ШАЙЛООДОН КИЙИН КЫРГЫЗСТАН ОҢОЛОБУ?

Төлгө таштар сүйлөшөт

Көзү ачык, төлгөчүлөргө бирибиз ишенсек, бирибиз “койчу ошолорду” деп кол шилтейбиз. Бирок гезитибизге чыккан көзү ачык, дубакөйлөрдүн айрымдары катылган сүрөттү, буюмду так, даана айтып, окурмандарды таң калтырып келишет. Ал гана эмес, июнда улуттар аралык кагылышуу болорун да алдын ала жар салышкан. Ал эми бул сапар шайлоонун жыйынтыгы, кыргыз элинин эртеңки күнү туурасында сурап көрдүк.

КООГАЛАҢ БОЛОРУ АЙТЫЛГАН

Гезитибизге Ош коогалаңына чейин жарыяланган жоромолдор:

  • “Топ-топ болуп ар кайсы жерде турган адамдарды көрүп жатам. Дагы чабыш болот. Дүкөндөр өрттөнүп жатат. Капкара түтүн эле басып калды”.
  • “Чагымчылар уюштуруп жаткан топто курал, көп акча бар”.
  • “Алдыда болчу митингдер тынч өтөт дегенден алысмын. 2-3 жолу кан төгүү болушу ыктымал”.
  • “Дагы имараттар өрттөлөт”.
  • "Улуттар аралык кагылышуу болот".

Майрам Жакыпбек кызы:
– Шайлоодо 1-орунга “Ата Мекен”, 2-орунга КСДП, 3-орунга “Ар-намыс” чыгат. “Ата Журт” партиясы да илинип калышы мүмкүн. Майда уруштарды көрүп жатам. Ич ара көрө албастыктар болот. Шайлоо Бишкекте тынч өтөт. Ош тарапта уруш болушу ыктымал. Бир нече жерден кылкылдап турган элди көрүп турам. Бир жерде митинг катуу болот. Анча-мынча талап-тоногондору да бар. Бирок мындай иш күч албайт, дароо басылат.
Айрымдар азыртадан эле “төңкөрүш кылабыз” деген максатта план түзүп жатышат. Алардын ою ишке ашпайт. Анткени алар алсыз. Шайлоо аяктаса эле оңолуп кетебиз дегенден алысмын.

Досум табып:
– Төлгө таштардын айтуусу боюнча, парламентке алты партия келет. “Ата Мекен”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан” сөзсүз өтөт. “Ата Журт” менен “Акыйкат” күмөн болуп турат. Буюрса, баары жакшы болот. Шайлоо анча-мынча ызы-чуу менен соңуна чыгып, анан элибиздин турмушу акырындан оңолууга багыт алат. Буга чейин парламентке келген депутаттар буйрутма менен өлүп кетишпедиби. Кийинки парламенттегилер андай кырсыкка кабылышпайт.

Индира:
– Шайлоо тынч өтөт. Шайлоодон кийин майда-барат нааразычылык митингдери өтүшү мүмкүн. Бирок мамлекет башындагылар аны жөнгө сала алышат. Партиялардын катарынан КСДП көп добуш менен бийликке келет. Андан кийин “Ата Мекен”, “Акшумкар”, “Республика”, “Замандаш” партиялары добушка ээ болушат. Эл азыр эч кимге ишенбей турат. Бирок шайлоодон кийин элдин турмушу жакшырат, келечек жакшы болот. Төрт жылдан соң өлкөдө стабилдүүлүк орнойт. Сырттагы мамлекеттерден Орусия бизге жакшы жардам берет. Ал эми Казакстан бизди көрө албай турат. Өзбекстан менен мамилебиз жакшырат. Тактыга келер адам эмнегедир көрүнбөй жатат. Бирок эркек адам болору бышык, анткени эркектин таажысы көрүнүүдө.

Кубанычбек Мурзаев:
– Кыргызстандын үстүндө азыр кара булут айланып жүрөт. Ошол кара булут шайлоо аяктаары менен түштүктүн айрым аймагында, тактап айтсам, Араванда мөндүр болуп жаашы мүмкүн. Дегеним, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун толкуну катуураак болот. Бирок тез эле токтойт. Ошондуктан аталарымдын айтуусунда, эл чагымчыларга алданбашы керек.
Шайлоонун жүрүшүнө келе турган болсок, үч партия күчтүүлүк кылат. “Ата Мекен”, “Республика”, КСДП. КСДПнын лидеринде кыргыз элин оңдой алчу күч бар. “Республиканын” жетекчисине эл жаш деп добуш берет. Ал эми “Ата Мекенге” эл “биз үчүн иштеп берет” деп ишенет. Кандайдыр бир эки тепкич көрүнүп жатат. Шайлоо эки тур менен бүтөбү, так айта албай турам. Кыргызстанды Орусия көзөмөлдөйт. Кыскасы, Кыргызстанды жаркын келечек, бейпил турмуш күтөт.

Асел Каракойчиева:
– Бул парламенттик шайлоодо Акаев, Бакиев убагында кимдер жүрсө, дагы деле ошол эски “баштар” өтөт. Жаңы жүздөр жокко эсе. Төлгөм боюнча, парламентке төрт партия келет. Эң көп добуш менен “Ата Мекен” алга озуп чыгат. Анан КСДП, “Республика”. Дагы бир партия турат, бирок эмнегедир окуй албай жатам.
Шайлоо ызы-чуу менен аягына чыгат. Митингдер биринин артынан бири болот. “Шайлоо таза өткөн жок” деген шылтоо мененби, айтор, экинчи жолу да болушу мүмкүн. “Ата Мекендин” лидери Текебаев “өтүп кетсек эле таза иштеп беребиз” деп абдан белсенип турат.

Сүйүн Кулматова, Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ШАЙЛООДО ДОБУШУҢУЗДУ САТАСЫЗБЫ?

Иса Өмүркулов,
53 жашта, Бишкек шаарынын мэри:
– Ушуга чейин добушту сатып “биздин бала” деп жатып, бүгүнкү күнгө келдик. Кечээ эле бийликтин "арыгын чаап", бүгүн ооз толтура сөз берип жаткандарга ишенип болбойт.Суроонун өзүнө келсек, мен добушумду эч убакта сатпайм.

Жумагүл,
55 жашта, мээрман айым:
– Эгерде “добушуңду сат” деп сунуштаса, “акчасы жок эле өзүм каалаган жана элди караган кишини шайлайм” деп жооп берер элем. Азыр абышкам экөөбүз ооруканадабыз, ошондуктан добушту да ошол жактан бермей болуп жатабыз.

Токтогул,
48 жашта, врач:
“Добуш сатып жатат” дегенди кулагым чалып калганы менен, өзүмө кайрылышкан эмес. Кыргыз элинин ар бири үгүт учурунда кимге добуш берерин эч кандай тыйынсыз эле чечсе керек. Анын катарында мен дагы шайлоого катышып, добушумду эч кимге сатпай, урнага таштайм.

Айнура,
17 жашта, студент:
– Мага окшогон көптөгөн студенттер добушун сатса керек деп ойлойм. Бүт баарына акча керек, айрыкча студенттерге акча эч качан ашыкча болбойт. Ушул убакытка чейин досторума да акча сунуштаган түрдүү партиялар болду.

Максатбек,
27 жашта, волонтёр:
– Биз, чынында, Кыргызстандын өнүгүүсүн жана өзгөрүүсүн кааласак, абийир жана намысыбызды эч качан сатпашыбыз керек. Кыргыз эли илгертен акчадан дагы акылды жана келечекти жогору коюп келген. Буга чейин добушумду сатып алууга сунуштар болду, бирок мен сатпайм.

Батый,
75 жашта, пенсионер:
– Ушул жашка келгени менде андай окуя болгон эмес. Атуулдук милдетимди аткарып, дайыма шайлоого катышам. "Тамак-аш берет" дешкени менен, добушумду саткан эмесмин. Чатак болбой тынч өтүп кетишин каалайм. Анткени өтпөй калгандар өз ара кырылабы деп корком.

Аалы Туткучев,
27 жашта, төкмө акын:
– Мен бир жолу чоңдордун алдында: “Эл шайлайт чуулап беш жылга, Депутат, чоң, акимди. Кудай шайлайт түбөлүк, Өнөрпозду, акынды. Мен андыктан алардан, Жогору коём башымды”,- деп ырдаган элем. Демек, добушумду сатпайм.

Эльвира Караева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
milli
2010-10-08 20:48:30
tynch ele otso eken, jetishet buga cheyinki bolgon yzy-chuu, kan toguulor.
0
bagdat
2010-10-09 13:22:31
Кыскасы кайран элди кыйнашты акмактар, уйундо балдары ачка отурса, балдары, кыздары четолкодо сатылып журсо, алкашына арака акча жетпей жатса добушун сатканга барышпай эмне кылышат, бийликти коздогон элдин убалын ойлобогон эшектер 20 жылдан бери элди ойлошпой оздорун ойл
0
Akjol
2010-10-09 15:00:42
Ким, кайсы партия болсо да,тынч отсо экен,Кудайым буйруса Кыргызстаным онолот,келечек али алдыда.
0
TolonturCN
2010-10-10 18:20:54
Кыргызстандын келечегин көзү ачыктар биле койот бекен? эмне болсо да дүйнө жүзүндө бир эле кыргыз мамлекети бар. өнүккөн өлкөлөр катарында оңолсо экен!
0
munara
2010-10-11 11:00:55
Кудай буюрса баары жакшы брлот. Буга ишениш керек!
0
meka
2010-10-11 16:41:52
Аллах Эмнеге ишенсенер ошого ишендирип коет. "Козу ачыктар" бакшылар жалгачылар. Ушундай гезит болуп туруп, бакшыларга окшого келжиректерге ишенген силерге баракелде!
0
meka
2010-10-11 16:44:57
Менин деле эки козум ачык же сиздердин бир козунор жабыкпы? Алардыкындай божомолду буткул кыргызтан эле айтып жатпады беле? Мен озумду, бирок баардыгы башкача болуп калды, бул Алланын сыноосу. Экинчи аларга ишенбегилечи айланайын "Суперчилер"
0
Nazic
2010-10-11 20:29:05
козу ачыктар оюна келгенди айта беришет да, азыр бийликте ким турса ошолорго кошоматчы болуп эле калды го.
0
Aelina
2010-10-11 22:56:33
Bir dagi kozu achik tuura auytkan jok, kalp ele uayalbay turup ele ayta berishet, emne bular Kudaydan korkushpaybi?
0
ilyaz
2010-10-12 14:26:08
Эмне болсо да тынчтык болсо болду!!! и так эле элдердин журогун тушуруп бутушту! Ал эми козу ачыктар айта берет да,ал кудайдын сыноосу.Бугун мындай уруш-жанжал болсо эртен тынчтык биздин кичинекей кыргызстанга да кулуп,жылмайып карайттыр деген умуттомун...
0
Wonderfullgirl
2010-10-12 19:31:31
Коз ачыктар баары эле аферисттер экен уят силерге
0
Agusha
2010-10-13 11:33:12
козу ачыктардын создоруно ишенгендер бул аллаага шек келтиргендер кут баарын убакыт корсотот
0
Rahate
2010-10-13 22:11:15
эч качан козу ачыктарга ишенбенииздер бир гана Аллахтын колундабыз бул дуйнодо жалгыз Аллаа таалам гана бар козу ачыктар Аллаа тааламдым оордун талашууда козу ачыктар озун кудай сезизет акмак адамсынар козу ачыктар .......ооло жиним келип атат
0
Nurayka
2010-10-14 11:37:26
Бардыгын эле Ата-Мекен дей беришиптир, уят эле болушту го коз ачыктар, аларга ишенбей, бир Аллага гана ишениш керек..
0
TROYA
2010-10-14 18:35:16
Kozu achyktar kudaidan da oido bolup ketiptirbi kudaidyn kozu tuz bolsun nietibizdi ondosok baary jakwy bolot.
0
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан