“Мен Анара эмесмин”, “Сүйүү-пүйүү болбогон бир жомок” деген сөздөрү менен элдин эсинде калган “Боз салкын” тасмасына тартылгандардын көбү элге белгилүү болушту. Анда башкы каармандын ролун аткарган Тынчтык Абылкасымов (Сагын) азыр да тасма айдыңында. Ал тарткан тасмалар чет элдик фестивалдардан байма-бай сыйлык алып жаткан учуру. Тынчтык мырза азыр үч баланын атасы, сүйүктүү жар жана апасынын жалгыз уулу.
– Тынчтык, салам! Чет өлкөлүк кинофестивалдарга катышып жаткан тасмаң тууралуу айтып берсең?
– Саламатсызбы? Фильм “Чек арада” деп аталат. Мында кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар, адамдардын бири-бири менен болгон байланышы сүрөттөлөт. Былтыр фильм даяр болгондо эле түрдүү фестивалдарга жибере баштагам. Биринчи эл аралык сыйлыкты Лондондо өткөн фестивалдан алдык. Анда “Азиянын мыкты тасмасы” номинациясын жеңдик. Андан соң Москва шаарынан “20 мүнөткө жетпеген мыкты тасма” номинациясын да алдык. Эң кубанганым – Ирандан алган сыйлыгыбыз болду. Анткени масштабдуу эл аралык фестивалдан жеңишке жеттик. Баса, тасма эң биринчи өзүбүздүн “Үмүт” кинофестивалынан да наам алган. Тиги үчөөнү айтып, өзүбүздүкү унутта калбасын, айта кетейин. Жакында Японияда өткөн "Meihodo" эл аралык жаштар медиафестивалында коло байге утту.
– Кино тармагына кантип аралашып калдың? Бул иш сеники экенин кантип билдиң?
– Кайсы учурдан баштап кино тармагына кызыгып баштадым так айта албайм. Мектепти бүтүргөндө эжейим “сен театр же кино жагына барып көрбөйсүңбү?” деп калды. Анда кино тармагы боюнча окуу жай бар экенин билчү эмесмин. Ошол кездеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун алдында уюшулган кино мектеби бар экенин радиодон угуп калып, ага тапшырып, өтүп кеттим. Кесибим режиссёрлук. Ооба, адам өзүн-өзү издеп жүрүп, кээде таппай деле өтүп кетет эмеспи. Мен өзүмдүн кесибимди таптым деп ойлойм. 3-курстан баштап кино тармагына аралаша баштагам. Ошондон бери ушул Кыргыз киностудиясынын тегерек-четинен кетпей жүрөм (күлүп). Өмүрүмдү киного байлап койдум деп ойлойм. Башка жакка кете турган болсом өзүмдү жоготуп алчудай сезем. Бул тармакта үн режиссёру, гримёр гана болуп көрө элекмин, калган бардык кызматты аркалап көрдүм.
– Сени эл “Боз салкын” тасмасынан тааныды. Сагындын ролуна кантип тандалып калдың эле?
– Тасмада жардамчы режиссёр катары иштегем. Кызыгы, Сагындын образына актёрду өзүм издегем. Ылайыктуу актёр таппай жатканда режиссёр Эрнест Абдыжапаров “сен ойноп көрчү” деп калды. Ролго өтүп кеттим. Оңой болгон жок. 5-6 күн тартылгандан кийин гана ролго киргем. Азыр деле тасмада өзүмө жакпаган жерлери бар, “ушуну минтип ойносом болмок” деп калам. Сагындын комуз черткен жери бар эмеспи, Эрнест байке комузду бир-эки күүлөп көрсөткөндө эле үйрөнүп алгам. Өзүм да бир нече аспапты чертем, атам музыкант болгондуктанбы, музыкага шыгым бар.
– Атактуулар “уктап туруп эле атактуу болуп ойгондум” деп калышат. Сен тез арада элге таанымал болуп кеттиң, ошол учурду кантип өткөрдүң?
– Сөздүн ачыгы, мен деле “жылдыз оорусу” менен кыска мөөнөткө болсо да ооругам. Тасма элге аябай жайылды. Таанылбаганга аябай аракет кылсам да таанып коюшчу. Тасманын артынан канча фестивалдарга бардым. Кыска мөөнөткө дегенимдин себеби – бат эле сынып калдым. Кантип сынганымды айтпай эле коёюн (күлүп). Кийин катуу депрессия болдум. Алаксып кеткенге кашайып долбоор да жок болуп калды. Ошол учурда аскер кызматына чакырылдым. Ал жак мен үчүн жашоо мектеби болду, деги эле ар бир атуул барыш керек экен деп ойлоп койдум. Азыр сунуш түшсө жана мага жага турган образ болуп калса баш-отум менен тартылмакмын.
– Кино тармагында жүрөсүң. Учурдагы кыргыз киносуна кандай баа берет элең?
– Азыркы кыргыз киносу жакшы деген баага татыйт. Чет өлкөгө барганда бул нерсе даана билинет. Былтыр Борбор азиялык кино форумга катыштым. Жашырганда эмне, мактандык. Анткени бир жылдын ичинде 5 кинобуз эң абройлуу деген “А” классындагы фестивалда 5 сыйлык алды. Бул орто Азия ичиндеги рекорд десек болот. “Бирок” деген нерсе бар. Бул даражага жеткенибиз менен, “Кыргыз керемети” аталган доордун тасмаларына баары бир жете элекпиз. Жетебиз же ошол ийгиликти кайталайбыз деген да туура эмес го. Себеби ар бир учурдун өзүнө ылайык жетишкендиктери болот. Бул бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан тенденция. Азыр укмуш тасмаларды тартып жатышат. Бирок 60-70-жылдары чыккан тасмаларга жетпейт. Америкада, Европада, Орусияда деле ошондой.
– Уул бала апасына жакын болот эмеспи. Апаң тууралуу айтып берчи.
– Апамды өз бийиктигинде айтып бергенге сөзүм жетпейт го деп ойлойм. Апам көп кырдуу талант, андай адам жок болуш керек. “Өз көзү менен баарын көрсүн” деди окшойт. Тумшугум менен көп нерсени сүздүрүп тарбиялады. Бир мисал менен айтып берейин. Кичинемде апам базарда соода кылчу. Сабактан келип “апа, курсагым ачты, самса жейли” дедим. Ошол жерде мен курдуу өзбек балдары жүрчү. “Булар кантип курсагын тойгузуп жатса, сен да ошентип тойгуз” деп койду. “Шустрый” балдар эле. Алар базарды кыдырып улам бир сатуучунун мүшөгүнөн мейиз, жаңгак же башка нерселерди алып жеп жүрүп отурушчу. Ош шаарында бул кадимки көрүнүш эле. Мен аларды туурап бирөөлөрдүкүн алып бара жатам. Бир маалда жер жаңгакты көбүрөөк уучтап алдым окшойт, башыма даңк деп чара же чөмүчпү, бир нерсе тийди. Азыр анализдесем, апам мени атайын эле бышар бекен деп жиберген экен. Турмуштун өзүнөн сабак алсын дегени да. Башыма тийген соккуну эстеп, кийин бирөөнүн акысын жемек тургай, жегенди ойлогондон корктум. Апам катуу кармады, бирок жашоомдун маанилүү чечимдерине кийлигишкен жок. Кино жаатында жүрүү деле кыйын. Долбоор бирде болот, бирде болбойт, бирок апам бир да жолу “киноңду ташта” деген жок. Үч баланын атасымын, бирок кайсы бир учурда апамдан тартынып турам. Бул туура нерсе деп ойлойм. Апанын жалгыз уулу болуу жоопкерчилик. 2-3 бир тууганым болсо ката кылсам, балким, билинбей калмак беле? Менде ката кетирүү мүмкүнчүлүгү жок (күлүп).
– Окуяларды сонун сүрөттөйт экенсиң. Келинчегиң тууралуу да билгим келди...
– Чет өлкөдө өткөн кино форумга барып калдым. Көп улуттун өкүлдөрү менен отуруп сүйлөшүп калганда арасынан мен эң көп балалуу ата болуп калдым. Таң калышты, “көп балалуу болуу силердин менталитетпи?” деп сурашты. Азыр кыргыздар деле ишине, карьерасына карап бала күтүп калышпадыбы. Жалгыз бала болгонум үчүн көп балалуу үй-бүлөлөргө аябай суктанчумун. Жубайым менин бул каалоомду билип, 3 бала төрөп берди. Кино тармагы түйшүктүү кесип, айлап кино артынан кетесиң, кээде жинденесиң, аны келинчегим жакшы түшүнөт. Эмне ийгиликке жетип жатсам ал келинчегим Гүлжамалдын эмгеги деп билем. Ага ашыкча сөз деле айтпайм, өзү эле эмне каалап, эмне каалабай турганымды билет. Кудайга “мага жакшы жар боло турган кызга кезиктир” деп көп жалынчу элем, тилегимди укту окшойт.
– Балдарыңдын ысымын өзүң койгонсуңбу?
– Атам музыкант болчу деп айтып кетпедимби. Ал түптөгөн алгачкы эстрадалык топтун аты “Ариет” болгон экен. Ошол себептен биринчи уулума Ариет деген ысым ыйгардык. Ортончу уулума ысымды кайын журтум ыйгарды, аты Артур. Кызымдын аты Наристе, ал дагы атам ырдаган топтун аталышы. Кызыгы, бул топто режиссёр Эрнест Абдыжапаров да барабанчы болуп иштептир. Атамдын урматына бул ысымды кызыма бердик.
– Маегиңе рахмат. Үй-бүлөң менен аман бол! Сенден дагы жакшы тасмаларды, ролдорду күтөбүз.
Нуржамал Жийдебаева