Зайырбек Ажыматовдун жубайы: “ЗАЙЫР БАРДА ЭҢ БАКТЫЛУУ КҮНДӨРДӨ ЖАШАГАН ЭКЕНБИЗ”

Шымым бар жаңы кийгенге,

Үйүм бар эптеп киргенге.

Үстүмдө жаңы күрмө бар

Көчөдө басып жүргөнгө.

Алгыла баарын, а бирок

Калемге болбойт тийгенге!

Бул саптардын автору, акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун бул дүйнө менен кош айтышканына 7 айдын жүзү болду. Ал досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиев дүйнөдөн өткөндөн 9 күндөн кийин каза тапкан. Кыргыздын чыгаан уулун анын жубайы Анара Жансариева эскерет.

– Саламатсызбы, Анара эже? Абалыңыз жакшыбы?

– Саламатчылык. Зайырдын өтүп кеткенине 7 ай болуп калды. Оор учурларды башыбыздан өткөрүп жатабыз. Минтип, эстеген сайын көз жашыбызды тыя албай ыйлап калабыз (ыйлап). Тагдырга жазганды көрөт экенбиз да.

– Кайрат кылыңыздар. Зайырбек байке кичүү кызы Карлыгачты социалдык тармактарга көп чыгарчу эле. Атасынын эрке кызы кантти?

– Карлыгач атасына аябай жакын болчу. Атасын сагынып көп ыйлайт. Бирок ыйлаганын бизге билдирбейт. Анын мүнөзү атасыныкындай, ачыла бербейт, ичиндегисин айтпайт. Мурдагыдай сүйлөбөй да калды.

– Зайырбек байке балдарына кандай ата болду?

– Балдарына бөтөнчө жакшы мамиле кылчу. “Жакшы адам болгула, китеп окугула” деп көп айтар эле. Балдардын эркин, өз ою бар, билимдүү болуп чоңоюшун каалады, ошого салым кошту. Аларга көп көңүл бурчу. Уулдарым менен үйдө күрөшүп калышчу. Ал жеңип алганда балдар “ата, биз сизди аяп койбодукпу” деп калышчу. Анан балдарым менен бир нерсени талкуулаганды жактырчу. Экинчи балам менен көз караштары дал келчү эмес. Экөө өзгөчө көп талашып-тартышат эле. Кыздарына аяр мамиле жасап, көп эркелетчү. Майрамдарда мага, кыздарыма белектерди, гүл көтөрүп келчү.

– Сизге кандай жолдош болду? Чыгармачыл адам менен жашоо оор дешет...

– Мага аябай жакшы мамиле кылчу. Кээде экөөбүз урушуп кетсек, чыдап тура алчу эмес. Ары-бери басып, кайра бир нерсе кылып көңүлүмдү алууну ойлончу. Кээде жумуштан чыгып жатып, “баланча жерге келип калсаң” деп чакырып кафеге алып барчу. Айрым учурда себепсиз эле гүл көтөрүп келчү. Мени “томпошкам” деп эркелетер эле. Бирок Зайыр сезимдерин ачык билдирип “сүйөм-күйөм” деген сөздөрдү айтчу эмес. Анын баарын ырларында айтчу.

Ооба, чыгармачыл адам менен жашоо оор деп бекер айтышпайт. Башкача болушат. Мисалы, Зайырга ар бир сөздү ойлонуп сүйлөп, ар кадамыңды абайлап жасаш керек болчу. Бардык нерсеге маани берип, көңүл бурат эле. Кечинде жумуштан келгенде алдынан чыгып, күлүп-жайнап “кел” деп тосуп албасам, таарынып калчу. Эртең менен жөнөөрдө дайыма кийимдерин даярдап, бут кийимин тазалап койчумун. Күндө эртең менен дарбазаны ачып берип узатып калчумун. Ушул нерселер жасалбай калса, таарынып калчу. Бирок учурунда сезбейт экенбиз. Азыр ойлосом, Зайыр барда эң бактылуу күндөрүм өтүптүр.

– Кантип баш кошуп калдыңыздар эле?

– Экөөбүз алыс тууган болуп кетебиз. Туугандар мени Зайырга сунушташкан окшойт. Биздин үйгө досу экөө конокко келип, 4 күн жатып алышкан. Көрсө, ошондо мени сынаптыр. Мен башында көңүл бурган эмесмин. Анан 4 күндөн кийин “менин эч нерсем жок. Мени менен кетесиңби?” деп сунуш кылды. Чечкиндүүлүгүн жактырып макул болгом. Анда экөөбүз тең 17 жашта болчубуз. Той өткөрдүк. Андан кийин Бишкекке келдик. Башында жатаканада жашап жүрдүк. Кийин көпкө батирледик. Бишкекте биз жашабаган район калган жок окшойт. Бирок бири-бирибизге жөлөк болуп, чогуу каражат таап, ушул үйдү курдук. Үй курулуп, оңдоп-түзөө иштери бүтөрү менен Зайырдын көзү өтүп кетти. Сүйүнүчүнө да тойбой кетти. Ушул жылдын январь айында президенттин колунан Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын албады беле. Бул сүйүнүчүнө да тойбой кетти.

– “Зайыр байке досу Элмирбек Иманалиевдин өлүмүн көтөрө албай кетти” деп айтышууда. Элмирбек агайдын өтүп кеткенин кандай кабыл алды эле?

– Бул кабарды алгач уулубуз интернеттен көрүптүр. Анда түн кирип калган, Зайыр уктап жаткан. Уулум экөөбүз айланчыктап угуза албай көпкө жүрдүк. Бир маалда ойготуп угуздум. Унчукпай бир жерди тиктеп туруп калды да, ары карап жатып алды. Таң атарда
Зайырдын бакырып ыйлап жатканынан улам ойгонуп кеттим. Карасам, жаздыгында Элмирге арнап жазган ыры туруптур. Түнү менен ошол ырды жазып чыгыптыр. Эртеси Элмирдин үйүнө кетти. Үйгө келгенде “Элмир ыйлап кетти. Ыйлап жатканын уктум. Барып кепинди ачып салгым келди” деп, Элмирдин ыйлаганын да туурап берди. Элмирбекти жерге бергенде элдин баарын кетирип коюп мүрзөсүндө жалгыз калыптыр. Экөөнүн ортосунда башкача байланыш болгон окшойт деп калдым. Күнү-түнү ыйлай берди. Акыркы күндөрү Элмирбек жанында жүргөндөй эле аны менен сүйлөшүп калган.

– Кантип ооруканага түшүп калды?

– Зайырдын жүрөгү ооручу, дайыма дары ичип турчу. 28-апрель күнү жүрөгү ооруп, “Тез жардам” чакырдык. Ооруканага барганда дарыларды беришти, жакшы болуп калды. Түнү менен жанында болуп, эртеси кыздарга барайын деп үйгө келдим. Улам медайымга чалып абалын сурап турдум. Медайым “абалы жакшы” деп жаткан. Саат 3төрдө “тез келе калгыла” деп чалды. Көрсө, Зайыр үзүлүп кетиптир (ыйлап).

– Кайрат кылыңыз. Элмирбек байкенин үй-бүлөсү менен катташасыздарбы?

– Ооба, Элмирдин аялы Нурзат менен катташып жатабыз. Элмир менен Нурзаттын кызы Жайдарыны Карлыгач менен достоштуралы деген ниетибиз бар.

– Зайырбек байке жетимдиктин азабын тартканын айтып калчу эле. Кийин апасы менен мамилеси кандай болду?

– Кичинесинде апасына таарынычы болсо керек. Кийин кайненемди аябай жакшы көрүп карады. Ооруп калса ооруканаларга кошо чуркачу, айлыгынан атайын апасына деп акча бөлүп койчу. Жай мезгилдеринде кайненем үйгө келип жашап кетет.

– Таенесин апасындай көрүп чоңойду да?

– Ооба, таенесин аябай жакшы көрдү. Таенесин апа ордуна апа, ата ордуна ата болду деп айтып калчу. Кийин тиричилик деп жүрүп таенесине барбай калдык. Биз минтип бутубузга турганча ал киши өтүп кетти. Көйнөк, жоолук алып бере албай калганына, барып батасын албай калганына өкүттө жүрдү. Кийин “Сайра эне” поэмасын жазганда көксөөсү суугандай болду.

– Жакында дагы бир китеби чыгат деп калдыңыз..

– Акыркы жолу “Жүрөктөгү бороон” китеби чыкпады беле. Аны менен катар эсселерди, ырларды жазыптыр. “Балдар адабиятына көңүл бурбай жатабыз” деп калчу. Балдарга арналган да ырлары бар экен. Акын Мирлан Самыйкожо, журналист Кундуз Качкынбаева жана башка достору демилге көтөрүп, демөөрчү болуп китебин чыгарып жатышат. Аларга рахмат. 2 ай мурун Нарында Маданият үйүнүн залкарлардын сүрөтү илинген сүрөтканасына Зайырдын да сүрөтү илинди. Сүрөттү Асан
Турсункулов тартты, меценат Аскар Салымбеков демөөрчү болду. Мындай жакшы иш-чаралар үчүн кубанат экенсиң. Ага арнап кылынып жаткан иштер үчүн үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиребиз.

Жакында ИИМ уюштурган "Бир ырдын сынагы" аталышындагы сынактан 2-орунду алды деп, уулума диплом тапшырышты. Көзү өтүп кетсе да сыйлык бергенине рахмат.

– Маегиңизге рахмат. Үйүңүздө жакшылыктар гана болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
muku.85
2020-12-07 09:42:56
Кыргыздын чыгаан уулдары эле Зайырбек агай менен Элмирбек агай сиздер кыргыздын журогундо жашайсынар эл уулдары АЛЛАХ бейишинен орун берсин Ооомииийн
+10
Margana93
2020-12-07 10:44:30
Жаткан жери жайлуу болсун
+10
erik3
2020-12-07 14:21:34
Жаткан жери жайлуу болуп, Тенирим озу колдосун кыргыз элимди
-2
sabyr86
2020-12-08 20:35:47
Жаткан жери жайлуу болсун кайран акындар кандай талант бар эле сиздерде.
0
gulia90
2020-12-10 16:19:29
Эркектердин арасындагы достук озгочо болот окшойт деп калдым. Аяш атамдын козу отуп кеткенден бир жылга жетпей атам да каза болуп калды, ото кайгырып ичинен куйуп журуп.
0
faraon312
2020-12-11 09:22:53
Кайталангыс таланттар эле.. Аттиң... Ажалга айлабыз гана жок...
0
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан