"АЙЫЛ БАНК" КОЛДОГОН ИРИ ИШКАНАЛАР КАЛККА САПАТТУУ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮДӨ

Кара-Кече өлкөдөгү эң ири көмүр кени болуп эсептелинет. Көмүр ачык казып алуу жолу менен алынып, өлкөнүн түндүк тарабына жана Бишкекке жеткирилип турат.

"Техно-Центр" компаниясы ушул иш багыты үчүн каралган атайын техникаларды сунуштоо аркылуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кошо иш алып барган компаниялардын бири.

Компания 2012-жылы негизделип, өз ишин Түштүк Кореядан ар кандай техникалар үчүн тетиктерди, зарыл материалдарды алып келип, аларды сунуштоо менен баштаган.

«Кара-Кече карьеринде биз сунуштаган атайын техникалар иштеп жатат. Демек, калайык-калк үчүн көмүр отунун казып алууда биздин салымыбыз да бар деп ишенимдүү айта алам. Пандемия учурунда да иш ыргагы токтоп калган жок. Жигердүү иштөөгө ушул жылдын август айында “Айыл Банк” аркылуу лизингге экскаватор техникасын алуу да өбөлгө түздү»,- деп белгилейт «Техно Центр» ЖЧКсынын директору Мэлс Эркинбек. Мындан тышкары компания “Айыл Банк” аркылуу финансылык лизинг шартында экинчи жолу R380LC-9SH үлгүсүндөгү HYUNDAI каз таман экскаваторун сатып алууга жетишкен. Ошентип, таасирдүү эки техника тең учурда эл кызматында иштеп жатат.

«Эки жыл мурда биринчи жолу “Айыл Банкка” кайрылганбыз. Тажрыйбанын жоктугунан тиешелүү документтерди топтоого бир айга жакын убакыт кеткен. Экинчи жолу алда канча жеңил болуп, сунушталган документтер топтомунун негизинде кыска убакыттын ичинде биздин долбоор колдоого алынган»,- деп кошумчалады Мэлс Эркинбек.

– Сентябрь айындагы жер көчкүдөн улам жол жабылып калгандан кийин Транспорт министрлигинин талабы боюнча атайын техникалар жаңы айланып өтүүчү жолду куруу ишине тартылган, анткени убакытты текке кетирбей, көмүр казылып алынуучу тилкелерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл эле. Токтоп калбай, үзгүлтүксүз иштөө – мына ушул жаңы техникалардын эң негизги артыкчылыгы.

HYUNDAI экскаваторлору, ушул үлгүдөгү башка техникалардай эле рынокто татыктуу суроо-талапка ээ. Анткени бул үлгүдөгү техникалар тоолуу аймактагыдай эле шаар жеринде дагы иштөөгө жөндөмдүү экендигин иш жүзүндө тастыктай алды.

"Техно-Центрде" механиктер, менеджерлер жана айдоочу-операторлордон турган 40ка жакын адам иштейт. Ири курулуш компаниялары, Бишкек шаарынын мэриясы жана көптөгөн жеке ишкерлер, ошондой эле катардагы жарандар да анын кызматынан пайдаланып жатышат.

Эскилиги жеткен техникалар менен иш алып баруу жагында да тажрыйбабыз бар. Материалдарга кеткен чыгымдарды, башкача айтканда, оңдоп-түзөө иштери, тетиктерди сатып алуу, алмаштыруу жана башкаларды эске алганда да алардын ортосунда чоң айырмачылык бар.

“КОМПАНИЯ ООР ТЕХНИКАЛАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АТКАРЫЛУУЧУ КЫЗМАТТАРДЫ ДА КӨРСӨТӨТ”

– Эрежеге ылайык, атайын техникалар пландаштырылган оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, алардын майын жана чыпкалоочу тетиктерин алмаштыруу зарыл. Негизинен, эски техниканын убарачылыгы көп, ал эми бул түпкү кирешеге кедергисин тийгизген чыгымдардын келип чыгышын шарттайт.

Түштүк Кореядан Бишкекке атайын техникаларды алып келип, аларды эл кызматына сунуштоо “Техно-Центр” компаниясынын негизги иш багыттарынын бири.

"Техно-Центр" “Айыл Банктын” кардары гана эмес, аны менен уникалдуу эксклюзивдүү келишим түзгөн сунуштоочу да болуп саналат. Компания мурда колдонулган атайын жабдууларды кепилдиги менен, тейлөө жагынан колдоого алуу шарты менен лизингге берет.

Компаниянын жалпы иши менен кеңири тааныштырган соң банктын иши ишенимдүү алга илгерилеген бул кардары ири инвестициялык долбоорду да пландаштырып, банктын өкүлдөрү менен бул маселени учурда кылдат талкуулап жатабыз.

Атайын техниканы лизингге төмөнкү шарттарда алууга болот:

Пайыздар: сом менен 14%дан, АКШ долларында 9% жогору.

Мөөнөтү: 6 жылга чейин.

Кеминде 10% өздүк салымдын болушу талап кылынат.

Лизинг предмети милдеттүү түрдө камсыздандырылышы зарыл.

КРУБ №048 ЛИЦЕНЗИЯСЫ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан