөнчү болгон.
  • Акыркы жылдарда өзү окуп бүткөн мектепке 1 миллион сомго жакын жардам берген. Андан башка карылар, балдар, майыптар үйлөрүнө, 7-апрелде жарадар жана курман болгондордун туугандарына каралашып келет.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
bagdat
2010-10-09 13:46:35
Чыныбай байке, бийликке келсенер элди ойлобосонор болбой калды, озунуз айткандай Кыргызстан жок болуп кетпесин,Сиздей озунун билими, тажрыйбасы менен чон ийгиликке жеткен байкелеримди ото сыйлайм, урматтайм, ишинизге ийгилик.
0
cosmopolit
2010-10-11 01:52:56
мен да бул кишини абдан сыйлайм... кыргыздарда сизге окшогон чыгаан жигиттер коп болсун...сизге уй булолук бакыт жана бар болунуз демекчимин
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан