“Күлкү, күлкү ден соолуктун мүлкү” демекчи бул жолу күлкү жаратуучу белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловду тамашага салып көрүүнү чечтик. Албетте, бирөөнүн машинасын уруксаты жок ачууга биздин акыбыз жок. Ошентсе да бул чоң куудул биздин “чоң” тамашабызды туура түшүнөт деп ишендик.
Алгач Жаныбек Алыкуловго телефон чалып, редакцияга келип интервью берип кетүүсүн сурандым. Алдын-ала түзүлгөн сценарий боюнча куудулдун машинасын катып коюу керек эле. Айтылган саатка интервью бергени Жаныбек мырза жетип келди. “Өх” деп отураары менен машинасынын ачкычын столдун үстүнө койду эле менин көктөн издегеним жерден табылып, ичимден “жым” дей түштүм. Бир аз сүйлөшкөндөн соң Жаныбек мырзаны алаксытып, ачкычын акырын уурдап алуу этабы да ийгиликтүү болду. Машинаны “уурдай турган” жигит сыртта даяр тургандыктан, ачкычты ага бере салдым. Куудул болсо ачкычы оюна келбестен бакылдап,жакында болуп өткөн
“Куудул отурушу” жөнүндө сүйлөп берип жатты. Бул маалда “ууру” жигит машинаны ордунан жылдырып келип, ачкычты кайра мага бергенге үлгүрдү. Мен болсо Жаныбек байке кимдир-бирөөгө телефон чалып алаксыганда ачкычты билдирбей ордуна коюп койдум. Мунун баарын биздин фотокабарчы билгизбей сүрөткө тартып жатты. (Биздикиндей санарип фотоаппарат менен 50 метр алыстыктан жакындатып тартканга болоорун эскерте кетели). Маегибиз бүткөн соң куудул коштошуп, ачкычын алып чыгып кетти. Мен болсо артынан жөнөдүм. Машинасынын ордунда жок экенин көргөн куудул алгач таң калып эки жакты карап калды. Машинасы имерилиште токтоп тургандыктан, аны көргөн жок. Анан эмнегедир дароо эле телефонун чөнтөгүнөн алып чыгып, кимдир-бирөөгө телефон чалып кирди. Анын сүйлөшкөнү бизге даана угулуп жатты:
– Эй, дагы баягыңды карматтыңбы? Көп жинге тийбей машинаны ордуна алып келип кой! Мен телевидениеге барышым керек. Эмне күлөсүң? Ооба, редакцияга келгем, чыксам машинам жок. Сен албасаң анда ким алышы мүмкүн? Сенден башканын колунан келбейт бул...
Куудул ушинтип сүйлөштү да, телефонун чөнтөгүнө салып кимдир-бирөөнү күткөнсүп бир топко чейин турду. Анан кайра бирөөлөргө чалууга аракет кылып жатты. Акыры Жаныбек байкеге чындыкты айтууга туура келди. Машинасын биз жылдырып койгонубузду, мунун тамаша экенин айтсак, ал же күлөөрүн, же ыйлаарын билбей туруп калды. “Эмне үчүн дароо эле бул ишти досуңуздан көрдүңүз?” деген сурообузга: “Анткени, бир досум жакында эле мени менен дал ушинтип тамашалашкан. Көрсө, менин машинама анын машинасынын ачкычы түшөт экен. Ошондон башка эч кимден көргөн жокмун. А силерди катып койду деп такыр ойлогон жокмун”,-дейт күлүп. Ошентип, куудулга машинасын аман-эсен тапшырып, андан кечирим сурап узаттык.