Жаңы жыл –сыйкырга ишендирчү майрам. Кичинекейлер менен кошо чоңдор деле бул майрамда сыйкырды, түрдүү белектерди, жашообуздун жакшы жакка өзгөрүшүн күтөбүз. Ал эми жаш балдар Аяз атадан эмне сурашат? Кичинекей каармандарымдын бири татыктуу президент, дүйнө элине ден соолук сураса, дагы бири оюнчуктарды сурап Аяз атага кат жазышты.
Перизат Музуратбекова