Каарманым өзүн талбай издеген адамдардын бири. 50 жашында биринчи жолу режиссёрлук кылган тасмасы “Оскарга” талапкер болгонго жетишти. Ал муну менен токтоп калбастан кыргыз тарыхында кала турган тарыхый сериал тартууга белсенип турган кези. Өзүнүн чыгармачылыкка болгон көз карашы, уулу Ыйман жана тасмалары тууралуу кызыктуу баяндап берди.
– Бакыт мырза, саламатсызбы? “Акыркы көч” тасмаңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Саламатсыңарбы? “Акыркы көч” аттуу тасмабызды 2019-жылы баштап, пандемия учурунда бүттүк. Дүйнөлүк бет ачары Эстонияда болуп, "Караңгы түн" эл аралык "А" класстагы кинофестивалда тандамал тасмалардын арасына кирди. Азыр ийгиликтери акырындап башталып жатат. “Атанын керээзи” тасмасында бала тууралуу тартканбыз, ал эми бул ата тууралуу тасма болду. Жазуучу тууралуу баян. Дүйнөдө, кыргыз элинде генийлерди баалабайбыз. Карасаң генийлердин тагдыры трагедия менен бүткөн, эл тараптан өз баасын алган эмес. Эмне деген композитор, сүрөтчү, жазуучу, актёрлор өз баасын албай өтүп кетишкен. Мына ушул тууралуу тасма.
– Режиссёр Дастан Жапар уулу экөөңүздөр кайра эле чогуу тарттыңыздарбы?
– Дастан баламдан бир жаш кичүү. Ошого карабай экөөбүздүн искусствого көз карашыбыз бир чыгып калды. Ойлорубуз окшош. Оңой иштешебиз, анын кесиби оператор, меники актёр, бир жааттанбыз. Чыгармачыл адамдар менен сүйлөшүп отурсаң кыр чыга түшөт. Ойлор дал келбейт. Дастан экөөбүздүкү эмне ойлосок дал келет.
– “Атанын керээзи” тасмасынын жолу “Оскарга” чейин барарын башында билдиңиздер беле?
– Биздин эл жеңил нерсени көрсө боору эзилип жатып калат, тиги жакта философияны какшап айтып жатсаң сиңире албайт. “Атанын керээзи” тасмасы эмне деген гана фестивалдардан жеңген жок. Дүйнөдөгү 5 континенттеги “А” классындагы эң абройлуу фестивалдардан сыйлыктарды утуп жатты. 37 мамлекетке барып, баш байгени берген жок. “Оскарга” Кыргыз мамлекетинин атынан көрсөтүлдү. Эгерде башка бир мамлекеттин киносу ушундай ийгиликтерди жаратып жатса жан талашып “эптеп утуп алалы” деп акча бөлмөк. Дүйнөлүк бардык фестивалдарга катышып утуп жаткан кино үчүн мамлекет бармагынын учун да кыймылдаткан жок. Асгар Фархади деген ирандык кыйын режиссёр бар. Мурун да “Оскар” алган. Ошонун киносу менен биздин кино тирешип калып, такай биз утуп жаттык. “Оскарды” анын тасмасы утуп алды. Ал кино бизден артта эле. Маданият министрине, президентке да кирдим, майнап болбоду. Убадалары укмуш болчу, бири да аткарылган жок. Эми ким билет, мындай мүмкүнчүлүк качан болот? “Оскарга” чейин барган тасманы кыргыздар баалабады. Башка элди дүңгүрөтүп жаткан кинону биздин эл кинотеатрдан да көргөн жок. Аз барды. Кыргыздын канында барбы, биз бири-бирибиздин жеңишибизге сүйүнө албайт экенбиз.
– Режиссёрлукту эмнеге кеч баштадыңыз?
– Кинолорго тартылып жүрдүм. Купулума толбой “мен башкача тартмакмын, эмнеге минтип койгон жок?” деген ой дайым турчу. 2005-жылы спектакль коюп көргөм. “Актёр эмнеге режиссёрлук кылып жатат?” деген нааразычылык болгон. Эмне кылайын, режиссёрлор жок театрды жаап салабызбы? Кинорежиссёр болом деген ой болгон эмес. “Ак бас” деген киного тартылып калдым. Тартып жатышат, мага эле кезек жетпейт. Балык кармап алаксымыш болом. Бирок бир эпизоддон чыга албай койду. Дастан оператор эле, “сиз байкап көрбөйсүзбү?” деп калды. Материалды карап чыгып заматта тартып койдум. Ошондон улам “режиссёр болсом болот турбайбы” деген ой кылт этти. Ошентип өз кинобузду баштадык. 50 жашымда тарткан биринчи тасмам “Атанын керээзи”, экинчиси “Акыркы көч”. Кээде “эрте баштай берсем болмок экен” деп өкүнүп калам. Азыр кыргыздын тарыхын чагылдырган 100 сериялуу тасма тартсам деген ой менен жашап жүрөм.
– Күмөндөр Абыловдун иниси экениңизди жашыруу үчүн башка фамилия алганыңызды айтып келесиз. Атактуу аганын артында калган кыйын болдубу?
– Чынын айтыш керек, агамдын атактуулугунан бир аз чайналдым. Ошол өң, ошол үн. Өзүмдү өзгөртөм деп аябай көп аракет кылдым. Ал деген залкар адам да, көлөкөсүндө калмакмын. Эч нерсе эмес, акыры өз багытымды таптым.
– Жетем деген нерсеңиздин баарына жеттиңизби?
– Жок, чыгармачылыктын чегине жетиш кайда? Чеги жок нерсе ал.
– 9 бир туугандын баарында чымын барбы?
– Күмөндөр байкем, мен, иним, агам, карындашым, бала-бакыра, небере, айтор, көбүбүз чыгармачыл чөйрөдөбүз. Бир нерсени айтып берейин. Сыймык деген молдо иним бар, Политехти бүткөн, аябай билимдүү эле. Анан Библия окуп, Куранды изилдеп жүрүп эле дин жагына ооп, шаардан айылга кетип калды. “Музыканы таштагыла, ал эле, бул эле” деп жүрдү. Өткөндө кызын турмушка узатты. Тойдо биз аккордеон чертип, аялдарыбыз ырдап, тост айтып жатабыз. Кудалар “эми куданын өнөрүн көрөлү” деп болбойт. Биз да жаалап туруп алдык окшойт, 20 жыл колуна албаган аспапты чертип ырдап берди. Бизде молдобуздан бери ырдайт (күлүп). Бул атамдын тилеги, “тогуз балам тең артист болсо, келиндерим сыбызгыдай ырчы болсо” дечү. Ошондой чыкты. Атанын тилеги орундалат деген ушу.
– Балаңыз Ыйман “Атанын керээзи” тасмасында башкы каармандын образын жаратты. Аны балет бийчиси катары билебиз. Азыр кайда?
– Ыйман кичинесинде суу куйду тентек эле. “Учкум келип жатат” деп бийик жерден секирип кабыргасын, бутун сындырган күндөр болду. 7 жашында Чолпонбек Базарбаев атындагы балет окуу жайына бергенбиз. Ал жакта жакшы окуду. Сынак болуп бийчилер арасында 1-орунду алган. Анын бийлегенин көрүп Ленинграддан келген бир мугалим “таланттуу экен, бир орун бар эле, өзүм алып кетем” деп алып кеткен. Кичинесинен ошол жактан окуп калды. Кыргызча сүйлөй албайт, тарбиясы, ой жүгүртүүсү башка. “Атанын керээзи” тасмасына башкы каарманды издеп жатканда Дастан “өзүбүздүн эле Ыйманды тартпайлыбы?” деп калды. Айтсак алгач болбой койду, кийин көндүрдүк. Тартыла баштаганда таланты ачылып, кыйналбай ролго кирип кетти. Тасмага тартылгандан кийин Европа, Азияны кыдырып өз кесиби менен жүргөн. Пандемияда үйгө келди. Биздин Опера-балет театрында иштеп жүргөн, келише албай калды окшойт, чыгып кетти. Биз качан билимдүү адамды баалачу элек?
– Канча балаңыз бар?
– Үч уулум бар. Берки эки уулум деле чыгармачыл чөйрөдө. Жубайым үч уулдан кийин кыз небере каалап жүрсө, келинибиз бизге үч уул төрөп берди. Мен “кечке кыздуу болсок болот эле дей бербе” деп калам. Келиним сүрөтчү, неберем да сүрөттү жакшы тартат. Кааласак да, каалабасак да кайра эле искусстводо изибизди калтырып кете берет окшойбуз (күлүп).
– Аман болуңуз, таланттуу үй-бүлөңүз бар экен.
Нуржамал Жийдебаева