Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Экс-чиновник 30-ноябрда суракка алынып, 1-декабрда мекеме бул боюнча билдирүү жасады. Маалыматка таянсак, Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жер тилкесин мамлекетке кайтарып бермей болду.
Финансы полициясы Сарпашевге карата "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча ишти тергеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди. Финполдун маалыматына таянсак, кийинки аптада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районундагы Торкен айылынын балансына өткөрүп берет.
Эскерте кетсек, 27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу белгилүү болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Жумабай Акимов