Кепшеп жаткан уй бир мүнөттүн ичинде жүзгө жакын чайноо кыймылын жасай алат.
Орто эсеп менен саан уй өмүр бою эки жүз миң стаканга жакын сүт берет.
Жер жүзүндө эң көп сүт эмүүчүлөр адам, андан кийинки орунда уй турат.
Уйлар орто эсеп менен жыйырма жыл жашайт, бирок жүз жылга чейин жашагандары да бар. Букалар аз, 15 жыл жашашат.
Жерде жашаган бардык уйлардын жалпы салмагы бардык адамдардын салмагынан үч эсе көп.
Эл арасында жүгүртүүдөгү акча пайда боло электе, уй акча катары бааланып, жалпы эле башка материалдык баалуулуктардын өлчөгүчү катары саналган.
Бул жаныбарлардын визуалдык эс тутуму жакшы. Алар адамдардын жүзүн эстеп, тааный алышат.
Жаратылышта эгер адамдар саап алышпаса, уйлар музоолорун үч жашка чейин сүт менен багышат.
Гиннесстин рекорддор китебине кирген дүйнөдөгү эң чоң уй 20-кылымдын башында жашаган. Анын салмагы 2,3 тонна, ал эми бою 188 сантиметрге жеткен.
Жалпысынан азыр Жер шарында 1,3 миллиардга жакын уй жашайт.
Уйлар түстөрдү айырмалай албайт, андыктан букалар жана алардын кызыл түскө карата агрессивдүүлүгү жөнүндөгү сөздүн чындыкка эч кандай тиешеси жок.
Айрым өлкөлөрдө уйду өлтүрүү адамды өлтүрүүгө барабар. Мисалы, Куба аралында уйду өлтүргөндөр адам өлтүрүү менен барабар жазага тартылат.
Уйдун тиши өмүр бою өсөт. Тишсиз калуу бул жаныбарлар үчүн коркунучтуу эмес. Бирок алар акырындык менен өсүшөт.
Уй зомбулук көрсөткөн адамды эстеп калат. Ошондуктан ал сааган адамга сүттүн көлөмүн азайтышы мүмкүн.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2020-12-21 20:05:45
+ Уйлар дагы дос кутушот
Аябай кекчил болушат
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.