Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЫРДАП БАШТАСАМ ЭЛЕ ЖОЛДОШУМ СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТЧҮ”

Алтынай Нарбаева чыгармачылыкка 32 жашында келди. Бирок элдин оозуна тез илинип, көптөгөн хит ырларды жарата алды. Анын чыгармачылык жолу кандай болду? Алтынай Нарбаевадай ырчы болом деп тырышып, жан далбастап, өзү каалаган бийиктикке жеткендер аз болсо керек. Атактуулукка карай жолунда кандай кубаныч, курмандык, өкүнүч болгонун ырчы өзү баяндап бермекчи.

“АККОРДЕОН АЛГАН КҮНҮМДҮ ЭЧ УНУТПАЙМ”

– Мен 8 бир тууганмын, баарыбыз музыкага шыктуу болдук. Бир туугандарым баары музыкалык аспаптарда ойношчу. 5 жашымдан баштап агаларым ойноп, мен бийлеп, ырдап жүрчү элем. Коңшуларыбыз акча берип коёр эле, ага таттууларды сатып алчумун. Ата-энем экөө тең жакшы ырдачу. Чоң атам колун үшүккө алдыртып жиберип, үч манжасы жок болсо да, эки манжасы менен комузду укмуш черткен адам болгон экен. Таятам болсо колунан көөрү төгүлгөн зергер болуптур. Ген аркылуу бул нерселердин баары чогулуп келип менин жан дүйнөмдө орун алса керек. Куршаб деген шаарчада балдар музыкалык окуу жайы бар болчу. Апам мени ошол жакка жиберди. Жумасына эки жолу аккордеон менен машыгып, эки жолу сольфеджиого (ред.: музыканын баштапкы сабактары) барам. Төрт күн жөө жолдо жүрөм. Айылдан бир топ эле алыс. Жолдун бир жагы жүгөрү, экинчи жагы тамеки эле. Коркок кыз элем, киши көрүнсө эле мугалимдер болуп калбасын деп жүгөрүнүн арасына кире каччумун. Ал кезде тартип катуу болчу, мугалимдер ийримге баратканымды билбей “ушу кыз жолдо эле жүрөт” деп айтышабы деп тартынчумун. Балалык күндөрүм ошол жүгөрү, тамеки талаасында калды. Ал мектепти ийгиликтүү бүтүрдүм.

Мен апамдын 40 жашында төрөлгөн кызымын, кеч төрөлгөн үчүн мунун келечеги эмне болот деп кабатырланганбы же талантымды сезгенби, чыгармачылыгыма көп салым кошкон апам болду. Аккордеонум жок, клавишаларын картон кагазга чийип алып машыкчу элем. Үйүндө аккордеону бар кыздарга караганда картон менен машыккан мен жакшы ойночумун. Агайым болсо мени ээрчитип келип, “Алтынайга аккордеон алып бергиле, таланттуу кыз” дей берер эле. Райондун борборунда аспаптар сатылган дүкөнгө кирсең башыңды айланткан бир жыт боло турган. Күндө өтүп баратып ошол жакка кирип баягы аккордеонду көрөм. “Менин да ушундай аспабым болсо” деп кыялданып чыгып кетчүмүн. Апам акыры сатып берди. 150 рублга алып берди, азыркынын 150 миң сомундай эле болчу. 4-класс кезим болуш керек. Апам аккордеонду жоолук менен таңып берди, 3 чакырым жол басып дикилдеп келе жатам, эми менден бактылуу киши жок. “Башкалар аккордеон менен келе жатканымды көрүп жатышат болду бекен?” деп эки жагымды каранып коём. Ошол учурдагы бактылуулугумду ушул кезге чейин эч нерсеге теңей албайм. Ата-энеме чырпыктан чынар кылып, талантымды баалап бакканы үчүн азыр да ыраазы болуп кетем. Аккордеон чертип ырдагандардын арасынан менден мурун бир эле музыкант аял болгон, азыр го ырдагандар бар. Ал учурда жалгыз болчумун.

“ШАМПАН МЕНЕН ӨЗҮМДҮ КУТТУКТАГАМ”

– Мектепти бүткөндөн кийин Ташкенттеги театралдык окуу жайга бардык. Жанымда бир кыз бар. Биз жактагы өзбектердин тилин түшүнөбүз. Ал жактагыларды хорезм өзбектери дешет экен, тилин түшүнүп болбойт. Өзбек тилинде экзамен тапшырыш керек экен, кулап калдык. Аябай сүйүндүм, анткени ал жакка окугум келбей жаткан. Ал кезде экзаменден өтпөй үйүнө кайтып келүү өлүм менен барабар эле. Айылга баргандан намыстанып Ош шаарында калып иштейм дедим. Агам Абдилаким “Жалал-Абад шаарында музыкалык техникум бар экен, ошол жакка окуйсуң” деди. Жанымдагы кыз экөөбүз тең үйлөмө аспаптар бөлүмүндө окуп калдык. Эки жарым жыл окудук. Бүткөндөн кийин балдар бакчасында, кийин мектепте иштей баштадым. Жогорку билимдүүлөр 165 сом алчу, мен 64 сом эле айлык алчумун. Ошого “жогорку билим алышым керек” дедим. Ош шаарындагы окуу жайга төрт жыл катары менен тапшырып, экзаменден өтпөй калдым. Бир эже “15 миң сом алып келсең өтөсүң, сен төртүнчү жылы келип жатасың” деди. Ата-энем пенсияда, өзүм 64 сом айлык алсам кайдан табам ал акчаны? Борборго барып тапшырып көрөйүн дедим. Эч таанышым жок, Бишкекке жол алдым. 22 жашта элем, азыр 16 жаштагы кыздар деле Москвага кетип жатышпайбы. Тим эле жүрөк дүкүлдөйт. Мейманканага жайгаштым, шаарды жөө кыдырдым, айтор, миң алекеттен өтүп жатып Кудай жалгап Ишеналы Арабаев атындагы университеттин музыкалык бөлүмүнө өттүм. Тизмеден “Алтынай Нарбаева” дегенди окуп алып сүйүнгөнүмдөн эмне кыларымды билбейм десең. Жалгызмын, эч кимди тааныбайм. Бир шише шампан сатып алдым. Жалгыз отуруп алып өзүмдү өзүм куттуктап “азаматсың” деп коём (күлүп). Аздан иче берип баягы шишени түгөтүп коюптурмун. Кызып калдым, биринчи жолу ичип жаткам да. “Эми качан соолугам?” деп ыйлайм десең (күлүп). Ошентип азап-тозок менен жогорку билимге ээ болгом.

“ЖОЛДОШУМ АКЧАЛАРЫМДЫ ТЫТЫП САЛЧУ”

– Экинчи курста турмушка чыктым. Кыздуу болгондон кийин жолдошум Тургунаалы “сени мен багам, окубай эле кой” деди. “Бул окууга мен кантип тырмышып жүрүп жеткенимди билесиңби, окуйм” дедим. Хор ырдачу элек, ошого чейин кызымды уктатпай турчумун. Хор башталганда уктатып туруп хорго кошулуп кетчүмүн. Арткы партада кызымды эмизип жаткырып коюп, кыздарга кармата туруп экзамен тапшырып жүрүп окудум. Бир колумда ал, экинчи колумда аккордеон (күлүп). Жашпыз, батирлейбиз, батирибиз кипкичине. Аккордеонду колума алып машыгып баштасам эле жолдошум бут кийимин кийип алып сыртка чыгып кетет. Ырдаганымдан уялабы же жаман көрөбү билбейм. Тим эле уккусу келбейт, а мен машыгышым керек. Кышта үшүп көчөдө турбасын деп “болду чертпейм, кир” дейм. Кийин атым чыгып баштаганда деле аябай каршы болуп жүрдү. Ал кезде жакшы акча таап, ишкер болуп калган кези эле. “Ырдабайсың” дейт. А менин ырдагым келет, көкүрөгүм ушунчалык эңсейт, түшүндүрө албайм.

Эсимде, биринчи жолу Кара-Балтага ырдап барып 500 сом таап келдим. Ал кезде рублдан сомго жаңы өтүп жаткан кезибиз эле, чоң акча болчу. 500 сом колума тийгенде “муну алайын, тигини кылайын” деп пландап алгам. Эшиктин коңгуроосун бассам, жолдошум эшикти ачпайт. Ачканда дароо эле 500 сомду сунуп “акча таап келдим” дедим. Акчаны алды да майдалап тытып туруп, унитазга салып, суусун агызып жиберди. Томсоргонумду айтпа. “Баары бир ырдайм” дедим.

32 жашымда чоң сахнага чыктым. Филармонияда Рыспай Абдыкадыровго арналган концерт өтүп жаткан экен. Үчүнчү күнү боло турганына туугандар аркылуу катышып калдым. Кыргызбай Осмонов уюштуруп жаткан экен, “ырдап көрчү” деди. Мени жакшы ырдайт деп күтпөптүр. Дароо макул болду. Ага чейин араң бир номерге кошобуз деп жаткандар “эки ыр ырдайсың” деди. “Көйнөгүң барбы?” деди эле, жок болсо да “бар” деп койдум. Базарга барып көйнөк, шуруларды алдым. Таң атканча уктабай көйнөктүн этегине шуру тигип чыктым. Таң атса да бүтө албай калып кайра кечке чейин тиктим. Жандуу үн менен ырдачу адам аябай эс алышы керек да. Аны кайдан билем? Ачка да болсом керек, атымды айтып сахнага чакырышканда чыгайын десем эле колу-бутум титирейт. Бир маалда оозум титиреп чыкты. Ырдап, ойноп жатам, титиреп да жатам. Экинчи куплетинде өзүмдү колго алдым, үчүнчүсүндө заңкылдап эле үнүм ачылып кетти.

Эл дүркүрөтө кол чаап жатып калышты. Анткени аккордеон менен ырдаган жалгыз ырчы айым мен болчумун, эксклюзив сезилди окшойт. Экинчи ырымды ырдап бүткөнүмдө да эл кетирбейт. Азыр ойлосом биринчи жолу сахнага чыкканымда эле эл сүйүп кабыл алыптыр. Ушуга чейин элимдин сүймөнчүк кызы болуп келе жатам.

Таанылып кеттим, жолдошум ырдаганыма дагы деле каршы. Бир колума пакет, бир колума аккордеон кармап алып эшиктин алдында коңгуроону басып турган күндөр болду. Ачпай койчу. Азыр жаш ырчы кыздарга “кокуй, күйөөң үйгө киргизбей койбосун, менин ордума ырдап үйүңө тез кет” деп калам.

“ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ КОЛУМДАН ӨӨП ЫРААЗЫ БОЛДУ”

– Мени популярдуу кылган Дооронбек Садырбаевдин сөзүнө таандык “Кимибизден?” деген ыр болду. Ырды укканда эле жүрөгүмө сайылып, ыр менен ооруп калдым. Аранжировкасын жасатып ырдап чыктым. Ырдап чыккан күнү эле хит болуп кетти. Ушул ыр менен атымды жасадым, чыгармачылыктагы тагдырымды чечкен ыр болду. Дооронбек агай бул ыр хит болуп жатканда депутат болчу. Ыраазы болуп, колумдан өөп, ыраазычылык айтып “мага жолук” деп кеткен эле. Бирок жолугам деп жүргөнчө көзү өтүп кетти.

“Кат жазчы мага” деген ырым убагында көп наам алып берди. Сөзү Фатима Абдалованыкы, обонун Шамшыбек Өтөбаев жазган. Ал киши менен кошуна элек. Ошол жылдары апам ооруп көзү өтүп кетти. Андан кийин Шамшыбек агай каза болуп калды. “Дени сак, жакшы жүргөн киши кантип өлүп калды?” деп аябай капа болуп ыйлагам. Бир күнү машина айдап баратып радиону иштетсем эле “Кат жазчы мага” деп ырдап жаткан экен. Каза болоруна бир жума калганда өзү ырдап “Алтын фондго” берип кеткен экен. Шамшыбек агайдын ыры экенин билгенден кийин башыма коюп алып бул ырды күндө угам, күндө ыйлап, жаздыгым суу болот. Аркы дүйнөдөн Шамшыбек агай сүйлөп жаткандай эле болду. Үй-бүлөсүнөн уруксат алып, аранжировкасын жаздырдым. 10-15 жылдан бери эле элдин сураганы “Кат жазчы мага” ыры. “Мындан башка ыры жокпу?” деп ойлошот болуш керек, бирок той ээлери суранышат.

“Мен сени сүйөм, өмүр” ырын казак кызы Роза Алкожадан сурап ырдап чыккам. Бир жолу тойдо ырдап жатсам Мирбек Атабеков чуркап келип “эже, чогуу ырдайлы, өзүм клип тартам, аранжировкасын жасайм” деп калды. Мирбек менин окуучум. Эл экөөбүздүн дуэтибизди сонун кабыл алды, азыркыга чейин наамдарды алып келет. Бирок бул ыр казактарда көркөм кеңештен өтпөй калып радиодон, теледен алып салышыптыр. Эмне себептен экенин билбейм. Кыргыздарда хит болгонун угуп Роза Алкожа мага ыраазы болуп калган.

“БААРЫНА ШҮГҮР, БАКТЫЛУУМУН”

– Мен ырчы болом деп ойлогон эмесмин, бирок ырдагым келчү, музыка менен азыктанчу элем. Кудай мен каалаган нерсенин баарын өзү кылып койду. Шүгүр кылам. Бир кезде “оркестр менен кандай бактылуу ырчылар ырдайт?” дечүмүн, ага да жеттим. Көп жылдан бери мугалим болуп иштеп келе жатам. Чыгармачылыкта курмандык кылбасаң болбойт. Өзүм үчүн жашаган жокмун. "Өзүм эмне каалайм?" эмес, "эл менден эмне каалайт?" деп жашадым. Адамдар өзү үчүн курортко, чет өлкөгө барат, тияк-биякты көрөт дегендей. Мен анткен жокмун. Болгон убактымды чыгармачылыкка, жакындарыма арнадым. Уйкуну да толук уктабайм, дайым иштин үстүндө келе жатам. 32 жашымдан баштап сахнага чыктым, азыр 53 жашка келдим. Ушул убакыт бир күндөй эле өтүп кетти. Кызым Акмарал Жогорку Сотто иштейт. Уулум Темирлан Экономика министрлигинде иштейт, келиним Асланайым азыр бала менен үйдө. 47 жашымда көргөн кызым Карина бала бакчага барат. Жолдошум башында чыгармачылыгыма каршы болуп жүрдү. Азыр колдоп турат.

Жакында чоң эне болдум. Сүйүнүчтүү кабарды уккан маалда кыздар менен чай ичип бир жерде отургам. Эч нерсе айта албай ыйлай бериптирмин. Алиандра деген гүлдүн ысымын койдук. Азыр болгон сүйүүбүз, эрмегибиз ошол неберебиз болуп калды.

Бактыгүл Бокоева, Опера жана балет театрынын солисти: “АЛТЫНАЙ ЭЖЕНИН ЭЧ КИМ БИЛБЕГЕН СЫРЫН МЕН БИЛЕМ”

– Алтынай эже экөөбүз 2000-жылдан бери таанышпыз. Ошол жылы “Арашан” ансамблине келген. Мен ал ансамблдин солисти болчумун. Ошондон бери чогуу келе жатабыз. Алтынай эженин түбү алайлык болуп, экөөбүз бир чети эже-сиңди да болуп кетебиз. “Арашандан” Алтынай эженин чыгармачылыгы башталды. Анын канча ыры болсо, ошонун көбүндө мен экинчи үндү алып жанында болом. Кээде бул ыр деп да айтпай, “записке кел” деп эле коёт. Бул менин үнүмө ишенгени да. Кээде “жок дегенде кандай ыр экенин билейин, жиберип коюңузчу” деп күлүп калам. Анда ал “сен келип эле экинчи үндү аласың” деп калат. Аккордеон чертип жатканда “мындай кылсаңыз” десем, “болбой жатпайбы, өзүң ойночу анда” деп жини келип кетет.

Музыкага болгон табити өзгөчө, жеңил-желпи ырларды тандабайт. Эң татаал ырларды тандайт. “Мен үнүмдү өстүргөндү каалайм, кульминациясы жок ырды ырдай албайм” дейт. Бул анын жан дүйнөсүнүн тереңдиги. Терең ырлар да Алтынай эжеге жарашат. Кеңеш сурасаң да терең кеңеш берет. Бир жолу “сен билген жоксуң, ай, сен билген жоксуң” деген ыр бар эмеспи, ошол ырды угуп таң аткыча ыйлаптыр. Эртең менен мага телефон чалып “Бактыгүл, мен ушул ырды аябай жактырып калдым” дейт. Анан дароо эле Рамис аттуу аранжировщикке барыптыр. Ал ыйлап алганын көрүп жүрөгү түшүптүр. Тагдырында, балким, бир ушуга окшош окуя болуп жүрөгүнө жакын алганбы же ыр дегенде ушундай жүрөгү менен берилип тандайбы билбейм. Алтынай эже өзү ыр жазарын эч ким билбейт. Бир дептер ыры бар, эч кимге айтпай жүрөт. Азыр сырын ачып койдум (күлүп).

Бир күлкүлүү окуясы эске түшүп кетти. Экөөбүз той-аштарга да чогуу барабыз. Жаш кезибиз эле. Алтынай эже аккордеон ойноп, мен ырдайм. Бир жерде ырдап калдык, ал аккордеондо ойноп, мен ырдап жаткам. Алдыбызда бир байке отурган. Ал бизге акча кыстарып коёюн деди окшойт. Аялы көз айнекчен неме экен, сумкасын аңтарып зорго дегенде 200 сом алып чыкты. Тиги байке андан чоңураак берем деп жаткан окшойт, аялынын сумкасын талашып кирди. Мен экинчи куплетке келип калдым. Талашып жатканын карап турабыз. Экөө талашкыча үчүнчү куплетти бүтүп калдык. Сумканы тиги киши талашып жатып алды. Алтынай эже “эми биринчи куплетти кайтала, сумканы эми алдык” деп коёт. Өзү чертип жатып күлдүрүп ушинтип жатпайбы. Мен күлүп жибербейин деп араң карманам. Кайра-кайра куплетти кайталап кирдик. Анан байке зорго 1000 сомдон алып чыгып экөөбүзгө кыстарган. Ушуну эстесем эле күлүп калам.

Бакыт Тилегенов, Кыргыз Эл артисти, дирижёр: “ЧӨНТӨГҮМДӨГҮ КАТ”

– Алтынай элге таанылып чыга баштагандан бери эле таанышпыз. Чыгармачылык жолдо чогуу келе жатабыз. Алтынай жеке концерттерин такай оркестр менен берет. Чыгармачылыктан тапкан бир тууганбыз деп койсом да болот. Алтынайдын өзгөчөлүгү – обонго да, сөзгө да өтө маани берет. Кээде обонун карап эле тандашат, бирок буга сөзү жакпаса ырдабайт. Үнүнүн тембри, температурасына карап тандайт. Жылт этип чыгып, жалп өчүп калган ырчылар деле бар эмеспи. Алтынай чыккандан тартып эле элдин оозунан түшпөй, аксабай, бийиктикте келе жатат. Алтынайдын адамгерчилиги, бийиктиги, тереңдиги, жөнөкөйлүгү башкача. Ошол жакшы сапаттары менен кичүү муунга да жагып келе жатат болуш керек. Дагы бир нерсени айта кетейин, фонограмма менен ырдалган, компьютер менен жасалгаланган ырлар баары бир элдин жүрөгүнөн орун таба албайт. Жандуу үн гана жүрөктөн орун табат. Алтынай оркестр менен эчен жолу жандуу концерт берди. Концерт алдында уктабай калат, оркестрдин тилин тапкан чанда ырчылар болот. Кыймылдарды, көздөрдү илип алып ырдаш керек болот. Ошону Алтынай жакшы өздөштүргөн. Эч ким идеалдуу эмес. Алтынай кээде туура эмес ырдап алса уялып, кийинки күнү менден качып калат (күлүп).

Эсимде, бир жолу Алтынайдын жеке концерти болуп жаткан. Эл толтура, кучак толо гүл берип жатышат. Мурун кат жазып карматып коюшчу эле. Залда отургандар кайсы ырды каалап жатканын ушинтип билдиришчү. Анан бир жаш келин Алтынайга гүл берип, өтүп баратып чөнтөгүмө кат салып койду. Ал жерден окумак белем, кийин концерт бүткөндөн кийин окусам “Бакыт агай, башка жакка турасызбы, биз концерт көрөт элек” деп коюптур. Көрсө, мен дирижёр болуп жатып Алтынайды капталдагы элге көргөзбөй коюптурмун да, ушундай да күлкүлүү нерселер болгон.

Сайра Момунбаева, актриса, ырчы: «АЛТЫНАЙДЫН КӨЙНӨКТӨРҮН ТҮНДӨП ТИГИП БЕРЧҮМҮН»

– Мен Алтынай Нарбаева менен 1997-жылы таанышкам. Жаңы жылга карата мугалимдердин концерти уюшула турган болду. Экөөбүз тең мугалимбиз. Алтынайды ага чейин байкабапмын деле, арык, кара тору, сулууча келген жаш келин экен. Аккордеонун алып “Барам сага” деген ырды аткарып берди. Мен бул ырды ага чейин деле угуп жүргөн экенмин, бирок Алтынай жүрөккө жеткире ырдады. Ошол ыр ушуга чейин кулагымда турат. Жаш болсо да үнүнүн тереңдигине, бийиктигине таң калгам. Атайын барып бетинен өөп таанышкам. Алтынай кайсы бир себептер менен чыгармачылыгын кеч баштады. Бирок аз убакытта элдин жүрөгүн ээлеп алды. Экөөбүз аябай жакын болдук. Ошол кезде тойлорго чогуу барып калчубуз. Кийим сатып алууну эмнеге ойлончу эмеспиз же акчабыз жок беле, билбейм. Бир күнү Алтынай “көгүш көйнөк кийгим келип жатат” деди. Өзүмө бир аз тар кылып тиксем ага чак келип калды. Түнү менен көйнөк тиктирип, эртеси кийип кетти. Эми кубанганын сураба, бетимден өөп рахматын айтып жатты.

Алтынайдын оркестр менен ырдасам деген кыялы бар эле, кийин аны да ишке ашырды. Ошол концертинде костюмдарын тигип жардамдашкам. Алтынай оюнда эмне болсо апасына эркелегендей мага айтчу. “Курсагым ачты, эже” деп мага жумуртка куурутуп, экөөбүз чай иччү элек. Өзү самса көтөрүп келчү. Экөөбүз баягы самса, жумурткаларды жей берип, ошол жылдары аябай салмак кошконбуз (күлүп). Эзилишип сырдашып сүйлөшүп сөзүбүз бүтпөйт. Азыр Алтынай элдин кызы, хит ырларды жаратып келе жатат. Мен аны менен сыймыктанып келем.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Жолдошум ырдаганыма аябай каршы болгон”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Aikan1966
2020-12-14 10:01:51
Ишинерге ийгилик,чыгарманар оркундой берсин
-10
jemile
2020-12-14 10:44:38
Сумканы алган жери жакты
+4
Nurazim16
2020-12-14 11:56:43
Азаматсыз эжеке талантынызга таазим чыгармачылык ийгилик абдан соонун маек болуптур эч кандай жасалмасы жок.
-8
Anara94
2020-12-14 13:37:08
Жакпайт ушу
+3
Anara94
2020-12-14 13:40:21
Карантинде элдин акчасын чогултуп алып жыргап журуштуго элге жардам бератавыз демиш болуп
+12
86931619i
2020-12-14 14:05:13
5
-10
sabyr86
2020-12-14 23:14:53
Женем акем менен мурдс эле ажырашып кетишкен,анан куйоом бар дей берет интервью берген сайын)).
+8
rola
2020-12-16 16:10:39
sabyr86,Жакшы жененердин кадырына жетпеген экенсинерда.Дагы жакшы жамандабаганына суйунсонор.
-1
sabyr86
2020-12-16 18:59:24
rola,Тапкан акчамды жыптып салчу,эшикти илип алып киргизбей койчу деген соз сиз учун мактоого киреби?
+1
Datka7777
2020-12-20 09:40:13
sabyr86,Кылган кылыгын айтып атат да. Кошумча «ушундай жинди эле», «доопорос эле», десе жамандап аткан болот
0
assanov97
2020-12-18 12:45:32
sabyr86,ха ха
+1
Datka7777
2020-12-15 16:59:20
Р
-1
Datka7777
2020-12-15 16:59:27
Вай
+1
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан