Ливерпуль шаарынын тургуну дос-тааныштарына «ѳлүм алдында жатам» деп жар салып, акча чогулткан. Ал каражатты үлпѳт тоюна жумшоону кѳздѳгѳнүн Daily Mail басылмасы жазды.
29 жаштагы Тони Стенден аттуу кыз дарыгерлер андан залалдуу шишик табышканын, ага 2 айдан кем эмес жашоо гана калганын жар салган. Стенден тууралуу мындай маалыматты уккан дос-тааныштары колдоо кѳрсѳтүү максатында 8,5 миң фунт стерлинг (972 365 сом) чогултуп беришкен.
Чогулган каражатка Тони Стенден сүйүктүүсү менен үлпѳт тоюн уюштуруп, бал айын Түркияда ѳткѳрүүнү пландап жаткан. Кийинчерээк акча чогултуп берген тааныштары анын калпын билип калып сотко беришкен. Сотто Стенден күнѳѳсүн моюнга алган. Учурда аны кандай жаза күтѳрү сотто каралууда.
Гүлжан Асанкожоева