Лондондун селсаяктары Рождество майрамына карата 2 апта бою бардык шарты бар мейманканаларда жашашмакчы. Алар мейманканадан 3 маал тамактанып, атактуу жылдыздардын концерттерине онлайн күбѳ болушат. Бул тууралуу The Sunday Times жазды.
Кайрымдуулук уюмдары жыл сайын селсаяктарды чогултуп Рождество майрамында жатаканаларга жайгаштырып келишкен. Учурдагы пандемияга байланыштуу быйыл мейманканаларга жайгаштырууну чечишкен. Лондондун айрым мейманканалары селсаяктарды арзандатылган баалар менен кабыл алууга макул болушту.
Отелдерде селсаяктарга 517 номер даярдалган. Аларга 3 маал тамак номерлерине чейин жеткирилип берилмекчи. Мындан тышкары аларга медициналык кароо жүргүзүлүп, Рождество түнү экрандардан Элли Голдинг, Имельда Стонтон жана Жонатан Прайстын концертин онлайн кѳрѳ алышат.
Гүлжан Асанкожоева