ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК САЛАТТАР

Элде «Жаңы жылды кандай тоcсоң, ошондой узатасың» деген ишенич бар эмеспи. Андыктан баарыбыз жаңы жылдык түндө дасторконду жайнатканга аракет кылабыз. Бул санда балдарга да, ачууну жакшы көргөндөргө да ылайыктап, даамдуу салаттардын түрлөрүн жасайбыз.

АЧУУ «ХЕ» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 2 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Ачуу калемпир – 1 даана

Пияз – 1 даана

Сабиз – 1 даана

Сарымсак – 2 тишче

Күнжүт – 1 аш кашык

Кинза – 1/2 байлам

Уксус (9%) – 2 аш кашык

Кумшекер – 2 чай кашык

Туз – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1) Баклажанды жууп, узундугу 5 сантиметр тилке кылып кесебиз. Кесилген баклажанды туздап, 30 мүнөт тыныктырабыз. Андан кийин кесиндилерди суу менен чайкап, кагаз сүлгү менен суусун кургатабыз.

2) Ысып турган майга баклажанды 7-8 мүнөттөн кызарганча кууруйбуз. Аны идишке салып алабыз.

3) Аарчылган сабизди сүргүчтөн өткөрүп алып, калемпирди узун-узун жука тилке кылып кесип, пиязды жарым шакекче, кинза менен сарымсакты майда кылып туурап, куурулган баклажандын үстүнө салабыз. Эми буга уксус сээп, кумшекер, татымына жараша туз салып, жакшылап аралаштырабыз.

4) Жыпар жыттуу салатка күнжүттөн сээп, муздаткычка 2 саатка салып коёбуз. Тарелкага салынган соң ачуу калемпирди узунунан экиге бөлүп, үстүнө коюп коюңуз.

5) Жыпар жыттуу «Хе» салатын эт же балык тамактары менен жеңиз. Тамагыңыз таттуу болсун!

«УЙ» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок филеси – 500 грамм

Катуу сыр – 200 грамм

Консерваланган жүгөрү – 240 грамм

Жумуртка – 4 даана

Грек жаңгагы – 40 грамм

Сарымсак – 2 тишче

Майонез – 160 грамм

Ананас – 1/4 бөлүгү

Өсүмдүк майы – 100 грамм

Кооздоо үчүн:

Эритилген сыр – 90 грамм

Сабиз – 2 даана

Колбаса – 100 грамм

Зайтун – 3-4 даана

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1) Алгач тоок филесин чайкап, кагаз сүлгү менен жакшылап кургатабыз. Андан кийин филени узун-узун туурап, темир чыпкага салып үстүнө ун сээп, жакшылап оонатабыз. Ундун ашыкчаларын күбүп салуу керек.

2) Этти жакшы ысытылган майга салып, 3-4 мүнөткө чейин кууруйбуз. Бышырылган этти мештен чыгарып, татымына жараша туз, калемпир салып, бир аз тыныктырып коёбуз.

3) Муздаган этти чуңкур идишке салабыз. Жүгөрүнү суусунан ажыратып алып, майда тууралган ананасты, ошондой эле майдаланган грек жаңгагын кошобуз. Жумуртка менен катуу сырды кесек тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Эми сарымсакты сыгып, майонез кошуп, салатты аралаштырып, тыныктырып коюу керек.

Кооздоо үчүн:

4) Жалпак тарелкага тыныгып, даяр болуп калган салатты сүрөттөгү уйдун башынын формасындай кылып салабыз. Катуу сырдын калганын жана эритилген сырды сүргүчтөн өткөрүп, ага сарымсактын сыгындысынан 2-3 чымчым кошобуз дагы майонез менен аралаштырабыз. Бул аралашмадан уйдун мүйүзүнүн формасын жасайбыз. Сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр жана сабиз менен уйдун эки мүйүзүнүн ортосундагы көкүлүн жасайбыз. Ал эми колбаса менен уйдун кулагын, мурдун оозун жасайбыз. Көзүнүн агын жумуртканын агынан кесип жасап, ортосундагы ачык калган жерине зайтундун мөмөсүнөн карек, каш жасап коёбуз. Зайтун менен уйдун мурдун да кооздоп коюу керек.

ТБИЛИСИ САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Сууга бышкан уй эти – 200 грамм

Буурчак – 150 грамм

Пияз – 1 даана

Помидор – 2 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Грек жаңгагы – 40 грамм

Сарымсак – 1 тишче

Өсүмдүк майы – 60 миллилитр

Уксус – 15 миллилитр

Анар – 1 даана

Руккола - 4-5 талча

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1) Этти чарчы кылып, помидорду да эттин формасындай туурайбыз.

2) Буурчакты суусунан ажыратып алабыз. Тууралган азыктарды чуңкур идишке салабыз да буурчакты кошобуз. Сарымсакты майдалап үстүнө салабыз. Калемпирди уруктарынан ажыратып, туурап, кошобуз.

3) Пиязды шакекче кылып туурап, уксус куюп 15 мүнөткө коё турабыз да, андан кийин ширесин сыгып алабыз.

4) Баарын аралаштырабыз, салаттын татымына жараша туз, мурч кошобуз. Даяр салатка күн карама майын жана анар ширесин кошуп, грек жаңгагы, руккола менен кооздоп коёбуз.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Girl1996
2021-12-16 00:06:27
Мага оливие эле жагат, жаны жыл оливие, мандарин менен
0
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан