КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН АЯЛЫМДАН АЙРЫЛГАМ

Ар бир адам бактылуу болуу үчүн аракеттенип, жок дегенде ийненин көзүндөй бакыт тапканга тырышат. Бирок, өз бактысын өзү чанган мендей адамдар да болот экен. Өкүнүч өзөгүмдү өрттөп, көөдөнүм жанчылат. Өз бактысынын тамырына өзү балта чапкан мендей адамдын баяны, балким, көптөргө сабак болоор... - деп өз баянын баштады жашамал адам.

БАКТЫМА ЖОЛУКТУМ

Кызык, мен аны биринчи көргөн­дө эле менин бактым экенин сезген элем. Бактыма жолугууга досторум себепчи болгон. Ошол күнү көптөн бери жолуга элек досторум менен кезигип калдым. «Бүгүн конок­ко барабыз. Ырас жолукпадыкпы»-деп гүүлдөгөн досторум мени өз тобуна кошуп, сүйрөп кетишти. Досум Касымдын сүйлөшкөн кызынын туулган күнү экен. Белек-бечкегибизди алып, топурап жөнөп калдык. Биз барганда кече өз көркүнө келип калыптыр. Бир топ кыз- жигиттер бийлеп жүрүшөт. Менин көңүлүм столдун четинде ойлуу отурган кызга түштү. Колун чекесине таянып, көздөрү санаалуу.
– Каракөз, сен эмне эле бүгүн башкачасың?
– Келсең, бийдин көркү элең го...
Дуулдашкан курбуларына муңайым күлүмсүрөп койгону менен ордунан козголбоду.
– Мени жөн койгулачы, кыздар, мен ушундай эле отурам.
Азыраак дирилдеген үнү башкача назик экен. Билбейм, негедир ошончо кыздын ичинен менин көңүлүм ушул кызга түшүп туруп алды. Жанына бардым.
– Сизге мүмкүнбү?
Жалт караган көздөрүндө «жайыма койгулачы?!» деген жалыныч да, өтүнүч да бар эле. Бекеринен курбулары «каракөз» деп аташпаса керек. Кыздын капкара каректери куду жазгы жамгырга жуулган карагаттай мөлтүр эле.
– Атыңыз өзүңүзгө жарашат экен,– дедим мен.
– Жок, менин атым Каракөз эмес, Мунара.
Мен кызга обу жок жабышпай, сыпайы мамиле кылганым үчүнбү, кыз жылуу сүйлөшүп, кээде күлүп калып жатты. Бирок, карегинин түпкүрүндөгү суздукту канчалык аракет кылсам да кууй албадым. Кезигип турууну сунуш кылсам да, башын аста чайкап макул болбоду. Ошол күндөн кийин дарты жок ооруга кабылдым. Көз алдымдан муңайым жылмайган Мунаранын элеси кетпейт. Кызды сыртынан эле акмалап, караанын көрсөм ошого ыраазы болуп жашап калдым. Көңүлүмө бүлүк салган Мунара экенин досум Касымга четин чыгарсам күпүлдөп коё берди.
– Ой, анчалык эмне эле кыйналасың? Сенин көңүлүңө жакса эле болду. Айчүрөк болсо да макул кылабыз.
Аны уккан Ырыскүл кашын серпе жактырбай сүйлөдү.
– Жөн эле көлөкөгө тон быча бересиңер. Анын деген...– деп барып мукактанып калды.
– Эмне болду?
– Анын учкуч жигити бар. Бирок, көптөн бери кабарсыз кетти. Ошон үчүн...
Жүрөгүм «тыз» дей түштү. Дароо Мунаранын кусалуу көздөрү көз алдыма келди. Ордумдан туруп басып кеттим.

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ

Артынан түшүп жүрүп акыры Мунараны алакачтым. Анткени, мен аны күн алыс көрбөй жашай албай калгам. Буркурап боздогон Мунара акыры башына ак жоолук салынып, тагдыр буйругуна баш ийип берди. Ошентип, тойду баштап жибергенден кийин агасы менен жеңеси кууп келсе болобу?!
– Силер кимсиңер, ыя? Окуп аткан кызды ала качып... Мен силерди соттотом! Кана менин карындашым? Бол, көрсөткүлө...
Эч кимдин сөзүн укпаган агасы демите сүйлөп, түз эле көшөгөгө карап басты. Суроо артынан суроо узатты.
– Мунара, алакачып келгени чынбы?
– ...
– Мунара, аркаңда эч ким жок деп ойлобо. Азыр күлүн көккө сапырып туруп...
– Аке, мен... мен кете албайм. Эми кеч. Аттап кирген босогону кайра аттап кете албайм,– дирилдеген Мунаранын үнү чечкиндүү эле.
Азыркыга чейин эмне үчүн Мунара антип калып калганын түшүнбөй келем. Делбиреп жүргөн апамды аядыбы же ансыз жашай албай калган мени аядыбы, билбейм. Ошентип, айдай сулуу Мунара менин аялым болуп калды. Менин бактымда чек жок эле. Окуусун сырттан бүтүрөм деп Мунара биздин айылга мугалим болуп орношуп алды. Жай турмушубуз уланып жатты. Мунара эл оозуна алынган ыймандуу келин болуп чыкты. Жыл айланбай балалуу да болдук. Сыртынан караганда, биздин жашообуз адам суктанаарлык болчу. Бирок...

АЧЫЛБАГАН СЫР

Мунарага суктанбаган адам жок эле. Мендеги кызганычтын башаты да ошондон улам болдубу деп ойлойм. Анан калса, элдин аялдарындай мага эркелеп, жароокерленген адаты жок. Ким билет, балким, анын табият берген мүнөзүдүр... Бирок, эч качан мага ачылып сырын айткан жок. Баягы биринчи көргөндөгү кара мөлтүр көздөрү дагы деле бир сырды жашыргандай телмире берчү. Башында көп көңүл бурбасам да, кийинки кездери ушул нерсе жанымды курттай жеп туруп алды. «Эмне кеч келдиң? Кайда жүрөсүң? Сен аны менен соо эмессиң...» Жумушунан келген аялымды ушул сөздөр менен каршы алуу мага адатка айланды. Бул сөздөр анын жанына таштай батып бара жатканын сезсем да, кимдир бирөөдөн кызгана берчү болдум. Өзүмдү да, аны да кыйнаган бул сезимден кантип кутулаарымды билбей жүргөндө көкүрөгүмө дагы бир шек түштү. Биздин айылдын мектебине жаңы директор келип калды. Жаш, өзүнө-өзү ишенимдүү бул жигитти баары эле сөз кылып жатышты. Мен дагы Мунарадан сурап калдым.
– Баары эле жаңы келген жигитти мактап жатышат. Кандай неме экен?
– Билбейм, мага өзгөчөлүгү деле билинбеди. Жөн эле элдин сөзү болсо керек.
Мунаранын бул жообу ого бетер безиме тийди. Мени атайлап басынтып жаткандай сезилди.
– Сага баары бир экен да, ээ?
– Болдучу, сенин ашыкча кызганчаак экениңди элдин баары сөз кылып жатышат. Анчалык эмне күнөөм бар сенин алдыңда?
– Күнөөң... күнөөң мага мени сүйүп тийген эмессиң!
Мунара бул сөздөрдөн камчы менен чапкандай «селт» эте түштү.
– Эмне дедиң?
Мен буулукканымды жашырып, бурулуп кеттим. Көптөн берки көкүрөгүмдөгү дартымды айтып алып жеңилдей түшкө­нүмдү сездим.

КОРКУНУЧТУУ ОЮН

Мунаранын ак экенине канчалык ишенсем дагы көкүрөгүмдөгү кызганыч мени ар түрдүү ойлорго түртө берчү болду. Ушинтип эзилип жүргөнчө аялымды текшерип көрүүнү чечтим. Бул оюнум өз башыма муш болоорун ошондо эле билсем кана...
Бир күнү Мунарага кимдир бирөөнүн атынан, болгондо да жанагы жаңы келген директордун атынан кат жазып жибермей болдум. Оюмда Мунаранын мага канчалык деңгээлде туруктуу экенин билүү эле. Калем сабымды алдым да, атайын өзүмдүкүнө окшошпогон кол жазма менен кат жазууга кириштим. Катта мен (директор) Мунараны биринчи көргөндө эле сүйүп калганымды, ошон үчүн бул мектептен кете албастыгымды, ансыз күнүм караңгы экенин, дагы далай нерселерди жаздым. Ошол күнү мектептин далдоосунда туруп, кетип бара жаткан кичинекей баладан катты берип жибердим.
– Мектепте иштеген Мунара деген эжекеңди билесиңби?
– Билем.
– Анда ошол эжеңе алпарып берип кой. Эч кимге бербе андан башка. Эгерде тапшырманы жакшы аткарсаң, мен сага конфет сатып берем.
Кичинекей бала башын элпек ийкеп алып жүгүрүп кетти.
Кечинде адатынча жумуштан келген Мунараны байкап отурдум. Мурдагы эле токтоо жүзү, ойлуу көз карашы... Ансайын жинди болуп кетчүдөй буулугам.
– Жумушта кандай жаңылыктар?– дейм сынамакка.
– Эч кандай деле жаңылык жок,– Мунара кызыбызга тамак берип жатып кайдыгер унчукту.
– Апа, сен жумушка барбай эле койчу, биз менен, чоң энем менен үйдө калсаң жакшы болот эле,– деген кызымдын эркелеп айткандарына күлүп койду.
Турмуш жай гана өз нугу менен өтүп жаткандай. Бирок, менин ички дүйнөмдө бурганак болуп жатканын эч ким билген жок. Мунаранын зымпыйган жүзүн көрүп алып ого бетер жаным кашаят. Эч нерсе менен иши жоктой жүргөнү ого бетер шегимди арттырат. «Жок дегенде «мага ушинтип бирөө кат жазып жатат» деп айтып койсо боло... Демек, бир нерсеси бар. Болбосо мынчалык бейкапар жүрбөйт эле. Балким, чын эле ошол адам менен байланышы бар... Ушинтип ойлогон сайын жаным кашайып кетет. Күндө артынан аңдымайынча тынчыбас болдум. Бул окуянын аягы эмне менен бүтөөрүн билбей жүргөндө, кырсык таптакыр мен күтпөгөн жактан келди.
Эртең менен апамдын ачуулуу үнү мени уйкудан ойготту.
– Акмактар, кантип менин келиним туралуу ушундай кеп чыгарышты? Ким чыгарса да мен аны...
– Апа, эмне болуптур?
Апам жаштуу көздөрү менен мени карап калды:
– Мунарамды тигил директорго жакындаштырып... Кимдин гана оозу барды экен? Жапжакшынакай жүргөн келинимди... Оозуңа кан толгур...
– Апа...
Оозума сөз кирбей отуруп калдым. Ушул күндөн тартып биздин үйбүлөнү кайгынын кара булуту каптап алгандай болду. Жанагы директор тез эле башка айылга которулуп кетти. Кетип жатып Мунара экөөнүн ортосунда эч нерсе жок экенин айтып кеткен экен. Күндөн-күнгө Мунара чөгүп бара жатканын сезип жүргөм. Бирок, ошол жалган жалаанын автору өзүм экенин мойнума алып, айтканга даай албай жүрдүм. «Бүгүн айтам, эртең айтам» деп жүрүп таптакыр кеч болуп кетти.

«МЕН МЫНДАН АРЫ ЧЫДАЙ АЛБАЙМ...»

Ойгоно албай жатып, кимдир бирөө мени көпкө карап турганын сезип жаттым. Алтургай, мага бир нерсе деп жаткандай болду. Бирок, көзүмдү ача албай жатып уктап кетиптирмин. Түшүмө Мунара кирип жаткан экен. Апакай көйнөк кийип, чачын жазып алыптыр. Кайдадыр узак сапарга аттанып жаткандай. Анын мөлтүр көздөрү мени күнөөлөп тургандай, бир эсе кыйбагандай кылчактап жатып узай берди. «Жок! Берекем, сен кайда? Мени таштап кетпе! Токтоо...»– деп кыйкырайын десем үнүм чыкпайт. Мунаранын карааны менден алыстап бара жатты. Акыркы жолу бир кылчайып карап, мени менен коштошкондой болду. Канчалык түшүмдө жандалбастаганым менен Мунарага жетпей жатып ойгонуп кеттим. Шарт төшөгүмдү сыйпалап жибердим. Жок! Мунаранын орду эбак муздап калган экен.
– Мунара!
Бакырып жиберип, эшикке бой урдум. Сарайга бүлбүл жарык түшүп турган экен. Кирип барып калтаарый туруп калдым. Анткени... Мунарам шыпта суналып асылып турган экен.
– Бул эмнең? Кантип?
Мунарамдын бутун кучактап буркурап жибердим. Бирок, баары кеч эле. Небак денеси таш болуп тоңуп калган Мунарам менин боздогонума кулак салбай суналып, термелип турду. Ошондо жерде жаткан бир барак кагазга көзүм түштү. «Мени кечир, мага кайсы бир бузуку директордун атынан ашыктык катын жазган экен. Бирок, мектепте менден башка да Мунара деген аял иштечү. Кат менин колума эмес, ошол аялдын колуна тийиптир. Көптөн бери касын тигип жүргөн ал аял кат тууралуу элге жайып жибериптир. Эмне кылайын, ак болсом да элдин ушагына калдым. Өз үйүмө батпай калдым. Сенин баарын угуп туруп мага эч нерсе дебей койгонуң андан да катуу тийди. Эми мен минтип жаманатты болуп жашай албайм. Өз жанымды өзүм кыйып, бирок, бардык чындыкты сага жазып кетүүнү туура көрдүм. Мындан ары минтип жашай албайм. Ак элем, таза элем. Бирок, эч ким мага ишенбейт. Болгону, акыркы суранычым, кызыбызды жакшы асыра...»
Эки күндөн кийин Мунараны жайына койдук. Боздогон апам жана кичинекей кызым менен кала бердим. Ким эмне деп ойлоду, билбейм. Көрүстөндө башымды ийип турган мен бул өлүмгө күнөөлүү экенимди эч ким билген жок. Ошол күндөн ушул күнгө чейин оозу туюк жарадай кыйнап келген дартымды эч кимге айта албай келем.
Мунарам, күнөөсүз периштем! Жайнап турган жаш өмүрүңө кол салууга жеткизген мени тигил дүйнөдө да кечирбессиң. Бирок, мен сени эч кимди сүйбөгөндөй сүйчү элем. Ичимди өрттөгөн жалын мени ушундай ишке түрттү. Эми эмне болсо да баары кеч. Кийинки кездерде сенден кечирим суроо менен, арбагыңа багыштап куран окутуу менен эле жашап калдым. Күнөөмдүн оордугунан өз жанымды өзүм кыюуну да ойлогом. Бирок, кызымды томолой жетим кылгым келген жок. Жалгыз кызым үчүн гана жандуу сөлөкөт болуп басып жүрөм... Сенин көздөрүң мени түшүмдө да, өңүмдө да ээрчийт. Ошол көздөр менен сүйлөшүп гана жашап калдым. Көздөрүң менен гана сүйлөшүп... Көздөрүң менен...

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adilnur
2014-09-02 07:56:37
Уффф ииий мынча журокту ойуй турган нерсе гооо аттин.....
0
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан