ТЕРЕҢ-ТЕРЕҢ «ДЕМ» АЛАБЫЗ!

Турмуш көйгөйү менен алпурушкан элдин маанайын көтөрүп, ыр-күлкү тартуулаган “Дем” театры эсиңиздеби? Кыргыз драма театрынын алдында түзүлгөн “Демдин” жигиттерин сахнадан гана эмес, тасмадан, клиптерден көрүп жүрөсүздөр. Актёрлордун чеберчиликтери мыкты экендигин алар тартылган тасма, койгон спектакль, ойногон ролдору тастыктай алды. Өнөр кадырлаган калкыбыз, албетте, ушундай жигиттер менен сыймыктанып келет.

УЧУРДА...

  • “Дем” театры “Сынык асман” деген спектаклди коюу алдында турат.
  • Марат Козукеев «Манас» университетинде жана Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайда окутуучу.
  • Максат Кулуев актёрлуктан сырткары ЭлТР телеканалында алпаруучу.
  • Назым Мендебаиров режиссёр, Искусство институтунда окутуучу болуп иштейт.
  • Нурлан Салидинов аталган театрда эмгектенет.

ДАНИЯР ЖАНЖИГИТОВ
Туулган жылы – 1982-жыл, 6-октябрь.
Хоббиси – Футбол ойноо.
Тартылган тасмалары – “Үзөңгүдөгү аял”, “Чиркин өмүр” ж.б.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.
Урмат Усеновдун "Махабат кайырчысы" клибине тартылган.

– Данияр, театр жана кино сиз үчүн эмне?
– Театр – менин экинчи үйүм, кино – жан дүйнөм. Экөө дайыма эриш-аркак жүрөт. Театрдын өзүнө арбап алган бир касиети бар, тасманын сырдуу күчү өзүнө тартып турат.
– Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, дүйнө актрисаларынан ким менен тартылмаксыз?
– М-мм. Шарлиз Терон менен бир тасмада ойномокмун. Анткени таланты жагынан да, келбети жагынан да Шарлиз жагат.
– Комедия жагына көп жакынсызбы же трагедиялуу ролдорду жараткыңыз келеби?
– Негизи, актёр роль тандабайт. Бирок мен лирикалык, анан өтө комедиялык ролдорго караганда трагедияга жакын окшойм.


ЖЕҢИШ КАНГЕЛДИЕВ
Туулган жылы – 1970-жыл, 8-май.
Үй-бүлөлүк абалы – Токтогулдун күйөө баласы.
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.
Тартылган тасмалары – “Белгисиз маршрут” тасмасында жана Түштүк Кореянын “Лоббист” тасмасында роль жараткан.

– Жеңиш байке, сиз театрда эң улуусу турбайсызбы...
– Мен улуусумун, узунумун.
– Достор арасында бири-бириңиздерге ат коёт экенсиздер...
– Ооба, менин лакап атым – Немис. Себеби айткан убактан эрте барсам барам, бирок кечикпейм. Тактыкты жакшы көрөм.
– Эмнени кыялданасыз?
– Балалуу болгонду. Андан сырткары көп нерсени кыялданам, кыялдар чексиз.


КАМЧЫ САРЫБАЕВ
Туулган жылы – 1978-жыл, 7-февраль.
Үй-бүлөлүк абалы – Бир аялы, бир уулу бар.
Тартылган тасмалары – “Боз салкын”, “Аталар керээзи”, “Уурунун махабаты” ж.б.

Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган.

– Камчы байке, кино жана театрдан сырткары кошумча акча тапчу булак барбы?
– Тамада болуп той башкарам. Анча-мына жарнамаларга тартыла калып жүрөм. Анан да жарнамалык роликтерге үн коштойм.
– Уулуңуз да киного тартылыптыр...
– Ооба, уулум Барсбек эки жаш жети айлык экенине карабай Назым Мендебаировдун «Кемпир» тасмасында өзүмдүн баламдын ролун ойноду.


ЭРКИН ЭГЕМБЕРДИЕВ
Туулган жылы – 1985-жыл, 14-апрель.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун быйыл аяктады.
Тартылган тасмалары – “Белгисиз маршрут”, “Боз салкын” ж.б.

– Эркин, тасмада кандай ролдорду ойнойсуң?
– Мага көбүнчө шүмшүктүн ролун беришет. Чегип кеткен, ичип кеткен, бирөөнүн кызын уурдап кеткен, акыл-эстен танганча сүйүп калган сыяктуу. Ошого карабай актёр болгон соң аткара берем. Бирок чыныгы жашоодо андай эмесмин.
– Тасма артында калган кызыктар болду беле?
– Ар бир тасмада эле кездешет. “Белгисиз маршрутта” Асылбек Өзүбеков экөөбүз мушташып кеткен кадр бар эмеспи. Режиссёр “акырын эле мушташкыла” деген болчу. Мен образга берилип кетип Асылбек байкени катуу-катуу согуп кирипмин. Асылбек байке “кантет, эй, бала, өлтүрдүң го, токтот?!” дегенде анан өзүмдү кармап калгам.


АСКАТ СУЛАЙМАНОВ
Туулган жылы – 1978-жыл, 27-май.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
Тартылган тасмалары – “Айыл өкмөтү”, “Уурунун махабаты”, “Апамдын махабаты”, “Теңири”, “Свет аке”ж.б.
Билими – Алматыдагы Т.Жугенов атындагы көркөм институтту аяктаган.

– Аскат байке, көптөн бери көрүнбөй кеттиңиздер...
– Үч жылдан бери Кыргыз драма театры оңдолуп-түзөлүп жатат. Быйыл кичи залын бүтүрүп, спектакль койгонго даярдана баштадык. Сахнадан анча көрүнбөй калгандын себеби, биздин балдар колунан келген иштерин кылып жүрүшөт. Кинодон сырткары клиптерге тартылып дегендей. Мен кээде тойлордо тамадалык кыла коём.
– Аябай тердеп-кургап алыпсыз, репетиция катуу жүрүп жаткан окшойт?
– Эртеден кечке репетицияда жүрөбүз. «Азиздер жана дүлөйлөр» коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун өмүр таржымалын баяндаган спектаклди коюуга даярданып жатабыз. Өзүбүзгө 1 саат гана түштөнүүгө убакыт бөлүүдөбүз. Ошол учурдан пайдаланып, “толуп кеттик” деп спорт менен машыгып жаткан элек, ошого тердеп кеттим.


АЗИЗ МУРАДИЛЛАЕВ
Туулган жылы – 1978-жыл, 12-июль
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.
Тартылган тасмалары – “Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты”, “Карагыз”, “Жараланган турна” ж.б.
Билими – Москвадагы Щепкин атындагы институтту аяктаган.

– Азиз, алгачкы сахна сүрү эсиңиздеби?
– Ата-энем театрда иштегендиктен, кичине кезимде эле сахнага чыгып баштагам. Мектепте окуп жүргөн кезде кичине балдардын ролуна көп чакыруу алчумун. Бир жолу “Катындын шайтаны семирсе...” деген спектаклде ойноп калдым. Болгону, “байке, тооктун жүнүн жулуп бүттүм, эми эмне кылайын?” деген сүйлөмдү айтыш керек эле. Ойноп кетип, спектакль башталганын унутуп калыпмын. Бир маалда мени таап келишти. “Чыкпайсыңбы?!” дешип ызы-чуу түшүшөт. Ошондогу актёрлордун көздөрү дале эсимде. Баары мени карап турушат, унутуп калбады бекен деп. Мен айтып коюп чыгып кеттим. Көрсө, спектаклди 15 мүнөт создуруп турушкан экен.


КАДР АРТЫНДАГЫ КЫЗЫКТАР

Камчы менен Аскат “Уурунун махабаты” тасмасына тартылып жүрүшөт. Кыш мезгили. Көл жээгинде тартылчу кадр бар болчу. Ошондо кыз машинасы менен сууга түшүп кетет эмеспи. Аны Камчы менен Аскат куткарышы керек эле. Ошол убакта Аскат Камчыны сынамакка: “Сууга секир”,- дейт. Камчы сууга секирет, анын артынан чочуп кеткен Аскат көлгө секирет. Кыш, суук, суудан араң чыгышат. Калчылдашат. Үшүп-тоңуп калгандыктан, суук тийип, Көлдөн кайтканда ооруп калышкан.

Эркин Эгембердиев “Ормон хан” аттуу спектаклде ойноп калат. Эркинге Күнболот Досумбаевдин шымын кийгизип коюшат. Шым абдан чоң болгондуктан, Эркин белин бууп алып саханага чыгат. Колун көтөрүп, “Ормон, Ормон!” деп кыйкырган жери бар эле. Улам кыйкырган сайын шымы түшүп кете берет. Шыпырылбасын деп Эркин улам бутун керип талтая баштайт. Дагы бир жолу “Ормон!” деп кыйкырганда шымы таптакыр шыпырылып калат. Ошондо залдагы эл кыраан-каткы күлкүгө бөлөнүп калышкан.

“Демдин” жигиттери аялдардын көйнөктөрүн кийип “Беш ыргай” бийин бийлеп киришет. Баары чогуу отуруп бийлеген жеринде Камчынын көйнөгү айрыла баштайт. Улам кыймылдаган сайын көйнөгү айрылып, эң акырында таптакыр жыртылып калат. Ошентип, сахнада өздөрүн араң кармап турган балдар көшөгө артына өтөрү менен жарылышат.


“ДЕМДИН” ДЕМИ

  • “Дем” театрынын түзүлгөнүнө ноябрда 7 жыл болот.
  • Кыргыз драма театрынын жаш артисттери өзүнчө театр ачып, бирок ылайыктуу ат таппай, кыйла жүрүшкөн. Анан “элибизге дем-күч берели, жүзүнө күлкү тартуулайлы” деген ниетте “Дем” деген атка токтолушкан.
  • “Демдин” негиздөөчүлөрү – Назым Мендебаиров, Марат Козукеев.
  • Аскат Сулайманов, Данияр Жанжигитов театрдын артисттерине берилген үйдө жашашат.
  • Сахнада гана жолукпастан, бири-бирине моралдык, материалдык жардам көрсөтүп турушат. Жакшылыктарына чогуу күбө болушат.
  • Корпоративдик кечелерге, тойлорго чакыруу алышып, өздөрүнүн тамашаларын тартуулашат.
  • Актёр Аскат Сулаймановго Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгы ушул жылдын 10-апрелинде берилмек. Бирок 7-апрель окуясы болуп кетип, ошондон бери дайын жок.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
amantur
2010-10-08 17:15:20
"Лоббис” тасмасында роль жараткан.
Лоббис эмес лоббист
0
ХАНЗАДА
2010-10-08 17:15:32
амантур, лоббист эмес, лоббис
0
milli
2010-10-08 21:14:14
DEM jakshy, azamatsynar!!!
0
Tokmok
2010-10-09 01:48:53
DEM abdan jakshy, talantuu myrzalar....Iyigilik!!!
0
Саби
2010-10-10 14:02:45
Демде дагы Жениш жеген жигиттер иштечу эмес беле аларды эмнеге жазган жоксунар.Ичпечи апага тартылган кличкасы Кооз же ал иштебей калганбы?
0
Nuray
2010-10-11 02:20:35
Аскат Сулайманов, Данияр Жанжигитов театрдын артисттерине берилген үйдө жашашат
________________________________________________
Oshol yilördy "berdik" degenden ujalyshsa bolmok bizdin mamleket; BOMJtun jat4u jerindey bolgon
0
lira
2010-10-11 11:24:19
Nuray...
Siz akterlorubuzdun turak jaiy j-o maalymatty jaiganga akynyz jok bolush kerek...Jeke jashoosuna shek keltirip jatasyz!!!
Men anyn 4yn je kalpin bilbeim, birok turak jaiyn emes,talantyn kep salsanyz...
0
Nuray
2010-11-30 01:37:20
urmattu "lira", menin birin4iden kaalagan nerse jonyndo jasganga akym bar, jasgym kelse; ekin4iden, jakshylap okup chyksanyz, men al maalymatty jasgan jokmun, men JASYLGAN maalymatka gana kommentariy kyldym.

Bul baldardyn talantyn bilgen y4yn, jasgam "ujalsa bolmok okmot, al yilordyn bergenden" dep. Tyshynyshtykpy?
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан