Америкалык Калеб Бенхам аттуу жаран Бадди аттуу итине кол салган аюу менен кармашты. Натыйжада, адам жеңип, жырткыч үй жаныбарын коё берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бенхамдын айтымында, ал сырттан питбуль породасындагы ити ойноп жаткан тараптан таң калычтуу үндү уккан. Көчөгө чуркап чыгып, иттин башынан сүйрөп бара жаткан аюуну көргөн. "Мен жөн эле ошол жакка чуркап барып, аюуну уруп, аны кармап, тамагынан тартып, Баддини коё бергенге чейин жырткычтын бетине жана көзүнө соккулай бердим" деп билдирген америкалык жаран.
Жапайы жаныбар менен болгон күрөштө Бенхем жаракат алган эмес. Бирок ити ветеринардын кароосуна муктаж болгон. Ветеринарлар питбулга операция жасашкан.
Жолдубек Качкынбаев