Кытайда 12 жыл мурда каза болгон кыздын сөөгүн казып алып, “арбактарды үйлөнтүү тоюна” колукту катары 80 миң юанга сатышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кытайда каза болуп калган адамды үйлөнтүү салты миңдеген жылдар мурда башталган. Уламыш боюнча, арбактар акыретте жалгыз калбашы керек.
Маркум аял 2008-жылы күйөөсү менен урушкандан кийин өзүнө кол салган. Кыздын ата-энеси жерге берүү каадасын өткөрүп, табытына алтындан жасалган зер буюмдарын салууга көп каражат жумшаган. 2020-жылы ал жердеги зер буюмдар уурдалган. Кийин аны өз жакындарынын бири уурдаганы маалым болгон.
Ата-эне өлүктү жол кырсыгынан каза болгон эркектин үй-бүлөсүнө соодалашкан. 23-ноябрда эки үй-бүлө эркек менен аялды бирге көмүү каадасын өткөрүштү.
Жолдубек Качкынбаев