АКШнын армиясы нейробиология илимин өркүндөтүү долбоорун каржылайт. Бул долбоор согуш майданында жоокерлердин бири-бири менен баарлашуусуна мүмкүндүк берүү үчүн адамдын оюн окуй ала турган системди түзүүгө багытталган.
Процессти тездетүү үчүн Армиялык изилдөөлөр башкармасы (ARO) алдыдагы беш жыл ичинде изилдөө жүргүзүүгө 6 миллиондон ашуун доллар бөлдү. Эксперттердин айтымында, бул технологияны иштеп чыгуу болжол менен 20 жылга созулушу мүмкүн. ARO нейробиологдору буга чейин мээ иштеп чыккан нейрон сигналдарын чечмелеп, анализдөөнү үйрөнгөндүгүн жарыялашкан.
Гулийпа Маметосмон кызы