ЫСЫК-КӨЛДӨ 13 ЖАШАР КЫЗ 7 АЙ БОЮ ЗОРДУКТАЛГАН. СОТ 2 АЙЫПТАЛУУЧУНУ БОШОТТУ

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жашар кыз зордукталып, ага тиешеси бар делген 2 адамдын сот тарабынан бошотулушу коомчулукта нааразычылык жаратты. Талкуулар күчөп, ал тургай зомбулукка кабылган аярлуу катмарды колдоо иретинде Бишкек шаарында бир катар жөө жүрүштөр да өттү. Биз жабырлануучу жана сот тарабынан бошотулган жарандар тараптын пикирин билүү үчүн Ысык-Көлгө барып, окуяны жеринен иликтеп кайттык.

“ЖАБЫРЛАНУУЧУ ТАРАПТАН АРЫЗ ТҮШӨ ЭЛЕК”

Жабык сот отурумдарында каралган жазык иши боюнча Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы буларды айтты:

– Тоң райондук сотунун 2020-жылдын 2-декабрындагы өкүмү менен айыпталуучу К. уулу Ж. жана 11-декабрдагы өкүмү боюнча С. уулу Э. Жазык кодексинин 161-беренесинин 1, 4-бөлүгү боюнча күнөөсүз деп табылып, алардын аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталышты. Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан бошотулушкан.

Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Тоң райондук сотунун 2020-жылдын 11-декабрындагы өкүмү менен айыпталуучу К.У. Жазык кодексинин 161-беренеси менен жиктелген кылмыш аракеттери 164-берене (16 жашка чыга элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кайра жиктелип, ушул берененин негизинде күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз камактагы бойдон калтырылды.

Тоң райондук соту берген маалыматка ылайык, азыркы учурда кабыл алынган сот актыларына карата жабырлануучу тараптан апелляциялык арыз келип түшө элек. Анткени соттун өкүмү бир айдан кийин күчүнө кирет. Бирок облустук прокуратура 2-декабрда чыгарылган чечим боюнча апелляциялык сунуш киргизди. Башкаларына да киргизет.

“КЫЗЫМДЫ ҮЧ КИШИ КОРДОП ЖҮРҮПТҮР”

Айылга барсак кыздын ата-энеси тоодогу кашарынан түшүп келишти. Кыздын атасы окуянын чоо-жайын төмөнкүчө баяндап берди:

– Бул окуя өткөн жылдын 28-ноябрында болгон. Негизи май айынан тарта кызымды 3 киши кордоп жүрүптүр. Биз бул тууралуу билбептирбиз. Кылмышка шектелип 3 айылдашыбыз кармалды. Эң биринчи болуп мектепте от жагып иштеген 25 жаштагы С. уулу Э. аттуу жаран кызымдын абийирин ачкан экен. Андан кийинкиси К. уулу Ж. ошол эле мектепте уста болуп иштейт. Үчүнчүсү 41 жаштагы К.У. аттуу жаран болгон. 28-ноябрда кызым сабактан келип, көчөгө чыгып кеткен боюнча жок. Биз сарсанаа болуп издей баштадык. Досторуна, тууган-урукка телефон чалып сурадык. Милицияга бир күнчө кабар бербей туралы деп кеңештик. Түнү бою уктай албай, сарсанаа болдук. Эртеси айылда бир жигит кайтыш болуп, ошол жерге барууга туура келди. 29-ноябрда кечки саат 18:30дар чамасында үйгө келгенден коркуп, кызым кошунабыздын үйүнө барыптыр. Мен аны угуп барсам, ал жерде сүйлөй албай ыйлап отурган экен. Кызым чындыкты айтчудай эмес, алдап-соолап отуруп, Урмат менен шаарга барганын уктум. Жиним келгенден чыдабай Урматты көчөдөн таап, сабап жибердим. Аны үйгө алып келип, айылдык тескөөчүгө телефон чалдым, ал Тоңдун тергөөчүлөрүн чакырыптыр. Булар иштешпейт экен. Менин бир тууганым Бишкектен алардан биринчи келди. Тоңдун тергөөчүлөрү келип, “бул ишти эч ким билбесин” деп аялым менен кызыма акча сунушташкан. Биз калп эле “мыйзам, мыйзам” дегенибиз менен, ал иштебейт экен.

“КОРДОГОНДОРДУН ЭКӨӨ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРҮШӨТ”

– Кызым бизге эч нерсе айтпай койду. Тергөөнүн жүрүшүндө 41 жаштагы К.У. аттуу жаран кызымды алдоо жолу менен Бишкекке алып кетип, зордуктаганы белгилүү болду. Ал дагы эки жаран кызды зордуктап жүргөнүн белгилеген. Мен Тоңдун тергөөчүлөрүнө жана Тоң райондук сотуна нааразымын. Анткени райондук сот шектүүлөрдүн бирөөнү ушул жылдын 2-декабрында, экинчисин 11-декабрда бошотуп, кылмышты 41 жаштагы жаранга оодарып коюшту. Ал 7 жыл 6 айга кесилди. Тиги экөө сотко акча берип бошонуп кетишти окшойт. Кызымды биринчи болуп зордуктаган жигит жана анын классташы эркиндикте жүрүшөт. Сот Сабыр Соодонбеков эмне себептен аларды актайт? Бардык далилдер, биологиялык экспертизанын жыйынтыгы бар. Мен Бишкектеги жогорку органдарга арыз менен кайрылдым. Кызымдын тагдырына балта чапкандарды жазасыз калтырбайм.

“АЛ ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ ДЕП ЖАТАТ”

Кызынын өмүрү үчүн кооптонгон апасы төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Кызым үйдүн кичүүсү, эки агасы бар. Биз мал менен тоодо болгондуктан кызым чоң атасы менен айылда жашап жаткан. Ал жер деле алыс эмес, күндө бир маал келип-кетип жүрчүбүз. Кызым жарым жылдан бери кризистик борборлордун биринде дарыланууда. Дарыгерлер аны нормалдуу жашоого кайтара албай жатышат. Тигилер боштондукка чыкканын угуп, телефон аркылуу “апа, жашагым келбей калды. Атам экөөңөр мага ыраазычылыгыңарды бергиле. Силерди уят кылдым” деди. Азыркы убакка чейин аны антпе деп алдап жатам. С. уулу Э. кызымды эски мектептин имаратына алып барып зордуктап, видеого тартып алып, “классташтарыңа көрсөтөбүз” деп коркуткан. Эки бала сот тарабынан бошотулгандан кийин туугандары “кайра арыз жазбагыла” деп келип, бизге 100 миң сом сунушташты. Күнөөлөрүн моюнга алып, “кыздын окуусуна жардам беребиз” деп, дагы көп нерсе убадалашты. Биз баш тарттык. Кызымдын тагдырын акчага баалабайм. Анын келечегине балта чапкандар акыйкат жазаланышы керек.

“СОТ АКЫЙКАТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ”

Биз экинчи тараптын оюн угалы деп барсак, алар биздин келгенибизди угуп, 30га чукул адам чогулуп турушкан экен. Шектүү С. уулу Энин бир тууганы Эрлан Кудабаев төмөнкүлөргө токтолду:

– Бир жыл тергөө иши жүрдү. Балдардын күнөөлүү экени далилденген жок. Биз кыздын ата-энесине баланын күнөөсү жок болсо да барып кечирим сурап, жардам иретинде акча сунуштадык. Анткени бизди да ак жерден күнөөлөп жатышат. Барбаган жерибиз калган жок. Мен эки бир тууганмын, ата-энебиз жок. Сот акыйкат чечим чыгарды. Эми ал чечимге макул болбой жатышат. Алар бизди “судьяга акча берип сатып алды” деп чыгарышыптыр. Бизде андай акча жок. Үйдө карандай чай менен отурабыз. Кыздын абалын түшүнөбүз. Бирок кичинекей кыздын көрсөтмөсү менен соттотуп жиберүүгө болбойт да. Сотто апасы “мындай деп айт” деп үйрөтүп жатат. Эгер иним күнөөлүү болсо ачык эле моюнга алмак. Биздин балдар ак, андан башка эч нерсе айта албайм.

“БАЛАМДЫ КАМАТПАЙМ”

К. уулу Жнын апасы Батина Төлөнгутова буларга токтолду:

– Баламды ак жерден күнөөлөп жатышат. Тергөө иши ИИМдин башкы башкармалыгында болду. 10 ай камакта жатты. Айла кеткенде кыздын ата-энесинин үйүнө да бардым. “Эмне десең ошого макулмун, баламды бошоткулачы. Күнүм өтпөй калды” дедим. Биз да кыйналып жашайбыз, баламдын эки баласы бар. Аны каматып койсо бизди ким багат? Журналисттер окуяны териштирбей туруп бир тараптуу кылып берип жатышат. Кыз өзү ошол кесилген баланын үйүнө барып жүргөнүн кошуналар көргөн экен. “Ал жерде эмне кылып жүрөсүң?” деп сурашса, “үй жыйнап, кир жууп бер деп чакырган” дептир. Балам ал кызды айылдаш катары эле тааныйт. Ташбараңга алса мени алсын. Баламды каматпаганга бүт күчүмдү жумшайм.

“СОТКО АКЧА БЕРГЕН ЖОКПУЗ”

К. уулу Жнын жубайы Бүбүсара Кубанычбек кызы буларга токтолду:

– Сегиз жылдан бери бирге жашайбыз. Эки балабыз бар. Мен күйөөмдү мындай ишке барат деп ойлобойм. Эгер ал ичип-чегип, көчөдө жүрсө күмөн санайт элем. Экспертизадан 41 жаштагы кишинин күнөөсү бар экендиги аныкталды. Калган экөөнөн далил таба алышкан жок. Бошонуп чыгышса эми кайра соттун үстүнөн арызданып жатышат. Жолдошумдун ден соолугу начарлап кетиптир. Учурда дарыланып жатат. Бизди 100 миң сом сунушташты деп жатышат. Керек болсо азыр 100 сомубуз жок отурабыз. Сотко акча берген жокпуз, сот таза чечим чыгарып берди.

Жолдубек Качкынбаев

 Кыстарылган видео 
13 жашында 6 ай зордукталган кыздын окуясы: тараптардын талаш тартышы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Erlan_95
2020-12-21 19:59:08
1. Эгер алар жалаа жапкысы келсе акчанарды алмак да.
2. Кайсы жерден 13 жаштагы кыздын чон эркектерди соблазнять эткенин кордунор эле какбаштар!!!
3. Баарынарда кыз же бала бар, келечекте силердин кылганынарды ошолор тартканда коросунор.
4. Бул эки эшекти вазектомия кылдырып, катындарын стерилизация кылдырыш кк. Ушундай чириктер коомубузду булгап жатат.
5. Эгер ал силердин баланар же куйооноо болсо эле бул ал аппак дегенди билдирбей бет тырмаган эшектер.
+2
Aliza_96
2020-12-22 17:18:27
Айыл эли чогулуп экоону таш баранга алып, же атып олтургуло
+1
seide027
2020-12-23 08:38:59
Кунокоорлорду Аллахым оз билгениндей жазаласын. Айбан десен айбан да мындай ыпалыстыкты кылбайт.
+1
friendwipkg
2020-12-26 12:42:55
Кайсы тарап көп акча берсе, актагыла.
0
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан