КЫЛМЫШКЕРЛЕРИ РЕСТОРАНДЫН ТАМАГЫН ЖЕГЕН ЛИХТЕНШТЕЙН

Бул санда биз эң бай жана жомоктогудай кооз өлкө менен таанышабыз. Бул өлкөнүн өз тили, валютасы, аэропорту жок. Автоунаа жолунун узундугу болгону 250 чакырым. Бул өлкө кичинекей болгондуктан, бир башынан экинчи башына бир күндө жөө басып өтүүгө болот. Анда көпчүлүктү кызыктырган Лихтенштейн өлкөсүнө бирге саякаттайлы.

Жайгашкан жери – Түштүк Европа

Аянты – 160 чарчы чакырым

Борбору – Вадуц

Башкаруу системи – Конституциялык монархия

Калкы – 38 749

Калкынын орто жаш курагы – 75-80 жаш



ЭҢ БАЙ ӨЛКӨЛӨРДҮН БИРИ

Европанын жүрөгүнөн орун алган Лихтенштейндин төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлеп турат. Лихтенштейн деген аталыш байыркы австриялык княздан калган. Лихтенштейн княздыгы Евробиримдикке кирбейт. Бул жерде шведдер, австриялыктар, немистер, италиялыктар жашайт. Орточо айлык маяна Европадагы эң жогорку болуп саналат: 55000 франкты түзөт. Болжол менен 360 миң сом.

САЯСАТЫ

Өлкөнү Ханс-Адам II 2003-жылдан бери башкарат. Лихтенштейн парламенти жарандар тарабынан пропорционалдык негизде 4 жылга шайланган 25 кишиден турат. Өкмөтү 5 мүчөдөн турат: өкмөт башчысы жана 4 министр. Өкмөт мүчөлөрүн өлкө парламентинин сунушу боюнча князь дайындайт. Лихтенштейн Европадагы абсолюттук монархия болгон жападан жалгыз мамлекет.

ЖУМУШСУЗДАР ЖОК

Экономиканын негизги тиреги – өнөр жай. Металл иштетүү. Вакуумдук техникаларды, электрондук системдерди чыгаруу. Муну менен катар маанилүү орунду тамак-аш сектору ээлейт. Көбүнчө шарап жана консерваларды чыгарышат. Өлкөнүн экономикасын көкөлөткөн дагы бир бутагы – туризм. Бул өлкөдө жумушсуздар жок, тескерисинче, жумушчулар жетишпейт. Туристтик жайлардын катарына мамлекеттик музейди, кызыл үйдү, почта жана искусство музейлерин кошууга болот.

КЫЛМЫШКЕРЛЕРИ ЖОК

Өлкөдө дээрлик кылмыштуулук жок. Адамдар уктаар алдында же үйдөн чыгып жатканда үйлөрүн бекитишпейт. Полиция кызматкерлеринин күндөлүк аткарган иши – туура эмес жерге токтотулган автоунаа ээлерине айып пул салуу. Өлкөдө 200гө жакын полиция кызматкери бар. Ал эми түрмөлөрүндө 10го жакын кылмышкер отурат. Аларга ашпозчу жалдоо чыгымды актабагандыктан, кылмышкерлерге ресторандан тамак алып келип беришет. 1866-жылдан бери Лихтенштейн эч кандай согуштарга катышкан эмес. Азыркы тапта бул өлкөдө аскер кызматы жок.

БИР КҮН ХАН БОЛУУГА МҮМКҮН

70 миң долларга 1 күнгө бул өлкөнүн башкаруучусу болууга болот. Бул күн аралыгында өз мыйзамдарыңды чыгарып, валюта киргизип, майрамды уюштуруп, көчөлөрдүн атын өзгөртүп жиберүүгө болот. Кыскасы, өз акчаңа өзүң каалаган нерсени жасай аласың. Ал эми бир күндөн соң кайсы бир мыйзам бузуу үчүн полиция кызматкери өлкөдөн чыгарып жибере ала тургандай жөнөкөй туристке айланасың. Бирок өлкөнүн убактылуу жетекчиси болуу ниетиңиз бар экенин Лихтенштейн бийлигине 1 жыл мурун билдиришиңиз зарыл. Ошону менен бирге алып бара турган ишиңиздин планы менен тааныштырышыңыз керек. Андан сырткары сиздин буйруктар менен чечимдер көрсөтүлгөн документтерди алдын ала каттоодон өткөрүү керек. Анда мамлекеттик иш менен эле алек болбостон, 150 кишини жаратылыш коюнуна чакырып, эс алсаңыз болот. Андан соң музейге саякат башталат. Шаар ичинде атка чегилген арабалар менен саякаттоо, эң кымбат шараптардын даамын татуу жана башкалар. Бирок баары биз ойлогондой жеңил эмес. Анткени бул көрүнүш саясий тартипти, экономикалык абалды өзгөрткөндүгү үчүн мамлекет жетекчиси болом деген кишиге татаал системди иштеп чыккан. Эгер документтерде мүчүлүштүктөр жаралса, анда ал адам мамлекетке башчы болуу укугунан ажырайт.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Noon
2020-12-14 10:04:35
360 мин сом бир айлыгы. Менин темселеп журуп таппкан 3 жылдык айлыгым экен.
+6
Mubarak
2020-12-14 16:58:18
Кандай Гана кооз екен 4министр бар екени кызык екен
+3
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан