5 ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН JACKSON WANG

Жексон. Бул фамилияны укканда легендарлуу ырчы, поп-музыканын падышасы Майкл Жексон эсиңизге келдиби? Бирок биз бүгүн Майкл Жексон жөнүндө эмес, учурда k-pop музыкасы менен дүйнөгө таанылган, өзүн ар тараптан сынап келе жаткан таланттуу мырза Жексон Ван тууралуу сөз кылабыз.

Аты-жөнү: Ван Цзя Эр

Псевдоними: Жексон Ван

Туулган жери: Кытай, Гонконг шаары

Туулган жылы: 1994-жыл, 28-март

Бою: 175 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, агасы бар

Кесиби: «GOT7» тобунун ырчысы, рэпер, бийчи, модель, актёр, алып баруучу

Лейбл: JYP

АТАКТУУ СПОРТЧУЛАРДЫН БАЛАСЫ

26 жаштагы Жексон Ванды Азия эли түштүк кореялык популярдуу «GOT7» тобунун ырчысы, рэпери катары тааныган. Учурда аны Азия эле эмес, Европа, АКШ өлкөлөрү да таланттуу ырчы, рэпер катары баалашат. Адатта ырчылардын атасы же апасынын чыгармачылыкка анча-мынча болсо да чымыны бар болот эмеспи. Жексон Вандыкы чыгармачылыктан алыс, тагыраак айтканда, чыныгы профессионал спортчулар эле. Атактуу үй-бүлөнүн кожоюну Ван Руижи фехтование боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү, улуттук курама команданын машыктыруучусу, ал эми апасы София Чжоу гимнастика боюнча Дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын катышуучусу.

БААРЫ БИР АТАКТУУ БОЛМОК...

Апасы Ванды 6 жашка чыкканда гимнастикага жетелеп барат. Кичинесинен тырышчаак бала машыгып отуруп спорттун бул түрү боюнча Гонконг чемпиондугун утуп алган. Бирок анын ою өзгөрдү, гимнастиканы таштады. Бир жолу атасы менен анын жумушуна барып, фехтование жагып калат. Ошентип, машыктыруучусун апасынан атасына алмаштырган Ван 5 жылга жакын фехтование боюнча ар кайсы сынактарга катышып жүргөн. Көптөгөн алтын медалдарды коллекциялап, Олимпиадалык оюндарга даярдык көрүп, спорттогу жетишкендиги үчүн Стэнфорд университетинин атайын стипендиясына ээ болгон жигиттин ою дагы өзгөргөн.

Гонконгдогу Америка эл аралык мектебинде билим алган Ван классташтары менен баскетбол ойноп жүргөндө түштүк кореялык JYP агенттигинин кызматкерлери ага кызыгып калып, кастингге чакырышат. Эмнеге болбосун деп барган Ван ал кастингден ийгиликтүү өтүп кеткен. Алдыда олуттуу чечим кабыл алыш керек эле: же профессионал спорт, же музыка дүйнөсү. Кызыгы, Вандын чечими музыкага ооп, спортту, буга чейинки жеткен ийгиликтеринин баарын жыйыштырып коюп, 2011-жылы Түштүк Кореяга, Сеулга келе берген. Эгер азыр ал ырчы болбосо, баары бир спортчу катары атактуу болмок.

ӨКҮНҮЧ...

Буга чейин ийгиликтин үстүндө жүргөн жигит башка өлкөгө келип, чыгармачылыкка аралашканда көптөгөн оорчулуктарга туш келген. Тил билбестик, тааныш эмес өлкөнүн каада-салты, маданияты, айтор, бардыгы чоочун эле. Кытайда активдүү, кайда жүрбөсүн шайыр-шат жүргөн бала чоочун өлкөгө келгенде үйүргө жаңы кошулган жаныбардай эле өзүн жаман сезген. Стажировкада жүргөн 2,5 жыл аралыгында ал музыканы тандаганына, Сеулга келгенине өкүнгөн учурлар болгонун айтат. Бирок ал кайрадан ийгиликти өзүнө карата алды. 2014-жылы «GOT7» тобунун курамында дебют жасаган. Учурда дүйнөлүк популярдуулукка жеткен бул топ тууралуу биз мурунку сандарыбызда кенен маалымат бергенбиз.

ҮЛГҮ АЛЧУ АДАМ

«GOT7» тобуна кошулгучакты Жексон Вандын башынан кандай кыйынчылыктар өткөнүн аз да болсо айтып өтпөдүкпү. Ван ал кыйынчылыктардын баарын сыноо катары кабыл алып, баарын жеңип чыкты. Башында тилден кыйналган ал учурда полиглот: кытай (кантон, мандарин, шанхай диалекттерин), корей, англис, француз, япон тилдеринде эркин сүйлөйт. Мурда аны мекенинен сырткары эч жерде тааныбаса, азыр аны тааныган мамлекеттердин саны ондоп, күйөрмандары миллиондоп саналат. Чыгармачылыкка жаңы киришкенде өзү башка элдин маданиятын, музыкасын үйрөнсө, азыр өзү маданият жайылтуучу, музыка сүйүүчүлөрдү жетелөөчү адамдардын катарында. Жалпылап айтканда, ал – билимдүү, маданияттуу, таланттуу, үлгүлүү жаштардын катарында.

#TeamWang

Мындай таланттуу адам бир гана топ менен чектелип калбасы күтүлгөн эле нерсе болчу. Жексон Ван аз убакытта эле өзү ыр жазган, обон чыгарган музыкант болуп чыга келди. Ал жеке карье-
расына да көп көңүл бурат. 2017-жылы TeamWang аттуу студия ачып, азыр бул ири музыкалык компанияга айланды. Жеке ырчы катары Кытайдын, АКШнын белгилүү ырчылары менен дуэт аткарды. Анын ырлары дүйнөлүк музыкалык чарттарда жакшы кабыл алынды, альбомдору миллиондогон нуска менен сатылды. Ал өзүнүн атын түптөй алды, анын мезгили келди – TeamWang.

– Ван, «100 Ways» ырыңыз аркылуу пандемиядан жабыркаган дүйнө элине дем бердиңиз окшойт...

– Пандемиядан көп адамдар өзүнө сабак алды окшойт. Өзүм болсо баарын убакыт жеңерин, сүйүү дем берерин түшүндүм. Эгер ырларымды уккан болсоңуз, дээрлик бардыгы сүйүүнү даңазалаган. Учурунда сүйүп үлгүрүшүбүз керек экен. Ошол эле күнүмдүк жеген тамагыңды, кийген кийимиңди, жасаган жумушуңду сүйө бил. Жакындарыңды сүй, баала. Эгер сүйбөсөң жашоодон ырахат ала албайсың. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн, аны пандемия жакшы эле көрсөттү окшойт. Ошондуктан мен күйөрмандарымды колумдан келген музыка менен дарылайын деп чечтим,- дейт журналисттин суроосуна биздин каарман. Мен дагы Вандын сөзүнө кошулам, окурман, убагында өзүбүздү, жакындарыбызды сүйүп үлгүрөлү.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ainura220888
2020-12-21 12:56:29
Ван сан чан пан дебей озубуздун чокморов жонундо сооонун материял даярдасанар анданда сооонун болмок
+1
Aikyz.00
2020-12-21 14:48:44
ainura220888, сизге кызыгы жок болсо эмнеге окуйсуз дейм да убара болуп
+3
Aikyz.00
2020-12-21 14:47:48
Джексон❤️
0
Erlan_95
2020-12-21 20:34:35
Красивый мужчина
0
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан