Орусиянын Ярославль облусунун тургуну насыя карызын төлөөдөн качып, жынысын алмаштырган. Бирок андан баары бир карызы өндүрүлгөндүгү тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тергөөчүлөрдүн айтымына караганда, 39 жаштагы аялдын насыя берүүчү мекемеге 280 миң рубль карызы болгон. Бирок ал чалууларга жооп бербей, жашаган жерин өзгөртүп качып жүргөн. Натыйжада ал издөөгө алынган.
Маалым болгондой, аял жынысын, аты-жөнүн өзгөртүп, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө өзгөртүлгөн маалыматтарды киргизип, бул карызды төлөөдөн куткарат деп үмүттөнгөн. Бирок, сот аткаруучулар анын дарегин билип, банк эсептериндеги акча каражаттарын камакка алган.
Жолдубек Качкынбаев