СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Эмне, макул болгон жатасыңбы?
– Сага айтуу жеңил. Күнү кечке бала менен алышып отурсам, кечинде келип же жылуу сөз айтпайсың. Келе элек жатып каарый баштайсың. Анан дагы мага айтып коёт “үйдө отур” деп... Ах, үйдө отурган аялдарга кандай гана боорум ачыйт. Байкуштар...
– Менин оюмча, үйдө отурган аялдар эң бактылуу аялдар. Алар жашоосундагы эң ыйык миссияны аткарып жатышат. Түшүнбөйм, сага эмне жетишпейт?
– Мага мамиле жетишпейт. Кечке жалгыз отурам.
– Анда жаныңдан чыкпай отуруп алайын, ошондо сага жакшы болобу? Эмне деп жатканыңды өзүң сезип жатасыңбы? Экөөбүздү балабыз менен кошуп ким багат?
– Мен сени үйдө отур деп айткан жокмун. Мен жумушка чыгып иштейм деп жатам. Баланы апам багып берет.
– Сага чындап жин тийген окшойт, Айнура. Эмчектеги үч айлык баланы апаң кантип багат?
– Багат. Жумушка чыгам дедим, чыгам.
Айнура Рустамды тиктеп тура берди. Чын эле акылга сыйбаган иш экенин сезип турат дечи. Бирок Рустамдын өзүнө болгон мамилеси өзгөрбөгөнүнөн улам ушул ишке барууну чечкен эле. Атактуу акын Абай “сүйбөгөн аялдан сүйкүмдүү балалуу болдум“ деп арман кылгандай, баласын жанындай жакшы көргөнү менен, аялы экөөнүн ортосундагы мамиле муздак боюнча калган. Канчалык байкамаксан болсо да, Айнура муну сезип турчу. Аялы менен урушкусу келбеген Рустам баласын бооруна кыскан боюнча терс бурулду. Жанында бир аз турса андан да жаман сөздөр айтылып, көңүл каларын ойлоп, ичи муздап кетти. Ансыз да бир жуманын төрт күнүн уруш менен өткөрүп жатышкан. Рустам баласын жылуу кийинтти да, сыртка багыт алды.
– Баланы үшүтөсүң. Кайда алып барасың?
– Сага баары бир эмеспи?- бурк эткен Рустам аны карап да койгон жок. Айнуранын кыйкырганын элес албай, колундагы бала менен көчөгө чыкты. Сыртка чыгып эмне кыларын билбей басып жүрүп, азгырыктуу ой дилине орной түштү. Андан аркысын таразалап ойлонууга чамасы келбеди. Машинесине тез отуруп, баласын арткы орундукта турган себетке салды да, тааныш үйдү көздөй айдап жөнөдү.

ххх

Эшиктин коңгуроосу тынбай чырылдап жатты. Айданага Рустамдын коңгуроо басканы да тааныш болчу. Кулак төшөп, тунжурай түштү. “Ошол!” деп алды алдастаган ою. “Жок, ал кайдан келмек эле?” деди ага каршы ойлору. Тез барып эшикти ачып жиберип, көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Колундагы үч айлык наристени кучактаган Рустам босогодо турган эле.
– Сен?!
– Айка...
Айдана бирде Рустамдын жалдыраган көздөрүнө тигилип, бирде колундагы кыбырап жаткан балага тигилип дендароо болуп тура берди.
– Эмне келдиң?- деди алсыз шыбырап. Ушуну эле күтүп тургансып, көзүнөн бермет жаштар куюлуп кетти.
– Билбейм, Айнура менен урушуп сыртка чыккам. Кайда барарымды билбей сага келдим. Кечирип кой. Кет десең, кетип деле калам. Бирок...
– Кет! Кетип калганың оң. Жараатымдын картын кайра-кайра сыйрый бербей кетип калганың жакшы.
Башы шылк дей түшкөн Рустам айласыз артка кайрылды. Айдана Рустамдын уулун көргүсү, колуна алгысы келип кетти. Жакында чет өлкөгө кетет. Балким, бул акыркы жолугушуудур... Ушул ой келгенде кантип кыйкырып жибергенин сезбей калды.
– Токто...
Бир аз убакыттан кийин наристени ортого койгон экөө сөздү эмнеден баштаарын билбей отурушту. Ымыркайдын үн салганынан, колу-бутун тыбырата күлүп жатканынан Айдана көзүн тартып ала албай отура берди.
– Аты ким?
– Айдин.
– Балалуу болгон бакыт чыгар...
– Бакыт экен. Бирок жанымдын жартысы сенин жаныңда калгандай кыйналып жүрөм. Билбейм, жашап кетем, көнүп кетем деген сайын Айнура экөөбүздүн арабыз ачылгандан ачылып баратат. Ал нерсени бала менен бүтөй албайт экенсиң. Кечир, келип алып мага айтканы ушул дээрсиң. Сенден башка акылдашар адамым жок.
Айдана үн каткан жок. Баланы колуна алып балапан жытын искеп, ыйлап жаткан жүзүн жашыра берди. Анын үнсүз ыйлап жатканын Рустам сезди. “Сен, балким, менин балам болмоксуң. Мен сени кандай гана жакшы көрөт элем. Бирок болбоду. Эми алыска кетип баратам. Атаңды унутуш үчүн, жаңы турмуш башташ үчүн ошол кадамга барганга аргасызмын”.
Үнсүз жымжырттыкта отура беришти. Ортосундагы бала эринин соро уктап калган. Анын чукуранып кеткенинен Айдана селт дей түштү.
– Эми сен үйгө бар. Баланын курсагы ачты окшойт. Келгенден бери бир топ убакыт өттү.
– Сен өзүң тууралуу эч нерсе айтпа­дың го.
– Менде баары жакшы. Концертим жакшы өттү. Жакында Түркияга кеткени жатам. Окуумду ал жактан улантууну чечтим. Алым байке баарын уюштуруп берди.
Рустам Айданага жалт карап алды. Кызганууга эми акысы жок экенин сезгени менен, көздөрү кызарып азыр Алымды көрсө басып жыгылганга даяр эле.
– Демек, баары чечилген экен да.
– Ооба, мени бул жакта кармай турган эч нерсе жок. Апам болсо эч кайда кетпейт элем. Ал эми өгөй атам үйлөнүп алганын уктум. Иним болсо окуп жүрөт. Колумдан келишинче каралашып турам.
– А менчи?
– Сенби?- аргасыз жылмайып алган Айдана күлө сүйлөдү.
– Сен жалгыз эмессиң. Уулуң бар өзүңө окшогон. Аялың, апаң, атаң бар. Сен бактылуу адамсың, Рустам. Эмне кааласаң, сенде баары бар.
– Мен эң бактысыз адаммын. Анткени сени жаныма сактап кала албадым. Сенин жаныңда гана өзүмдү бактылуу сезмекмин.
Айдана мындан ары угуп турганга чыдабай кетти. Ордунан туруп колундагы наристени атасынын колуна берди да, шуу үшкүрүп алды.
– Рустам, сен мен билген адамгер­чиликтүү, бийик, боорукер адам катары калышыңды каалар элем. Сага болгон ак сезимиме кир жукпашын каалайт элем. Турмуштун майда-барат нерселерине чалынып мүңкүрөбө, сүрдөбө.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан