«СЕНДЕН УУЛУҢДУ УУРДАДЫМ»

«СҮЙҮҮСҮН ДА ТАШ БООРЛУК МЕНЕН БИЛГИЗЧҮ»

– Анна Каренинаны окуган эмессиң, ээ?

– Мен китеп окубайм. Эмне болуптур Аннаңа?

– Эч нерсе, жѳн эле Лев Толстой ѳз убагында экѳѳбүздүн сүйүүбүздү жазган экен. Канча жылдан кийин так эле экѳѳбүз ошол окуяны кайталап жатабыз.

– Хм, ошондой бекен? Мен эмнеге Бишкектин бир кѳчѳсү Толстой деп аталып калган десе, аның жазуучу беле?

Аял жылмайды. Жылмайганы ыйлаганга окшоп турду. Тагдырга таң калды, анткени ушундай жигитти сүйүп калганы ѳзү кызыктай эле. Жигит кадимки карапайым кыргыздын жигити. Китеп окуган деле эмес, кѳчѳнүн баласы. Кѳчѳдѳ, балким, мындай жигиттин миңи, миллиону бар болсо керек. Капкара кѳздѳрүнѳн, келишимдүү сымбатынан башка эч нерсеси менен эсте калбай турган жигиттердин бири. Бирок ѳрт, эч нерседен коркпогон жылаңач баатыр. Эмнесине тартылды, эмнеге азап чегип жатат? Муну жиндидей сүйдү. 9-класска кѳчкѳндѳ мектебине келген эле. Капкара чачы бар, капкара кѳздѳрү эмненин ичинен чыга калсам дегендей тиктеген, бойлуу ѳспүрүм эле. Класстагы бардык кыздар ашык болуп калышты. Анткени бул балада ѳзүнѳ тартып турган бир күч бар эле. Ѳзү да ашык болду, класстын эң сулуу кызы, жакшы окуган, келечекте кѳптѳр үмүт кылган, 2-3 тилди суудай билген кыз ушул жапайыга ашык болуп калды. Коомдо да, жашоодо да алар бир дүйнѳнүн адамдары эмес эле. Эмирдин апасы кѳп жолу турмушка чыккан экен, атасы ким экенин ѳзү да билчү эмес. Ар кимдин колунда чоңойгон селсаяк бала болчу. Алия болсо чиновниктин жалгыз кызы. Бирок бул экѳѳ бири-биринен эмне тапты, ким билсин, ошол ѳспүрүм курактарынан бери бири-бирине ашык эле. Эмир да жакшы кѳрчү, бирок жакшы кѳргѳнүн да таш боорлук менен билгизген, жылуулук дегенди билбеген бала эле. Жан дүйнѳсү жаралуу болчу. Ыза кылып, чачын жулуп кетип, түртүп кетип, шылдыңдап жакшы кѳрчү. Кыздын мѳлтүрѳгѳн жаштарын кѳргѳндѳ гана чектен ашып кеткенин билгендей токтоп калчу. Бирок арткы партадан аны тиктеп отургандан эч тажачу эмес. Мектепти бүткѳндѳ булардын жолдору айрылды. Эмир кесиптик лицейде окуп жатканда мушташтан улам түрмѳгѳ эки жылга соттолуп кетти. Алия болсо чет ѳлкѳгѳ окууга кеткен. Бүтүп келгенден кийин атасынын досунун уулуна турмушка чыкты. Баары жакшы болчу, күйѳѳсү кѳзүнүн агы менен тең айланчу, ѳзү карьерасын жасады, заңгыраган үйдѳ жашачу. Бир гана балалуу боло алышпады. Кѳп жылдан кийин алар кайра кезигишти. Кезиккенден кийин эч айрыла алышпады.

«МЕНДЕН ЭЧ НЕРСЕ КҮТПѲ»

– Аннаң менен биздин эмне окшоштугубуз бар экен?

– Сүйүүбүз. Бирин-бири эзип, жанын кыйнап, жаның кыйналып жатканына карабай ошол адамга кайра тартыла берген сүйүү бар го. Жинди сүйүү. Отко куйкаланып, ѳрттѳнүп кетериңди билесиң, бирок болбой эле жанталаша ошол отко умтула бересиң.

– Алиш, мен сенин философияңды түшүнбѳйм. Биз жѳн эле бири-бирибизди сүйѳбүз.

– Биз мектепте окуп жүргѳндѳ эмнеге мени ыза кылганды жакшы кѳрчү элең?

– Башкача кѳңүл бурдура албайт болчумун. Мен азыр деле...

– Эмне азыр деле?

– Сен мен үчүн кыялсың. Кээде сен менин бул апамдан калган жупуну үйүмѳ келгениңе ишенбей кетем. Мен сага кѳнгѳн жашооңду бере албайм. Менден эч нерсе күтпѳ, күтпѳйсүң деле, билем.

– Хм, менин кетеримди билесиң да.

– Мен сенин күйѳѳңдѳй сага эч нерсе бере албайм. Бул бир күнү бүтѳрүн да билем.

– Кечээ сенин башка бир аял менен жазышкандарыңды кѳрдүм, Канчалык оор болду билесиңби?

Жигит эмне дээрин билбей калды.

– Мен сени... Сен менден кеткенден кийин эмне кыларымды билбей, аны менен жазыштым. Анан эмне кылам? Ѳзүмдѳн корком, ичимде чоң ыза бар, сен да кетсең ал ыза шар сыяктуу чоңоюп барып жарылып кетишинен корком. Сен кетсең жаман адам болушумдан корком. Ошол үчүн...

Алия Эмирдин капкара кѳздѳрүнѳ карады. Анда айласыздык, жанкечтилик, алсыздык бар эле.

– Мен кетейин, деди айласыз. Тиги макул болгондой башын ийкеди. Сыртка чогуу чыгышты. Жамгыр жаап жаткан эле, Алия ичиркенип кетти. Ал эми жигит жамгыр алдында кетип бара жатты. Ушу боюнча эч качан кѳрбѳй калчудай сезим боло түштү.

– Эмир!-деп кыйкырып жиберди.

Ал кылчайганда чуркап жетип моюнуна асылды. Кол чатырдын алдында бирин-бири тиктеп турду. Эмнегедир экѳѳнүн тең ыйлагысы келди.

– Билбейм кандай жашоо күтүп турат, бирок мен сага келем. Мени күт. Макулбу?- деди Алия ый аралаш.

«БААРЫ БҮТТҮ!»

Үйүнѳ келди да, жанын коёрго жер таппай жатты. Күйѳѳсү чет ѳлкѳдѳн эми келмек. Тамак даярдап коёюн деди, ага да кѳңүлү чаппады. Бул жолу баарын ачыктап туруп кеткенге даяр болуп, ичинен чыйралып жаткан.

– Кандайсың?- деди күйѳѳсү кийимдерин чечип жатып. Куду кѳп күндѳн бери кѳрбѳгѳндѳй эмес, салкын болчу.

– Сонун,- деди Алия. Кадимкидей күйѳѳ-аялдын бир кечи ѳтүп жатты.

– Мен сени менен сүйлѳшѳйүн дегем.

– Айта бер,- деди күйѳѳсү ноутбугунан кѳзүн албай. Бул дайым ушундай. Ушул учурда гана Алия үй-бүлѳлүк жашоосунда ага эмне жетишпей жүргѳнүн даана сезди. Алардын үйлѳнүшү эки чиновниктин жакшы бир долбоору гана болгон экен. Алия муну ичинен ойлонуп жатам деп ойлоп, бирок сыртынан айтып алды.

– Эмне дейсиң?

– Долбоор дедим. Биздин жашообуз бир долбоор.

– Алия, сага эмне керек?- деди кѳз айнегин алып чарчаңкы караган күйѳѳсү.

– Мага сүйүү керек,- деди жаш аралаш күлүмсүрѳгѳн аял.

– Мага жылуулук керек. Мага кимдир бирѳѳ жүзүмѳ карап туруп чын дилинен күнүм кандай ѳткѳнүн сураганы керек. Мага чыныгы жашоо керек, бул пафостун мага эч кереги жок.

– Ээ?- деди күйѳѳсү кайдыгер гана.

– Сен мени сүйбѳдүң. Жѳн эле үйлѳндүң. Мен сен үчүн жѳн эле сулуулук үчүн алып койгон бир куурчакмын. Атүгүл менин башка бир адамым бар экенин байкаган жоксуң. Мен башканы сүйѳм! Аны менен бир жылдан бери биргемин.

– Хм, ойношуң бар демек,- деди күйѳѳсү кабагын да бүркѳп койбой.

– Ооба, ойношум бар!

Күйѳѳсү шылдыңдай карап турду. Бир аздан кийин каткырып жиберди.

– Мына сага, мамлекеттик сырды ачканың үчүн куттуктайм, жаным. Аны мени билбейт деп ойлодуңбу?

– Сен... сен билчү белең?

– Биринчи кезиккен күнүңѳрдѳн баштап билем. Биринчи сүйүүң, эч унута албаган немең экенин да билем. Бирок акылыңды башыңа топтойсуң деп күтүп жүрѳм. Ооба, сен туура айтасың, биздин үйлѳнүүбүз бир долбоор. Ийгиликтүү долбоор. Анткени сенин атаңдын да, менин атамдын да империясы биздин балабызда болот. Ошондуктан сенин жиндиң бүгүн түрмѳгѳ кирет.

– Эмне-ее?

– Ооба, бүгүн же эртең. Аныңдын орду ошол жакта.

Алия жанталаша телефонун ала калды. Күйѳѳсү колунан жулуп алды да, түртүп жиберди.

– Баары бүттү!


ХХХ

Эмир күнѳѳсүз жерден бир адамды бычактады деген жалаа менен кесилип кетти. Эки айдан кийин соту болду. Ал Алияны аябай күттү, анын кѳздѳрүнѳ карап күнѳѳсүз экенин айткысы келди. Башкалар эмне дешсе ошо десин, бирок Алия анын күнѳѳсүз экенин билиши керек эле. Тилекке каршы, келген жок.

Бул окуядан тогуз айдан кийин Алия тѳрѳтканадан чыкты. Наристе атасына куюп койгондой окшош болчу. Жаштарын аарчып жатып Алия ѳзү менен ѳзү сүйлѳшүп жатты. «Эмир, жаным. Сен бул окуядагы эң күнѳѳсүз, таза адамсың. Таза жүрѳгүңдү менден башка ким кѳрдү, аны да билбейм. Кичинеңден бактылуу балалыгыңды уурдашты, кийин ѳгѳй атаңды бычактады дешти. Бирок аны да апаң үчүн кылганыңды билишкен жок. Эң жаман чыккынчы мен болдум. Мен сенин эң кымбат нерсеңди уурдадым. Мен сенин уулуңду уурдадым. Башка бир дүйнѳдѳ, башка бир ата менен жашайт. Мен бул кадамга аргасыз болдум. Акыретте бардык күнѳѳмдү тартканга даярмын. Кечиримди да ошондо сурайм. Сенин Алияң».


Айлин. Д.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
asdef
2020-12-07 10:35:26
Зынаакор акмак!!!
+5
Erlan_95
2020-12-08 21:51:49
Абсурд ангеме, абадан супсак, зеригичтуу жазылган
+3
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан