«Энергия» ракеталык-космостук корпорациясы орусиялык жаңы орбиталык тейлөө станциясын ишке киргизүүнү сунуш кылды, ал планетанын бардык жерин бир эле учурда байкап тура алат.
Корпорациянын маалыматы боюнча, станцияны 400 чакырым бийиктиктеги жана 98 градуска жантайган орбитага жайгаштыруу пландаштырылууда. Бул ага Жердин толук көрүнүшүн кабыл алууга мүмкүндүк берет. Ошентсе да анын негизги максаты – Арктика жана Түндүк деңизине байкоо жүргүзүү. Белгиленгендей, мындай станцияны түзүү долбоору уникалдуу. Бирок анын дизайны орусиялык “Мир” станциясына окшош болот. Анда коммерциялык жактан 4 туристке ылайыкталган кеминде беш модуль болот.
Учурда илимпоздор лабораториялык маймылдар менен тажрыйба жүргүзүп, алардын мээ сигналдарынын үлгүлөрүн чогултуп, салыштырып жатышат.
Гулийпа Маметосмон кызы