- 13 жашар кызды зордукташыптыр. Бирөө эмес, өзү жашаган айылдын 3 тургуну. Бири экинчисин тыйып койгондун ордуна биринин иттигин экинчиси кайталаптыр. Акылга сыйбас окуя! Мындай коомду кандай атаса болот? Менде бул суроого жооп жок, сөз табуу мүмкүн эмес. Нормалдуу коомдо байкелери карындаштарын, аталары кыздарын, улуулар кичүүлөрүн коргойт, жол көрсөтөт. Жаш кыздын зордукталганы өлкөдө алгачкы ирет катталган жок. Буга чейин да зээнди кейиткен канча жаңылыктарды окудук. Бети ачылбай калганы канча дейсиз?! Аталган жаңылыкты окуган күндөн тарта уктай албай, тамак жей албай калдым. Бассам-турсам оюмда 13 жашар кыздын тагдыры. Ушул сыяктуу айбанча мамилени башынан өткөргөн жаш кыздар тууралуу ойлонуп, жанымды коёрго жер таппай жүрөм. Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт. Мындайды коомго айтып туруу керек. Туурасы – ушул сыяктуу окуя катталбаган коомду тарбиялашыбыз керек. Ал баскычка жеткенге чейин ата-энелерге кыздарды коргоонун жолдорун айтып, эскертип турууга мажбурбуз. Бирөөгө акыл үйрөтүүгө акым жок, бирок башымдан өткөн окуяларды айтып, жок дегенде ата-энелерге коңгуроо каккым келет. Балким, абалды колго алчуларга, тагыраагы, бийлик башындагыларга да үнүм жетип калар.
Анда мен 2-класста окучумун. Атам үйгө досун ээрчитип келди. Экөө мас болушуп, ал киши үйгө түнөп калган. Атамдын досу түндө менин жаныма келип, денемди сылап, көкүрөгүмдөн кармалап кетти. Кичинекей кыз эмне болуп жатканын, өзүн коргоону кайдан билсин? Унчукпай эле коркуп жата бердим. Мындай окуяны айтып берсем, ата-энем мени урушат деп ойлочумун, эч кимге эч нерсе деген жокмун. 6-класска келдим. Кошуна байке шоколад берип үйүнө чакырды. Үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып, мени алдына алып отуруп, бетимден, моюнумдан өпкүлөп жатты, үйгө бирөө келип калганда коё берди. Анда да эч кимге эч нерсе айта алган жокмун. Чоңоюп студент болдум. Бир ирет эмес, бир нече ирет шаардан айылга, же айылдан шаарга бара жатып таксиде жанымда отурган эркек аттуулардын санымдан сылап тийишкенин башымдан өткөрдүм. Анда да өзүм күнөөлүүдөй коркуп, унчукпай отуруп берчүмүн. 2-курста акча жетишсиз болуп, иштөөгө туура келди. Кафеге идиш жуучу болуп орноштум. Бир күнү жумуш бүтүп кийимимди которуп жатсам, администратор байке келип, белимден кучактап, жамбашымдан кармалап тийишти. Тайсалдап ар нерсени айтып колунан бошонуп качтым. Ошону менен ал жумушка барган жокмун. Бул менин гана башымдан өткөн окуялар. Мендей болуп канчалаган кыздар ата-энесине айтуудан тартынып, укугун коргогонду билбей, айбан сындуулар жазасыз калып жатышат? Канча деген кылмыш иши кыздардын көз жашында көмүлгөн бойдон калды?
Азыр мен эркектерден корком. Жакындаган ар бир эркектен ошондой ыплас мамилени күтө берем, ошондуктан алардан качам. Эгер кичинемде апам менен атам мени менен ачык сүйлөшүп, көйгөйлөрдү алар менен чогуу чечүү мүмкүн экенин айтышса, балким, мен жок дегенде өзүмдү коргогонду эртерээк үйрөнмөкмүн. Ушундан улам ата-энелердин балдары менен ачык сүйлөшүүсү маанилүү экенин айткым келет. Балдарыңарга ишеним бергиле, кандай абал болбосун анын жанында болоруңарды билдиргиле. Балким, ошондо кейиштүү окуялардын алдын алабыз. Туурасы – кыздарга коргонууну эмес, эркек балдарга кыздарды сыйлаганды үйрөтөлү.
Аруузат