ӨРТ ЖАЛМАГАН КЕМПИР

Бул жашоодо кимдин маңдайына кандай тагдыр жазылганын ким билсин? Учурунда колунан бардык иш келген, акча десе акчасы бар, эч кимге, эч нерсеге муктаждыгы жок, сүйүктүү жар, мээримдүү эне, башкалар анын бактысына суктанган Марипаны минтип адамдын караанына зар болуп муздак бөлмөдө отуруп калат деп эч ким ойлогон эмес. Бул кемпирдин арманы – жалгыздык. Туугандары жок экени аз келгенсип үй-бүлөсүнөн эрте ажырап, өмүрү жалгыздыкта өтүп келатат. Бөлмөнүн ичинде араң басып жүргөн Марипа апа эшикке деле чыкпайт. Кыбырай басып жылыткычтын жанында керели-кечке терезеден сыртты карап отурат. Ары-бери өткөн элди көрүп жатканына каниет кылат. Эрмеги эле ушул. Эмне кылсын, аны менен сүйлөшө турган киши болбосо. Кошунасы Анара үйүнө келип сүйлөшүп отуруп, кээде чайга чакырып турчу эле, эки жылдан бери ал да алыста. Кишинин караанына зар болуп отурган бул кемпирдин канча жылдан бери сырын угуп, көз жашына күбө болгон ушул үй жана колундагы эскирип бүткөн жалгыз сүрөт. Аны сырттан карасаң өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай туюлбайт. Кадимкидей жооп алып, бир окуяны айтып берип, бирде ыйлап, бирде күлүп калмайы бар. Бүгүн да адатынча сүрөт менен сүйлөшүүнү баштады.

– Медерим, Бекболсунум, мени таштап кеткениңерге туура 35 жыл болду. Бүгүн 73 жашка чыктым. Кудай мага өмүрдү бергени менен, силерди алып койду. Бул күн төрөлгөн да, тирүүлөй өлгөн да күнүм болду. Силерсиз өмүрүмдүн нечендеген кунарсыз, маңызсыз, максатсыз жылдарын жашадым. Силерди алган ошол түн жалгыз калтырбай мени деле алса эмне?- деп өксүп ыйлап колундагы сүрөттү карайт.

– Кейибечи, жалгыз эмессиң, биз дайыма жаныңдабыз,- дегендей карайт сүрөттөгү көздөр.

– Кантип кейибейин, биз ошондо шаарга барбаганда, ошол каргашалуу кырсык болбогондо, минтип соксоюп жалгыз калбай, неберелеримдин күлкүсүнө тоюп отурбайт белем... Сен да, мен да үйдүн жалгыздары элек. Ата-энебиздин көзү өтүп, жалгызсырап калганда тагдыр бизди табыштырды. Бири-бирибизге арка-жөлөк кылып жолубузду бириктирди. Эгиз козудай ээрчишип, ынтымакта жашадык. Зарыгып жүрүп уулдуу болгондо төбөбүз көккө жете кубандык эле. Бактылуу күндөрүбүз кыска экен.

Кемпирдин колундагы эскирген сүрөт бактылуу көз ирмемдерди чагылдырган жалгыз эстелик эле. Жүздөрү күлкүгө толгон жолдошу, уулу, кучак толо гүл кармаган өзү. Ал күндү эстеди.

– Марипа, эртеңкиге даярдангыла, туулган күнүңдү шаарга барып өткөрүп келебиз,- деп күүлдөп кирип келбеди беле Медери.

– Кыштын суугунда шаарга эмне бар, үйдө эле бололу.

– Күн суук болсо эмне экен, машинабыз бар. Барып туулган күнүңдү өткөрүп, кечинде келип калабыз.

– Койчу, туулган күнгө да ушунча убара болчу беле?- деп Марипа каршы болгон. Бирок ата-бала апасын бат эле көндүрүп алышкан.

– Апа, баралычы, мен дагы шаарды көргүм келип жатат. Атам «сүрөткө түшөбүз» деди, биздин сүрөтүбүз жок го,- деген чебелектеген уулу Бекболсун.

Медер эртеси унаасына жубайы менен уулун салып калаага жөнөгөн. Эмнегедир бул жолу Марипанын туулган күнүн өзгөчө өткөргүсү келген. Ресторанда тамактанып, ээрчише басып шаар кыдырышты. Ошол күнү булардан өткөн бактылуу киши жок эле. Кучак толо гүл көтөрүп келаткан Медерди көрүп Марипанын көздөрү жайнап кеткен. Дал ушул учурда сүрөткө түшүшкөн. Бул үчөөнүн бирге түшкөн жалгыз сүрөтү болуп калды. Марипа ошондо акыркы жолу гүл алганын кайдан сезсин?

Каалганы кимдир бирөө тыкылдатты. Кемпир ишенбеди, бирок эшигин бирөө кагып жатканына кубанды. Эшикти ачып сыртта турган кошунасы Анараны көрүп көздөрү жайнап, кудуңдап сүйүнүп кетти.

– Кандайсыз, апа, жакшы турасызбы?

– Кудай деп жүрөм, айланайын. Өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү? Сенден башка эшикти тыкылдатып мага ким келет дейсиң? Кел, кирегой.

– Жок, апа, шашып жаттым эле. Биз жумуштарыбыз менен келгенбиз. Бүгүн кайра Ошко кетип жатабыз. Бул тамак, азыктарды сизге таштап коёюн дегем, жакшы туруңуз,- деп колундагыларды бере салып шашыла жөнөп кетти.

– Рахмат, балам, жакшы жүр,- деп кемпир Анараны узата карап кала берди. Минтип келип кеткен киши ага чынында дем-күч болот. Бөжөңдөй басып шорпону жылытып ичти. Мындай ырыстуу тамак иче элегине көп болуптур. Жалгызсыратпай Кудай ага ушул коңшусу Анараны берди эле, аны да алыстатып койду. Күйөөсү жумушунан Ошко которулуп, эки жылдан бери ошол жакта. Кээде келип Марипа апага сөзсүз кирип тамак-ашын берип кетет. Бир аз отуруп сүйлөшүп кетчү. Бул жолу отурмак түгүл, үйгө баш бакпастан шашып кетти.

Кыш, анын үстүнө чилде маалы, эшикте ит өлгүдөй суук. Бөлмө эптеп эле жылып жаткан. Кемпирдин буттары муздап, муундары сыздайт, батареяга кактаганы менен, анда деле жарытылуу жылуулук жок. Марипа апа үйдүн күндөгүдөн да муздак болуп калганын байкады. Бирок «качан эле мемиреп жылуу жүрчү элем?» деп өзүн жекирип койгон. Анткен менен чындап эле бүгүн шаар жылуулуксуз калган эле. Шорпого курсагы тойгон кемпир керебетинде ар нерсени ойлонуп жатты. Буттары абдан үшүп кечкурун туруп батареяны кармап көрсө таштай муздак.

– Булар эмне мени тоңдуруп өлтүрөйүн дешкенби? Ушул суукта кантип жылуулукту токтотсун?- деп ачуулана сүйлөнүп коёт. «Суукта кантти экен?» деп сурап коёр бирөөсү болсочу.

Үшүгөнүнөн буттары кыймылга келбей баратты. Байкуш кемпирдин айласы куруду. Мындай муздакта отура албайт эле. Кемпир ашканадагы электр плиткасын өкчөңдөп көтөрүп келип керебеттин жанына сайып алып кактанып отурган. Бир аз жылый түшкөн жаны кыйшая жатып көзү илинип кетти. Түшүндө абышкасы менен уулун көрдү. Дал ошол унаа оодарылып кеткен жерде үчөө жетелешип алып кетип баратышкан экен.

Какаганга муштаган болуп түн ичинде оронуп отурган жууркандын бир учу жылыткычка түшүп калды. От бат эле алоолонуп тутанып кетти. Алсыз кемпир ордунан тургуча, жалын керебетти каптады. Кыш башталгандан эч жылыбаган буттар ысып, алоолонгон жалында күйүп баратты. Кемпир чочуп ойгонуп, жуурканды силкип, жерге күп этип кулап түштү. Жан далбастап оозгу бөлмөнү көздөй жөрмөлөп баратып каалгадан чыгайын деп жатканда эс-учун жоготуп кулады. Жалын пардага, дубалга илинген килемге жетип кичинекей бөлмөнүн ичин курчады. Түн бир оокум болгонго, анын үстүнө мындай суукта көчөдө жан киши жок эле. Терезе күйүп айнеги жерге түшкөндө биринчи кабаттагы кошунасы чочуп ойгонуп, дароо сыртка жүгүрдү. Дал үйүнүн тушундагы үчүнчү кабаттагы бөлмөдөн чыгып жаткан өрттү көрүп жүрөгү оозуна тыгылды. Айгай сала кыйкырган аялдын үнүнөн кошуналардын баары сыртка атып чыгышты.

– Өрт өчүрүүчүлөргө кабар берели!

– Ичинде киши бар болду бекен?

– Кайда кетти дейсиң, бир кемпир жалгыз жашачу.

Коңшулардын бири эшикти талкалап кирип барды. Күйүп бараткан кемпирдин буттарын күрмөсү менен чапкылап, эшикке көтөрүп жөнөдү.

Өрт өчүрүүчүлөр, «Тез жардам», милиция баары келди. Өрт да өчүрүлдү. Кемпир ооруканага жеткенде жан берди. Баягы сүрөт көкүрөк тушуна кыстарылган бойдон калыптыр. Ошончо үйдү жалмаган жалын ошол сүрөткө тийбептир. Сүрөттү көкүрөгүнө бекем кысып кемпир уулу менен абышкасына сапар алды. Мындан эчен жыл мурун дал ушул күнү шум ажал Медерин, Бекболсунун алган. Бул күнү өзүн алды. Балким, эми алар биргедир...

Арзу Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Altynbekova.01
2020-12-21 13:05:40
Журокту оорутасынаргооооо
+3
Margana93
2020-12-21 18:10:01
Окунучтуу
0
Erlan_95
2020-12-21 20:11:28
Ухх, журогум ооруп кетти ыйлагым келип((((
0
shahlet
2020-12-22 23:01:06
Жалгыз жашаган кошна кемпир бар эле, ошол эжени эстеп кеттим. Кудайым бейишинен орун берсин!
0
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан