(Башы өткөн сандарда)
Таптаттуу эриндер… Жинди кылган, эркиңди сындырып, байлап алган эриндер. Убакыт токтоп, дүйнө саамга унутулуп, бөлмөдө бакыт кожоюндук кылып жаткандай болду.
xxx
Көзүн ача берип эбак түш болгонун түшүндү. Шуулдаган шаардын добушу угулат. «Кеткен экен» деди. Андан ары ойлонууга деле чамасы жеткен жок. Жомоктон реалдуулукка кайткысы келбей ойлорун бош койду. Ой куубады.
– Кетебизби?- аркасынан кыздын үнүн укту.
Жылмайып жиберди. Кубанганы го…
– Мм-даа…- үшкүргөндөй болду Тилек.
– Тезирээк кийин. Мен көлдү сагындым.
– Кандайча?- жигит оодарылып чачын тысырайта байлап, алыс жолго чыкчудай даярданып алган кызга карады.
– Көлгө кетебиз.
Баарын чечип коюптур. Сурабай-этпей эле. Дагы аргасыз жылмайып ордунан турду.
– Кайдагы көл?! РОВДга барабыз.
– Сенин ордуңда мен көлдү тандамакмын. РОВДга эртели-кеч барабыз. Мен сени ашканада күтөм.
ххх
Суу толтурулган стаканды көтөрүп какшытып болгон соң кызды сынай карап:
– Сен кечээки түн жөн эле кокустук болгонун түшүндүң да, ээ?
– Албетте!- кыз да аны сынай карап жооп катты.
– Андай болсо кеттик!
– Кеттик!
Экөө машинага келип түшкөнчө үндөшкөн жок. Кызда кандайдыр бир кабатыр ойлор жок сындуу. Ал кырдаалды толук көзөмөлдөп алгандай. А Тилек ичинен уйгу-туйгу… Ал азыр кызды милиция бөлүмүнө жеткирери менен бардыгы артка кайтпасын жакшы түшүнүп турат. Башка жолу деле жок. Бирок мындан аркы жашоосунда эч убакта дал ушундай кызга да жолукпайт. Мындай сезимди сезе албайт дагы. Муну моюнуна алган жок. Бирок жан дүйнөсүнүн тээ түпкүрүндө белгисиз бир сезим ага ушул чындыкты какшап туруп алды.
– А эмнеге көлгө?- машинага отурары менен сурады.
– А эмнеге РОВДга?- кыз суроого суроо менен жооп кылды.
– Себеби сен кылмышкерсиң. А мен…
– Жо-ок, сен ал эмессиң! Сен башкасың. Сен, мен – экөөбүз башкабыз.
– …
– Сен эркиндикти көрүп келип, эркиндиктин абасы менен дем алып туруп, кайра өзүңдү өз түрмөңө камаганы барасыңбы? Мейли, эрк сеники…
– Философия…- Тилек какшыктады.
– Чыныгы сени менден башка эч ким көрө албайт. Сен башкага көрсөтпөйсүң дагы.
– Сени эмне цыгандар тарбиялашты беле?
– Жок.
– А эмне эле бакшы болуп жатасың?
Кыз үнсүз гана жылмайып койду.
– Эмне күлөсүң?
– Айтсаң... Мен эртең менен сен ойгонгуча качып кете алмак белем?
– Балким…
– Эмнеге качкан жокмун?
– Жинди болсоң керек да.
– Мен сени издеп жүргөм.
«Эмне?» деп түшүнбөгөндөй карады Тилек.
– Сен мени издегендей эле, мен сени издеп жүргөм.
– Азамат экенсиң. Милицияны издеген кылмышкерди биринчи көрдүм. Жүрү эми РОВДга.
Унаасын от алдырып жөнөй берди.
ххх
– Таак, мына бул мага, а бул жагы сага,- Тилек кишендин бир шакекчесин өз билегине, бирин кызга такты. Анан милиция бөлүмүнүн имаратын карай жөнөдү.
– Кечээки нерсе болгон жок. Унут, макулбу? Сен кылмышкерсиң. Мен опермин. Кечээ келишкендей эле…
– Жарайт,- кыз жылмайып койду. Ичке сындуу чыпалагы менен жигиттин чыпалагын кармап алып ээрчий жөнөдү.
ххх
– Охоо…- иш бөлмөдө отурган Марс ордунан тура калды.
– Саламатсызбы?- деди кыз ага жылмая карап.
– Ай энең... Эч нерсе болбогондой учурашат го бул. Саламатчылык. Өзүң кандай, жакшыбы?
– Жакшы-ы…
– Жалжактабачы, эй!- Тилек кызды жаман көрө тиктеди. – Отур мындай!- өктөм сүйлөп, батареянын тушундагы отургучка отургузду.
– Шеф өзүндөбү?- деди анан ал Марска карап.
– Аа… Ооба,- кыздан көзүн албай турган Марс чочуп жооп берди. Тилек үн-сөзсүз билегиндеги кишенди чечип, батареянын түтүгүнө илип беките салды.
– Азыр келем,- деди анан ал кызга отчёт берген өңдүү. Марсты бир сынай карап алып, сыртка чыгып кетти.
ххх
– Таак, Тилек… Башкасы башка маселе. Ал жагын кандай кыласың, кантип бүтүрөсүң, ал сенин ишиң. Башкысы Ороздун аялынын алтындары… Уктуңбу? Биринчи тапшырма ушул. Алтындар табылсын. Тезирээк сүйлөт. Алдайсыңбы? Коркутасыңбы?
– Түшүнүктүү… - Тилек баш ийкеди. Жетекчиси булгаары креслосунда ары-бери термелип сүйлөп жатты.
– Мурда соттолгон бекен?
– Соттоло элек го, менимче. Азыр запрос жөнөтөм.
– Хорошо. Түшүндүң да, ээ? Керек болсо Ороздун аялынын алтындарын айтсын, коё беребиз дей бер. Ороз капа кылбайт сени да. Алтынды эле таап алсак… Калганы само собой. Анан дагы бир нерсе, алтындар кайда экенин билгенден кийин мага чалып кой. Мүмкүн, тиги кызды Ороз менен жолуктурабыз… Ал кичине жинденип калыптыр.
ххх
Иш бөлмөсүнө жеткиче шашты. Бир түшүнүксүз сезим шаштырды. «Ошо кызды мен суракка алайынчы» деп көзү күйгөн Марстын элеси тартылып, кадимкидей шаштысы кете түштү.
– Ха-хаа,- эшик ачылганда эле Марстын каткырыгы угулду. Ал кызга жакындап отуруп алыптыр. Кыз жылмайган абалда. Кыязы, экөө бир нерсени сүйлөшүп отурган окшойт.
– Эмне болду?- жактырбай үн катты Тилек.
– Боорду эзип жатпайбы! Молодец экен мунуң...
– Эмне иш жокпу сенде?
– Иш бар. Толтура… Анан айтсаң эле чечинип диванга жата калдыбы?- Тилектин сөздөрүн элес албай эле кызга суроолуу тиктеди Марс.
– А сиз эмне чечинбейт белеңиз?- кыз күлүп сурады.
– Ха-хаа… Менин акчам жок. Мени чечинтпейт болчусуң сен. Жанагыларды ырас кылыпсың бирок. Эркекче!
– Эй, Марс! Бар эшикке чыгып тамеки чегип кел!
– Мен кабинеттен эле чегем.
– Эшикке чегип кел дедим сага!- Тилек өктөм сүйлөдү. Марс бир аз буйдала түшүп, анан аргасыз сыртка бет алды.
ххх
– Сонун байке экен,- деди Сабина ал чыгары менен.
– Кайда экениңди унутпасаң, макулбу?!- ачуулуу сүйлөдү.
– …
– Акчаларды кайда каттың эле?! Алтындар…
– Ороз байкенин алтындары жөнүндө сөз болуп жатабы? Ал чебелектегидей эле бар негизи… Аялы анын башка кызды караганын билчү болсо соо койбойт. Эптеп шылтоо таап ажыраша албай жүрөт. Ажырашканда Ороздун мүлктөрүнүн жарымынан көбү аялына өтүп кетет. Ал эмне деген байлык?!
– Сен өзүң жөнүндө ойлон! Башканы эмне кыласың?
– А мен ойлонгондо эмне?! Силерде башка деле жол жок. Мен түрмөгө барышым керек. Канча отурарымды билем. Кандай отурарымды да билем.
– Түрмөдөн мурун Ороздун алдына барып калсаңчы?
– Шефиңе ошончо таасири күчтүүбү, ээ? Айырмасы жок. Жолуга берем…
ххх
Айтылгандай эле түнкү 12ден өтүп кыз Орозго жолугуу үчүн Бишкектеги сауналардын бирине алып барылды. Тилек аны коштоп барды.
– Ах, канчык…- кызды көрөрү менен ордунан тура калды Ороз.
Чаап жибербесин деп Тилек арачалоого даяр турган. А кыз болсо адаттагыдай эле жылмайып гана койду Орозго.
– Мен сага колума түшөсүң деп айттым беле? Сени менен өзүм сүйлөшөм дедим беле?
– Ооба…
– Билесиңби, эмне кылам сени?
– Өлтүрө албайсыз, ээ?- кыз андан сурангандай жооп кайтарды.
Бул нерсе Орозду өзүнөн чыгарып жиберди. Капыстан эле кыздын чачын бурай кармап өзүнө тартып, көзүнө тик карады. Ортого түшө калмакчы болгон Тилекке төрдө отурган шефи тим кой дегендей кол жаңсады.
– Оп-оңой өлтүрүп коём, уктуңбу? Оп-оңой!- кызды чачынан жерге кулата силкти. Бул ирет да ордунан обдула түшкөн Тилекке шефи кыйкырды: «Тиля!» Куду команданы күткөн овчаркадай эле туруп берди. А бул учурда Ороз кулап түшкөн кызды бир нече ирет тээп жибергенге жетишти. Тилектин колу эмнегедир тапанчасына жетти…
(Уландысы кийинки санда)