АЙДАЙ

(Башы өткөн саныбызда)

Арстандын колунда сүлгү менен суу куюлган чөөгүн же болбосо шабдалы, жүзүм болот дайыма. Албетте, мунун баарын мага даярдап турат. Андан эрте турайын деп канчалык аракет кылсам да, жетишпей калам. Кээде ичим бышып “сен эмне, түнү бою уктабайсыңбы?” деп чапкылап жиберем. Ансайын Арстан жыргап күлүп калат. Мурун саат жетиге чейин көз ачалбай жатып араң баш көтөрүп, эртең менен тамак ичпей эле мектепке шашып жөнөчүмүн. Атам таң эрте жумушка кеткендиктен, менин курсагым ачпы-токпу, анча элес алчу эмес. Айрыкча үйгө Ажар келгени андай майда-чүйдөлөргө баш оорутпай калган. Эми Арстан келгенден бери эрте туруп бакты айлана чуркап, анан бактын этегиндеги турникке тартынмай адат таптык. Жанаша өскөн эки терекке турникти Арстан келгендин эртеси эле тыпыйтып жасап койгон. Таң эрте туруп алып чуркап жүргөнүн көргөндө алгач “обу жок” деп жактырчу эмесмин. Эми өзүм да чуркачу болдум. Анда да жөн чуркабай бири-бирибизди чалып, түртүп, жыгытып, айтор, ызы-чуу болуп чуркайбыз. Анан жетелешип келип чай ичип, мектепке жөнөйбүз. Экөөбүздүн ынтымагыбызды көргөн атам тимеле үстүнөн бир тонна жүктү алып койгондой жеңилдеп, жетине албай жүрөт. Ажар тууралуу айтпай деле койсом болот. Бирок аны менен дале сый гана бойдонбуз.
– Тиги Айдар эмне эле сени карай берет? Мени болсо жеп жиберчүдөй тиктейт.
Бир күнү Арстан суроо салып калды.
– Кайсы Айдарды айтасың?
Классташын айтып жатканын билип турсам да, калп эле өлүмүш болдум.
– Менин классташым.
– Мени тиктейби? Сага ошондой туюлса керек. Көп эле адам тиктейт да, мени.
– Жо-ок, бул башкача тиктейт. Сага тийишпей элеби?
– Тийишсе эмне кыласың?
– Жөн жүр дейм.
– Неге?
– Сага жигиттер менен сүйлө­шүүгө али эртелик кылат.
– Ооба, сен эле жетишпей жаттың эле. Атам, Гүлүм апа бассам-турсам моюн созуп тиктешип “кайда баратат, ким менен сүйлөшүп жатат?” дегенсип кайтара беришет. А сагачы, сүйлөшө берсе болобу?
– М-мм, мен токтолуп, оюн топтоп калган акылдуу, сындуу, келбеттүү, күчтүү жигитмин. Демек, кыздар менен каалагандай сүйлөшө алам!
– Тапкан экенсиң, “акылдуу, келбеттүүмүн” деп.
– Эмне, бирөөлөр кызыгып жатышабы?
– Калп эле билмексен болуп не кыласың?
– Чын айтам. Мага кимдер кызыгып жатышат?
– Өзүң байкап көр. Сокур эмессиң го.
Курбум Асел тууралуу айтып жибере жаздап, өзүмдү токтотуп шыпылдай басып жөнөдүм. Сырын сатып койгонумду билсе, курбум мени кечирбейт да. Ошол күнү бечара Арстандын айласы алты кетти. Менден бир карыш калбай ээрчип, “айтчы, кимдер?” дей берип чарчады. Аны суранткан да сонун. Көздөрүн жалжылдатып, суроолуу тиктеп тура берет. Айтканыңдын баарын аткарууга даяр. Кандай жумушуң болсо да бүтүрөт. Бирок өзүн келбеттүүмүн деп эсептегени жакпайт да. Ооба, келбеттүүсү келбеттүү дечи. Ошентсе да жигиттер ушуну айтып мактанбай эле коюшса. Ал айтпаса деле көрүп турбаймынбы.
– Айдай, менде жакшы жаңы­лык бар!
Бир күнү класска шашып кирген Асел кулагыма шыбырай мени колдон алып коридорго сүйрөп чыкты.
– Эмне болду, тынччылыкпы?
– Жок, тынччылык эмес.
Көздөрү күлүңдөгөн бул курбум дагы эмне жорук жасаганы турат?
– Дем алыш күнү Ала-Арчага барып эс алып келмей болдук!
– Ала-Арчага? Соо элесиңби, атам мобул турган Бишкекке жөнөтпөйт, анан Ала-Арчага суутуп коюптурбу? А кимдер менен?
– Аны сен билесиң...
– Экөөбүз барабыз дегени турасыңбы?
– Ооба. Ой, жок, экөөбүз анан дагы эки жигит.
Бул кайсы жыландын башын кылтыйтып, күлүңдөп жатат? Ким? Арстанбы? Жок, аны менен бармакчы болсок, мен биринчи билмекмин. М-мм, дагы ким бар эле? Айдарбы? Сары, мылжыйган Айдар көз алдыма келип, ичиркене түштүм.
– Таптыңбы?
– Жок, тапкан жокмун. Баргым да келбейт, тоого барабыз дегенди эсиңден чыгар!
Менден мындайды күтпөгөн окшойт, Асел мостоюп эле кала берди. А мен болсо күнү бою кыжынып жүрдүм. Эч нерсени жактырбай, кечке эле шарактап каткыра берген классташтарымдан эртерээк кутулгум, жалгыз калгым келип жатты. Акыркы сабакка чыдабай, баш ооруну шылтоо кылып суранып алып үйгө жөнөдүм.
Эгер маанайым биротоло бузуларын билгенимде сабакта эле эптеп чыдап отурмакмын. Мектебибизди курчап турган калың бактын имерилишинде мени ким күтүп туруптур дебейсизби? Ооба, мылжыйып Айдар туруптур. Көрмөксөнгө сала өтүп кетмекчи болдум эле, жолумду тосуп туруп алды.
– Кач!
– Бир мүнөткө токтой турчу, сүйлөшчү сөздөр бар эле.
– Сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок. Жолдон кач дедим!
– Билем, сеники жок, а менин айта турганым бар. Айдай, сен али жашсың, көп нерсени түшүнбөйсүң.
– Сен эле кыйратып баарын түшүнүп калгансып...
– Сөзүмдү бөлбөй тур. Ооба, азыр сага тиги шаардык жигит кызык болуп жатат. Өңү-башы, кийими, сүйлөгөнү, күндө сени менен таң эрте чуркаганы...
Бул эмнелерди балдырап жатат деги? Арстан тууралуу айтып жатабы? Түшүнбөй делдейип эле карап туруп калдым. Айдар кебин улады.
– Бирок эсиңде болсун. Ал сенин атаңдын аялынын уулу.
Акыркы ушул кебин бир башкача созуп, тимеле мени көзүмө чукугандай кол кезеп туруп айтты.
– С-сен, эмне деген тура­сың?
– Билмексенге салбай эле кой. Мурун кичине айланаңдагы жигиттерге назар салчу элең. Үйүңөрдө ушул бала пайда болгондон бери эч кимге көңүл бөлбөй калдың.
– Күлкүмдү келтирбечи, мурун сага кайрылып учурашып же сүйлөшүп жүрчү белем? Ал эми жанагы фантазияң өзүң менен калсын. Сага ошондой туюлуп жатса керек.
Ушул мылжыйган жүздү тиктеп тургум келбей, терс бурула жөнөдүм. Карасаң, тимеле мурун мен ага үзүлүп түшүп жүргөнсүп... Ушул маалда Аселдин сөзү эсиме тык келе түштү. Кайрылсам, тиги ызалуу тиктеп туруптур.
– Жанагы Ала-Арчага барабыз дегениңди да унут. Сени менен эч кайда барбайм.
– Ала-Арча? Түшүнбөдүм, мен барат бекем, сени мененби?
Демек, Аселге бул сунуштабаган. Уф-ф, ушул эле жетпей жатты эле. Эми чукулап баштайт!
– Айдай, токтосоң, эмне бирөөлөр Ала-Арчага барабыз деп чакырып жатышабы?
– Ой, жок, жөн эле тамашалап койдум.
Айдардан кутулгуча шаштым. Эгер бул айттырбаган болсо, ким? Короодогу картөшкөнү түптөө керек болчу. Бул ишти бүткүчө баш катырдым. Көз алдыма мага көз салып, сөз ыргытып жүргөн төрт жигит биринин артынан бири келип жатты. Уланбы? Жок, ал атасынан уруксатсыз көчөгө бир кадам таштай албайт да, кайдагы Ала-Арча? Жыргал... Жок, анын апасы ооруканада. Көңүл ачууга убактысы жок. Уф-ф, Аселди кыйын болуп кагып салдым. Эми ким экенин билмейинче ичим быша берет. Деги Арстан кайда жүрөт көрүнбөй? Сабагы бая эле бүтпөдү беле?
Ушул нерсе оюма келип баш көтөрсөм, Ажар очокко от жагып жаткан экен. Көпкө тиктеп туруп, сурагым келбей айнып кеттим. Ушунчалык көк бетминби, өжөрмүнбү, билбедим. Ажарга айла кеткенде гана сүйлөбөсөм, дегеле жакын жологум келбейт.
– Ии, ким болду экен деп баш катырып отурасың?
Жанымдан чыккан үндөн селт эте чочуп кеттим.
– Арстан? Качан келип калдың?
– Пай-пай-пай. Болбогон бир кепке ушунча ойлонуп каларыңды билсем...
– Жинге тийбей жөн сүйлөчү, ансыз деле бүгүн баары маанайымды бузуп бүтүштү... Менин баш катырып отурганымды кайдан билдиң?
Арстан мага тигилип, сырдуу жылмайып туруп калды. Ий, көздөрүн кара! Тимеле күлүңдөп. Ушул көздөрдү тиктесем, ичим элжиреп, моюнуна асылгым келип кетет.
– Болчу эми, ичти бышырбай.
– Мына, айтпадым беле, сага жигиттер менен сүйлөшүүгө али эрте, а мен акылыма кирип калгам, мага боло берет деп.
– Анан?
– Анан ошол. Өзүң айтпа­дыңбы калп эле билмексен болбой байкап көр, сокур эмессиң да деп. Сенин сөзүң мени ойлонтуп койду.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Agusha
2010-10-13 11:38:46
мага кийинки саны кызык болуп жатат
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан