ТАШТАНДЫДАН ТАБЫЛГАН ДЕНЕ. КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП ЭКИ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад шаарында аялдын жансыз денеси 11 күндөн кийин дарыя жээгиндеги таштандыдан табылды. Анын сөөгү ит-кушка жем болгону айтылууда. Маркумдун оор жоготууга учураган үй-бүлөсүнүн күйүтү күч болуп турган чагы. Оор кылмышка шектелип кармалгандар аялдын акчасына кызыккан деген маалыматтар айтылып жатат.

“МИЛИЦИЯ ӨЗГӨЧӨ ООР КЫЛМЫШТЫН БЕТИН АЧТЫ”

Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти:

– 2020-жылдын 26-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында 1978-жылы туулган Бахтигүл Базарматова аттуу жубайы Жалал-Абад шаарынан кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча үйүнө кайтып келбегени жазылган.

Жалал-Абад ОИИББинин жана Жалал-Абад ШИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 2020-жылдын 6-декабрь күнү дайынсыз болуп жаткан Бахтигүл Базарматова киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныкташты. Бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында шек жараткан эки жаран аныкталып, ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Х.И. жана Сузак районунун тургуну, 1993-жылы туулган П.Ш. кармалган.

Бул окуя боюнча топтолгон материал Жалал-Абад
ШИИБинин бирдиктүү реестрине катталып, Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр 25-ноябрь күнү, чала таанышы болгон Базарматова менен жолугушуп, аны унаага отургузуп, саат 16:30 чамаларында шаардын четиндеги ээн талаага алып барып, акча талап кылышкан. Базарматова акча жок деп айткандан кийин И.Х. унаадагы сүлгү менен аны муунтуп өлтүрүп, сумкасында болгон 32 000 сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын чечип алышкан соң телефонун ыргытып жиберишкен. Ал эми Базарматованын жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Жансыз дене толук көмүлбөй ачык калгандыктан, анын айрым бөлүктөрүн ит-куш жеп койгон. Маркумдун сөөгүнө тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Шектүүлөр жогорудагы жасаган кылмышын моюнуна алышып, окуя кандай болгондугу тууралуу айтып, сөөктү көмүп койгон жерин көрсөтүп беришти. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“АПАМ БАЗАРДА ИШТЕЧҮ”

Маркумдун кызы Роза Базарматова менен байланыштык. Ал каргашалуу окуя тууралуу буларга токтолду:

– Азыркы тапта интернетке ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатат. Аны ким чыгарып жатканын деле билбейбиз. Акыркы жолу 25-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы базардын ичинен саат 15:40, 16:10 чамасында апам менен жолуккам. Атам менен апам башка үйдө, мен иним менен бөлөк үйдө турам. Ошол жолугушууда апам жарым сааттын ичинде үйгө жетерин айткан. Мен деле үйгө кетет деген ойдо өз үйүмө кеткем. Атамдын да телефону жок болчу. Эртеси күнү саат 2лерде үйгө келсем, алар апам үйгө келе электигин айтышты. Мен чыгып базардагы тааныштардан сураштырдым. Анткени апам аларга товар таратып иштечү. Алар “көргөн жокпуз” деп жатышты. Милицияга кайрылуу оюма келип, арыз жаздым. Бирок аны кабыл алышкан жок. Кийин атам барып арыз жазды. Ошол бойдон апам тууралуу илинчек табылганча бизге эч кандай маалымат беришкен жок.

“БАШЫНДА ЧАЧТАРЫ ЖОК ЭКЕН”

– Милиция кызматкерлери арадан 11 күн өткөндөн кийин түнкү саат 3төрдө бизге кабар беришти. Өлүкканага бардык, бирок мен ичине кире алган жокмун. Атам менен бир тууган таякем кирип көрүп чыгышты. Социалдык тармактарда “ит-кушка жем болуптур” деген маалыматтарды жазып жатышат. Биз анысын билбейбиз. Биз өлүкканага киргенде жанында баштык болгон, анын ичинде аркан бар экен. Мындан улам муунтуп өлтүрүшкөн го деп божомолдодук. Апамдын башында чачтары жок экен. Аны кыйнап өлтүрүшкөн окшойт. Интернеттен карасак, кылмышка шектүүлөр “жөн эле сөөктү алып барып ошол жакка таштап койгонбуз, анан ит-куш жеп коюптур” деп жатышат. Апам көмүлгөн эмес. Болгону таштандыларды үстүнө таштап коюшуптур. Ит жесе кийимдери тытылмак. Биз өлүкканадан кийимдерин өз көзүбүз менен көрдүк. Шектүүлөрдүн айтымы боюнча, сөөктү бир күн машинада алып жүрүшүптүр.

“АПАМДЫН ЖАНЫНДА 200 МИҢ СОМДОН АШЫК АКЧАСЫ БОЛГОН”

– Эки шектүүнү апам алты айдан бери тааныйт. Апам аларды өз инисиндей көрүп, акча жагынан жардам берип жүргөн экен. Мен дагы бир ирет аларды көргөм. Шектүүлөрдүн бири апама акча карыз болчу. Ошол учурда апамдын жанында 200 миң сомдон ашык акчасы болгон. Ал эми интернетте шектүүлөр 32 миң сом акчасын алып кетишкен деп жүрөт. Андан сырткары апамдын ошол күнү тагынып жүргөн алтындарын шектүүнүн бир тууган карындашы сатып жаткан жерден кармалыптыр. Милиция кызматкерлери бизге ал тууралуу деле маалымат берген жок. Биз башка булактардан уктук. Демек, кылмышты экиден ашык адам жасаган деп түшүнүүгө болот. Биз орто деңгээлде жашайбыз. Эч кимге карызыбыз жок. Апам соода менен алектенчү. Биз башта эки шектүүдөн күмөн санап жатканбыз, бирок колубузда эч кандай далил болбогондуктан эч нерсе кыла алган эмеспиз. Ошентип, 4 бир тууган энесиз калдык. Атам да катуу кайгырып жатат. Бул айткандарыбыздын баары биздин оюбуз. Ушул учурда милицияны да, башкасын да күнөөлөгөн жокпуз.

“БАШЫН КЕСИП БУТ ЖАГЫНА ТАШТАП КОЮШКАН”

Маркумдун бир тууган иниси Артык Базарматов эжесинин жансыз денесин өз көзү менен көргөнүн айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

– Мен эжем табылган жерге барып, өз алдымча карап чыктым. Кандайча адамдын ылдый жагы бар болуп, жогору жагы жок болот? Дегеним, эжемдин киндик бөлүгүнөн өйдө жагы жок эле. Ит-куш жей турган болсо, бүтүн эле жеп коюшмак. Ал эми ылдый жагы эч нерсе болгон эмес. Кийимдери бүтүн, эч жери айрылып, тытылган эмес. Менин оюмча, биринчи аны өлтүрүп, денени балта менен чаап, органдарын алышкан. Бут тарабы калып, үстүңкү бөлүгү жок болуп жатат. Бели кудум бир нерсе менен араалагандай түптүз. Ит-куш ошентип жемек беле? Көмүлгөн эмес, жөн гана талаага таштап, үстүнө чатыр жапкан шифердин сыныгын ыргытып, жарымы жок матрасты таштап коюшкан экен. Эгер жем болгону чын болсо, тегерек чети кан болмок. Ал жер да, кийимдери да таза экен. Ал эми башын кесип бут жагына таштап коюшкан. Мен көрүп эле нес абалда калдым. Айтарым, ЖМКлар билип-билбей туруп туура эмес маалымат тарата бербесин! Кудай бар. Тийиштүү органдар өтө начар иштеп жатышат. Ишти жалкоолонуп өз убагында карашпай, 4 күндөн кийин карашты. Булар жекшемби күнү иштешпейт экен. Анткени аларга бул күндөр үчүн акча төлөнбөйт деп айтышты. Мен акча бере алган жокмунбу билбейм, балким, акча берсем иштешет беле? Кыскасы, нааразычылыктар жок эмес.

Учурда бул өзгөчө оор кылмыш ишинин үстүнөн тергөө процесси жүрүп жаткан чагы. Оор жоготууга учураган маркумдун жакындарына көңүл айтабыз. Ал эми иштин тыкыр тергелишинен кабардар болуп турмакчыбыз.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Erlan_95
2020-12-14 16:20:52
Укмуш эки жуздуусунор э? Эн биринчи силер "ит-кушка жем болуптур" деп табалагнсып жазгансынар.
+1
Sara1993
2020-12-15 09:40:38
Erlan_95,Супер инфо деле билип билбей жаза беришет.Эптеп жанылык болсо болду
+1
Гүлжан Асанкожоева
2020-12-15 10:07:00
Урматтуу Erlan_95, жалпыга маалымдоо каражаттары окуяны алгач милиция кандай таратса, ошол маалыматка таянып чагылдырат. Бул макалада да милиция официалдуу түрдө "ит-кушка жем болгон" деп маалымат берип жатат. Ал эми "Супер-Инфо" өз иликтөөсүн жүргүзүп, туугандарынын пикирин гана чагылдырып берди.
+1
Guli-85
2020-12-15 17:46:29
Аябай жаман иш болуптур. Кудай сактасын. Маркумдун жакындарына сабыр берсин. Эженин жайы жаннаттан болсун. Ошондо эмне башын да кесип, ички органдарын да алып коюшканбы
+2
Aliza_96
2020-12-15 20:58:25
Адамдар айбандын денгээлинен томон тушуп кеттик, кандай мыкаачыбыз.
0
Bak.taalai
2020-12-16 00:22:59
Милициянын балекетин албагылачы ошо милиция болбосо туп ордунар менен жоголмоксунар. Акча бере алган жокмунбу деп тутотпочу сен! Сенин акчан кимге кызык. Резонансный кылмыш болгон учун оперлер кун тун иштейт кылмыш ачылганы аларга плюс ушуну билип кой аларды акча кызыктырбай калат кылмыш ачып кылмышкерди кармоо аларга алтын медаль тагып устуно бриллиант аралаш алтын куйганга барабар. Анан сен дөөрүп турасын акча бере алган жокмунбу деп сенин акчан эмне болуп калыптыр милициянын ишинин алдында!
-1
Ariz0112
2020-12-18 12:17:26
Тооба! Кудай сактасын кандай мыкаачылык союп ички органдарын алды деген. Ушунча да боору катуу адам болобу?
0
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан