КИПР

Саякат

Миңдеген туристтерди өзүнө тартуучу Жер Ортолук деңизинде жайгашкан Кипр аралы гүлдөргө бай экендиги менен таанымал. Аралда мусулмандар менен христиандар чогуу жашап, ага 3 өлкө ээлик кылып келет.

Кипр – Латындын "cuprum" – "жез" деген сөзүнөн Кипр аталып калган.
Борбору – Никосия шаары.
Аянты – 9 миң 251 чарчы чакырым.
Калкы – 1 миллион 100 миң киши (2006-жыл).
Расмий дини – Христиан.
Акча бирдиги – Евро.
Расмий тилдери – Грек жана түрк тилдери.

ЭРКИНДИККЕ УМТУЛГАН АРАЛ
Байыркы мезгилде Кипр өзүнүн жез кени жана токойлору менен белгилүү болгон. Дал ушул байлыктарга ээ болуу үчүн да кылымдар бою сырткы душмандардын кол салуусуна кабылып, согуш талаасынын очогу болуп келген. Рим империясына баш ийип турганда, Кипр дүйнөдөгү алгачкы христиандар башкарган өлкө болуп, аралдын жашоочулары “Европанын биринчи христиандары” деген атка конгон.
XVI кылымга чейин гүлдөп-өнүгүп келген Кипр Осмон империясы басып алгандан кийин (курамында 300 жыл болгон) жакырлана баштайт. Анткени Европа менен болгон байланышы үзүлүп, христиан дининин өкүлдөрү куугунтукка алынат. Бирок XIX кылымдын аягында Улуу Британиянын курамына кошулгандан кийин, арал кайрадан өнүгүү жолуна түшкөн. 1960-жыл – Кипрдин тарыхында маанилүү дата. Дал ушул жылы арал көз карандысыздыкка жетишкен. Бирок Кипр ич ара бөлүнүп, гректер түштүктө орун алса, түрктөр түндүгүндө жайгашат.

ЖАКЫРЛАР ЖОК
Аралдын аймагынын 36 пайызы Түндүк Кипр Түркия Республикасына, 3,7 пайызы Бириккен Улуттар Уюмуна, 2,7 пайызы Улуу Британияга, калганы Кипр Республикасына тиешелүү. Аралдын жашоочулары, негизинен, туризм менен жан багышат. Түндүгү тоолуу келсе, түштүгүндө кумдуу жээктер орун алган. Ошондуктан Кипрдеги дээрлик бардык курорттор түндүгүндө эмес, түштүгүндө жайгашкан. Жайы ысык, кышында көбүнесе жамгыр жаайт. Кипрдин климаты дүйнөдөгү ден соолукка эң пайдалуу климат деп эсептелет.
Кипрде жакырлар жок. Каражатсыз калган жарандарга мамлекет кам көрөт. Кипрликтердин арасында машинасы жок үй-бүлөлөр чанда учурайт. "Кипрдин жашоо деңгээли Англия менен тең келет" деген маалыматтар бар.
Кипр дүйнөдө жогорку билимдүү адистеринин саны боюнча 3-орунда турат. Белгилей кетчү жагдай, студенттеринин жарымынан көбү чет өлкөлөрдө (Греция, Англия жана АКШ­да) билим алышат.

ГҮЛДӨРДҮН МЕКЕНИ
Кипр Европадагы гүлдөргө эң бай өлкө болуп саналат. Аралдарга мүнөздүү болгондой, Кипрде эндемикалык (башка аймакта кездешпеген, бир гана ошол жерде өскөн) өсүмдүктөр көп кездешет. Баары биригип 1800 гүлдүн түрү бар, анын 130га жакыны бир гана Кипр аралында өсөт. Алсак, талаа шафраны жана кочкул кызыл жоогазынды айтууга болот.
Январда жаздын алгачкы белгилери пайда болуп, биринчи болуп орхидея гүлдөйт. Алардын арасында жапайы орхидеянын түрлөрү бар. Айрыкча Кипрде чымын-чиркей түспөлдөгү орхидея белгилүү. Минтип аталып калышынын себеби, гүлдүн көрүнүшү үстүнө чымын-чиркейдин конуп алганын элестетет.

ЭГЕРДЕ БАРЫП КАЛСАҢЫЗ...
Аралдын ири курорттору түштү­гүн­дө "Ларнака", "Пафос", "Лимасол", "Айя-Напа" болсо, түндүк Кипрде "Фамагуста" жана "Кирения".
Пафос шаары ЮНЕСКОнун дүй­нөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. Байыркы Грециянын уламыштары боюнча, бул жерде сүйүүнүн жана сулуулуктун Кудайы болгон Афродита деңиздин көбүктөрүнөн жаралган.
Фамагуста шаарында орто кылымга таандык Отелло мунарасы жана “арбактардын шаары” деп аталып калган Вароша кварталы бар. Венециялык кол башчы Христофор Моро дүйнөлүк чыгарманын каарманы Отеллонун прототиби деп айтылат.
Туристтерге аралдын гректерге тиешелүү аймагында жүргөндө түрктөр жөнүндө сөз козгобоо, ал эми түрктөр ээлик кылган аралдын бөлүгүндө болгондо гректер тууралуу ооз ачпоо сунушталат. Анткени ушул күнгө чейин эки улуттун арасында курч кырдаал сакталып келет.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
selvita
2010-10-12 10:34:05
turktor achkozodnup kiprgeda koz salip umutun uzboy kelet Istanbuldu basip alivalgandayle kiprgeda eeelik kilgisi kelip
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан