SONY КОМПАНИЯСЫ ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА ЖҮРӨ ТУРГАН КОНДИЦИОНЕР ЖАСАДЫ

Эшикте жүргөн убакта сууктан кантип сактанууга болот? Sony компаниясынын адистери буга жеңил ыкма таап чыгышты. Компания кийимдерге салына турган, суукта 5 градуска жылыта алган (же ысыкта 5 градуска салкындаткан) кичинекей Reon Pocket гаджетин иштеп чыкты. Муну колдонуу үчүн футболканын ички чөнтөгүнө салып койсоңуз эле жетиштүү. Sony компаниясы буга ылайыкталган атайын чөнтөгү бар футболкаларды да сатат. Бирок ага акча коротуп отурбай чөнтөктү өзүңүз тигип алсаңыз деле болот.

Гаджетти иштетүү үчүн смартфонго акысыз тиркемени жүктөп, керектүү иштөө режимин тандап аласыз. Гаджет денеге тийгенде (кездеме аркылуу) иштейт. Батарейкасы 2-4 саатка жетет. Учурда Reon Pocket гаджети Япониянын онлайн дүкөндөрүндө болжол менен 170 долларга сатылууда.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан