КЫРГЫЗДЫН СИЗ БИЛБЕГЕН ЧЫКТАРЫ

Суюк же коюу тамак-аштар менен чогуу же үстүнө жаба куюлуп берилген тамактар чык деп аталат. Кыргызда илгертен бешбармактын үстүнө куюлуучу чыкты дайым чүйгүндөп жасап келишкен. Суукта согумду четинен салып жеп отурган улуттук тамактарды сүйүүчүлөргө чыктардын түрлөрүн сунуштайбыз.


МАНТЫ ЧЫК

Керектелүүчү азыктар:

Томат пастасы – 300 грамм (же 2 даана помидор)

Пияз – 1 даана

Сарымсак – 2-3 тишче

Уксус (3-4%) – 2 чай кашык

Каймак – 50 грамм (же сары май)

Лавр жалбырагы – 2 даана

Ашкөк – 4-5 тал

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Мантынын алдына койгон шорлуу суудан ченеп куюп алып, ага эки баш пиязды, 2-3 тишче сарымсакты, помидорду майдалап туурап, лавр жалбырагын кошуп бир кайнатып алабыз.

2. Андан соң оттон чыгарып, тууралган ашкөктү жана тууралап туз, татымына жараша мурч салып казандын капкагын жаап демдеп коёбуз.

3. Табы кайткан кезде үстүнө сары май кошуп, уксустан 2 чай кашык куюп манты менен кошо дасторконго сунабыз. Муну шорпо катары ичсе жана мантыны малып жесе мыкты даам болот.

КЫЧКЫЛ ЧЫК

Керектелүүчү азыктар:

Эттин шорпосу – 300 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2-3 тишче

Сабиз – 1 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Помидор – 1 даана (же 50-70 грамм томат пастасы)

Кычкыл мөмө – 150 грамм (алча, гилас же ушулардын 100 грамм ширеси)

Ашкөк – 3-4 тал

Лавр жалбырагы – 1-2 даана

Уксус (2-3%) – 1 аш кашык

Кара жана кызыл мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Шорпого аарчып, тууралган сабизди салып, бышканча кайнатабыз. Андан кийин майда тууралган пиязды, сарымсакты, болгар калемпирин, помидорду, ашкөктү жана кычкыл мөмөнүн кагын салабыз.

2. Бир кайнагандан кийин ага лавр жалбырагын, уксусту кошуп, калемпир-мурч сээп демдеп коёбуз.

3. Эгерде кычкыл мөмөнүн кагы жок, бирок мөмө ширеси бар болсо аны шорпо демделип бүткөн соң кошобуз.

Мындай кызыл-күрөң түстөгү суюк кычкыл чыкты майлуу тамакка кошуп берген жакшы.

ЖАШЫЛЧАЛУУ ЧЫК

Керектелүүчү азыктар:

Эттин шорпосу – 1 литр

Капуста – 200 грамм

Сабиз, кызылча, түрп – 100 граммдан

Помидор – 2-3 даана

Картошка – 1-2 даана

Болгар калемпири – 2-3 даана

Петрушка – 2-3 тал

Пияз – 2 баш

Сарымсак – 2-3 тишче

Лимон кычкылы – 0,3 грамм

Сары май – 50 грамм (же каймак)

Мурч, туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач бардык жашылчаларды туурап алабыз. Мисалы, капустаны кертип, сабизди, кызылчаны, түрптү узун-узун, картошканы жука кылып туурайбыз. Болгар калемпирин, пиязды, сарымсакты, ашкөктү демейдегидей майда, петрушканы кырка туурайбыз.

3. Баарын нак шорпого салып, туз татытып, капкагын жаап, жай отто бүлкүлдөтүп 20-30 мүнөтчө кайнатабыз.

4. Бышканда чыгарып, табы кайтып кеткенче сүзгүчтөн сүзүп алып, шорпосуна май салып, мурч татытабыз да, лимон кычкылын кошобуз. Жашылча чыкты кандай гана тамакка кошсоңуз жарашат. Мисалы, котлета, сууга бышкан күрүчкө сүзүп алынган жашылчалары менен чогуу берилсе бардык тамактын даамын да, көркүн да ачат.

НАРЫН ЧЫК

Керектелүүчү азыктар:

Эттин кайнаган шорпосу – 500-600 грамм

Пияз – 2 баш

Сарымсак – 3-4 тоголок

Лавр жалбырагы – 2-3 тал

Болгар калемпири – 1 даана

Мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Шорпонун майлуу жеринен куюп алып, ага майда тууралган болгар калемпирин, пияз, сарымсакты, лаврдын жалбырагын салып бир кайнатып алып, андан соң мурчту себелеп демдеп коёбуз.

Бешбармактын эти тууралып, камыр сүзүлгөн кезде үстүнө чыкты куюп аралаштырабыз. Бул чыкты кошумча татымалдарды сүйүүчүлөр жасап, бешбармакка кошуп жегени туура.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nurila02
2020-12-07 13:12:18
Керектуу маалыматтар экен рахмат.
+1
Nur777
2020-12-07 21:57:01
Соонун макала,рахмат авторго!)
0
Nuri1988Elim2010
2020-12-09 11:00:22
Кыштын суук күнүндө аппетитти ачатгоо,
0
Nuri1988Elim2010
2020-12-09 11:00:36
Кыштын суук күнүндө аппетитти ачатгоо
0
Isikkolumkeremet
2020-12-11 09:23:11
Бирок кыргыздын чыгы акыркы беш бармактыкы эле да
+1
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан