ВЕЙП ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНБЫ?

Электрондук тамеки же вейп 2003-жылы Гонконгдо пайда болгон. Продукт 10 жылдан кийин популярдуу болуп, бүткүл дүйнѳгѳ жайылып, бүгүнкү күндѳ тамеки тартуунун салттуу түрү менен атаандашып келүүдѳ. Азыркы учурда биздин ѳлкѳдѳ да пайдаланылып жатат. Бирок бул эмне? Вейп менен кадимки тамекинин айырмасы кандай? Ал зыяндуубу? Ушул тууралуу айтып беребиз.

ЭЛЕКТРОНДУК ТАМЕКИНИН АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Электрондук тамеки тууралуу билүү үчүн Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонологу Азамат Акылбековго кайрылып кѳрдүк:

– Алгач электрондук чылымдын курамындагы заттарга токтололу, адам дем алууга ыңгайлашкан жогорку басымдагы түтүк аркылуу организмге никотин кирет. Андан чыккан түтүн ар кандай жыпар жыттуу суюктуктан турат. Түзүлүштүн ичиндеги ингалятор ысып, тамекинин түтүнүндѳй зат бѳлүнүп чыгат.

АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Жѳнѳкѳй тамекиге салыштырмалуу электрондук тамекинин курамында чайыр жок. Ушул себептен кээ бир жарандар электрондук тамекиге ѳтүшѳт. Ал күйбѳйт. Болгону ичинде ысытуучу элементи бар. Батарейка менен иштейт. Кнопканы басканда ысытуучу элемент жылыйт.

ЗЫЯНЫ

Жѳнѳкѳй тамекиге салыштырмалуу зыяны аз. Кадимкидей эле ѳпкѳгѳ никотин барат. Ичиндеги суюктук глицериндин базасында жасалган. Тамекинин буусу аны чегип жаткан адамга да, анын айланасындагыларга да кайсы бир деңгээлде зыян. Азыр кафе-ресторандарда электрондук тамеки чегүүгѳ уруксат берилип жүрѳт. Аны зыянсыз дегенге далил жок, бирок дүйнѳ жүзүндѳ бул жаатта изилдѳѳлѳр жүрүп жатат.

Кѳп учурларда электрондук тамекини жѳнѳкѳй тамекини таштоо үчүн чегишет. Менин кѳп бейтаптарым жѳнѳкѳй тамекиден электрондук тамекиге ѳтүштү. Арасында тамеки таштагандары да бар. Бирок бул эң жакшы ыкма эмес. Анткени кийин кайра эле тамеки чегип алышы мүмкүн. Биз дарыгер катары тамекини таштоонун башка жолдорун сунуштайбыз. Мисалы, чылымды таштатуучу атайын дарылар бар.

“ЗЫЯНДУУЛУГУ ЖАКТАН КАДИМКИ ЧЫЛЫМДАН АЙЫРМАСЫ ЖОК”

Ал эми пульмонолог Жыпара Кемеловадан тѳмѳнкүчѳ жооп уктук:

– Вейптин курамында да кадимки тамекидеги никотин бар. Андыктан электрондук чылым кадимки чылымдан айырмаланбайт. Анысы аз келгенсип никотин ысык чыккандыктан ооз кѳңдѳйүнѳ түздѳн-түз зыянын тийгизет. Себеби тамеки организмге ар кандай жыпар жыттар менен кошулуп кирип, рак клеткаларын козгойт. Чылым ѳндүргѳн ири компаниялар азыр электрондук тамекини “чылым чегүүнү таштоонун альтернативасы” деп айтып жатышканы – таптакыр жаңылыш маалымат. Тескерисинче, чылым чыгаруучулар кардарларды кѳбѳйтүү максатында жасап жаткан атайын жарнамалык иш десек болот. Жыйынтыктап айтканда, электрондук тамеки кадимки тамекидей эле адамдын ѳмүрүнѳ жана ден соолугуна реалдуу коркунуч туудурат.

ВЕЙП КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?

Электрондук тамекинин пайда болушу ѳзүнчѳ эле кызыктуу окуя. Тактап айтканда, тамекинин электрондук аналогун ойлоп табуу аракети 20-кылымда жасалган. Дүйнѳдѳ мындай шаймандарга 40тан ашуун патент алынган.

Кытайлык фармацевт Хон Лик ушул шаймандарды бириктирип, жалпылап, 2003-жылы ѳзүнүн нускасын коомчулукка сунуш кылган. Буга эмне түрткү болду деген суроого, ал ѳзү тамеки тарткан жаман адатты жеңгиси келгенин айткан. Кийинчерээк Хондун атасы дагы чылымдын курмандыгы болуп калган. Лик ѳзүнүн ачылышына патент алганга чейин атасы ѳпкѳ рагынан кѳз жумган.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2020-12-09 20:41:05
Артыкчылыгы-чайыр жок дейт. Чайыр - бул никотин эмеспи? же мен туура эмес тушунуп алдымбы?
+1
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан