Ушул тапта шайлоо алдындагы үгүт, дебаттар чыңалган чегине жетип турган учуру. 29-сентябрь күнү жалпы Кыргызстандын калкы УТРК аркылуу Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун дебатына күбө болушту. “Ата Журттун” лидери суроо берүү кезеги келгенде зилзаладан жабыркаган элдин көйгөйүн айтып: “Кечээ Алайдын Нура айылына барып, жолугушуп кайттык. Жер титирөөдөн кийин салынган үйлөр жыл айланбай урай баштаптыр. Ал үйлөрдү 1-вице-премьер-министр болуп турган кезиңде сен салдырган элең. Эми эмне деп жооп бересиң?”- деп Бабановду бурчка такамакчы болду. “Республиканын” лидери да жөн калбай: “Ал үйлөрдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп турган сен салдырбадың беле?..”- деп ийин куушурду. Камчыбек мырза: “Биз жол, мончо, спортзал салып, электр жарыгын киргизгенбиз”,- деп кызаңдады.
Данияр Үсөнов менен урушуп, кызматтан кетерден үч күн мурун Камчыбек Ташиев бизге интервью берип: “Ажонун тапшырмасы, жабырлануучулардын жашылданган көздөрү мага кантип тынчтык берсин? Нуралыктар ыраазы болмоюнча айылды оңдоп-түзөйм деп өзүмө-өзүм сөз берген элем. Айыл тургундарын үй-жай менен камсыз кылдык. Ага кошо жолун, суу түтүгүн оңдоп, электр линияларын калыпка келтирип, спортзал, мончо куруп бердик”,- деп өз оозу менен айткан эле. Эми минтип “үйлөрдү биз курган эмеспиз” деп отурат. Кызык, Камчыбек мырза кайсы учурда калп айтты экен? Бизге маек бергендеби же кечээги дебаттабы?