УЙ ТИЛИНЕН САЛАТ, БООРУНАН КУЙМАК ЖАСАҢЫЗ

Кайсы жаныбардын жылы келе жатса, Жаңы жылдык дасторконго ошол жаныбардын этинен жасалган даамдар коюлбашы керек дешет. Биз ушул стереотипти жоюп салалы дедик. Анткени келе жаткан жыл – Уй жылы болсо да, кыргыз дасторконун этсиз элестетүү мүмкүн эмес. Салаттар, коюу, суюк дебей тамактардын көбү уй этинен жасалары талашсыз.

“ТИЛДҮҮ БИЙКЕЧ” САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Колбаса – 100 грамм

Уйдун тили – 100 грамм

Консерваланган жүгөрү – 100 грамм

Помидор – 2 даана

Жумуртка – 2 даана

Анар – 1 даана

Майонез – 150 грамм

Катуу сыр – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач тилди сууга жарым саат чылайбыз. Андан кийин аны бычак менен кырып тазалайбыз. Казанга суу куюп, тилди салып бир кайнатып алабыз да, суусун төгүп таштап, жаңы суу куюп кайра кайнатабыз. Бышарга 30 мүнөт калганда туз кошобуз, болжол менен 2,5-3 саат бышыруу керек. Бычак менен сайып көрүп, эгер жумшарган болсо анда эт даяр. Муздатып, төрт бурчтук формасында туурап алабыз.

2. Жумуртканы сууга бышырып, аарчып алабыз. Помидорду жууп, колбасаны, сырды жумуртканы төрт бурчтук формада туурайбыз.

3. Бардык азыктарды бир идишке салып, ага жүгөрүнү кошуп, татымына жараша туз, мурч себелейбиз. Аралаштырган соң дасторконго коюу үчүн тарелкаларга салып, анардын мөмөсү менен үстүн кооздоп коёбуз.

УЙДУН БООРУНАН КУЙМАК

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун боору – 1 килограмм

Пияз – 2 баш

Сабиз – 2 даана

Манна акшагы – 2 аш кашык

Жумуртка – 2 даана

Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Боорду жакшылап чайкап, чел кабыгын алып, эзип алабыз. Манна акшагын кошуп аралаштырып, бөлмө температурасында 30 мүнөт коё турабыз.

2. Пиязды майдалап туурап, сабизди сүргүчтүн майда тишинен өткөрүп алабыз.

3. Ысытылган көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, пиязды, сабизди салып орточо отто 3 мүнөт кууруйбуз.

4. Эми боор аралашмасына 2 жумуртканы чегип кошобуз. Ага куурулган пияз менен сабизди, татымына жараша туз, мурч салабыз. Боорду ийге келгенче жакшылап аралаштырабыз.

5. Жакшы ысытылган көмөч казанды майлап алабыз. Ал эми даяр болгон боор аралашмасын кашык менен көмөч казанга тегерек куймактын формасында кылып салабыз. Боордун куймактарынын эки бетин тең кызарганча жай отто бышырып алабыз. Даяр болгон куймактарды жашылча менен чогуу дасторконго койсок болот.

УЙДУН КАРЫНЫНАН ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун карыны – 1 килограмм

Эти бир аз шылынган уйдун сөөгү – 2-3 даана

Сабиз – 2 даана

Пияз – 1 даана

Таттуу жана ачуу болгар калемпири – 1 даанадан

Жумуртканын сарысы – 6 даана

Ун – 2 аш кашык

Каймак – 150 грамм

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Лавр жалбырагы – 2 даана

Сарымсак – 1 баш

Даярдоо ыкмасы:

1. Карынды жууп-тазалап, сөөк менен кошо казанга салабыз. Үстүнө 5 литрдей суу куюп, туз салып, 2 сааттай кайнатып бышырабыз.

2. Жашылчалардан сабиз, болгар калемпири, пиязды аарчып, жууп, туурап кайнап жаткан шорпого салып, жарым сааттай кайнатабыз. Жашылчалардын даамы шорпого чыккандан кийин аларды чыпкалап алып салуу керек. Сөөктөрдү жана карынды шорподон чыгарып, этти сөөктөн ажыратабыз. Карынды жана этти чарчы кылып туурайбыз.

3. Жумуртканын сарысын бөлүп алып, ага ун, каймак жана лимон ширесин кошуп, үстүнө муздаган шорподон 3-4 чөмүч куюп, аралаштырабыз. Коюураак, бүдүрү жок масса даяр болгончо аралаштыруу керек. Даяр болгон массаны калган шорпонун үстүнө куябыз да, тууралган эт менен карынды салып кайра отко коёбуз. Шорпо кайнап чыккан соң майдаланган сарымсакты, ашкөктү жана лавр жалбырагын кошуп 10 мүнөтчө кайнатып оттон чыгарабыз. Тамак даяр!

УЙДУН ЖҮРӨГҮНӨН РАГУ

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун жүрөгү – 500 грамм

Пияз – 1 даана

Сабиз – 2 даана

Пастернак (ак сабиз) – 1 даана

Таттуу болгар калемпири – 1 даана

Айва – 3 даана

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Лавр жалбырагы – 2 даана

Ашкөк – 2 талча

Даярдоо ыкмасы:

1. Уйдун жүрөгүн жууп, толтосунан, чел кабыгынан тазалайбыз. Лавр жалбырагын кошуп, жүрөктү 40 мүнөт кайнатабыз. Бышарга аз калганда бир аз туз салабыз. Жүрөктү суудан чыгарып муздатып, туурап алабыз да, майга кызарта кууруйбуз.

2. Жашылчаларды, жууп, тазалап алабыз. Пияз менен сабизди жана ак сабизди орточо төрт бурчтук формада туурайбыз. Жүрөк куурулган казанга дагы бир аз өсүмдүк майын куюп, пияз менен сабиздерди кошуп кызарганча кууруйбуз.

3. Үстүнө жүрөк кайнап бышкан шорпону куюп, тузун татып көрүп, кем болсо кошумчалайбыз да, жай отто 10 мүнөттөй кайнатабыз. Кайнап жаткан шорпого айваны 4 бөлүккө бөлүп, калемпирди чоң-чоң тилип, сарымсакты майдалап салабыз да, дагы 10 мүнөттөй кайнатабыз.

4. Даяр болгон рагуну чуңкур идиштерге куюп, үстүнө майдаланган ашкөктөн себелеп, дасторконго беребиз.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jemile
2020-12-21 11:40:54
Уйдун карыны 2 саатта бышпайт
0
Гүлжан Асанкожоева
2020-12-21 15:55:59
jemile, саламатсызбы? Ооба, уйдун карынын 2 саат кайнатып алабыз деп турат. Бирок жашылчаларды кошуп, алардын даамы чыкканча дагы жарым саат кайнатабыз. Андан кийин атайын аралашманы жасап алып, аны шорпонун үстүнө куюп, тууралган карынды салып дагы кайнатабыз деп турат. Ошондо 3 сааттай кайнатылып жатат. Бул арада карындын бышпаганга аргасы жок го дейм. Сизге ийгилик!
+3
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан