Ирландиянын Берк аттуу тургуну 72 жыл катары менен жалгыз бой адамдар үчүн уюшулган фестивалга барып жүргөн. Бирок өзүнө ылайыктуу жар тандай албай, бойдок көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал 1946-жылы фестивалга биринчи жолу барганда 23 жашта болчу. 72 жашка чыкканча бойдоктор жолугушуусуна бир дагы жолу калтырбай келип турган. Эки жыл мурун ал ден соолугунун начарлашына байланыштуу саякаттоону токтотууга аргасыз болгон.
«Ал эч качан үйлөнгөн эмес. Көйгөй анын сулуулугунан болду. Ага бардык кыздар жагынууга аракет кылышчу. Арасынан бирин тандап, калганын четке кагуу Берк үчүн кыйын болду», - дейт фестивалдын уюштуруучуларынын бири Вилли Дейли.
Жолдубек Качкынбаев