15 ЖАШАР КЫЗДЫ ӨГӨЙ АТАСЫ 2 ЖЫЛ ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨНБҮ? Чуулгандуу окуя иликтенүүдө

Акыркы учурда үрөй учурган окуялар көп катталууда. Ата 15 жаштагы өгөй кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөн деген маалыматты угуп, төбө чачыбыз тик турду. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн эки тарап менен байланышууга аракет кылдык.

ШЕКТҮҮ УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙГА КИРГИЗИЛДИ

Чүй ОИИББи жашы жете элек кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирди:

– 5-декабрь күнү Токмок ШИИБине 2005-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм кыз 2018-жылдын август айында өгөй атасы тарабынан зордукталган деген маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ошол эле учурда өспүрүм кыз, апасы жана туугандарынын бири менен ички иштер органдарына жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң кыз үйүнө кайтуудан баш тарткан. Токмок ШИИБинин өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы кызды атайын өспүрүмдөр жашоочу жайга жайгаштыруу боюнча социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүп берген. Милиция кызматкерлери тарабынан кыздын апасы жана өгөй атасы суралып, алар зордуктоо фактысы болбогонун билдиришкен. Бул окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Окуя боюнча коомчулукта резонанс жаралгандан кийин, 21-декабрда шектүү жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынды. Ага чейин ал эркиндикте жүргөн. Шектүүнүн камакка алынгандыгы тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу билдирди.

«КЫЗДЫ САБАП, ЖЕР ТӨЛӨГӨ КАМАП КОЮПТУР»

13 жашар кыз атасы тарабынан жасалган иш-аракетти таежесине айтып, жардам сураган деген маалымат бар. Кыздын таежеси Гүлзада Сарукуева төмөнкүлөрдү айтты:

– Сиңдим (жабыркаган кыздын апасы) турмушка деле чыккан эмес, сүйлөшкөн жигити менен жүрүп кош бойлуу болуп калганда экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, баш кошушкан эмес. Кыз төрөлгөндөн кийин 3 жарым жашка чейин таенесинин колунда чоңойду. Ошентип азыркы күйөөсү менен таанышып, ага турмушка чыккан. Күйөө бала мурун бир жолу турмуш куруптур. Биз кызды башында алып калганбыз, кийинчерээк бир жерден тарбия алсын деп сиңдим менен күйөө балам кызды алып кетишти. Сиңдим бул күйөөсүнөн эки балалуу болгон кезинде күйөө бала кызга кол көтөрүп баштаган экен. «Күйөөм уруп жатат, кызымды антеннанын шнуру менен сабап, жер төлөгө камап койду» деп сиңдим телефон чалган. Ошондо кыз 4-5 жашта болсо керек эле. Качан экөөнүн ортосунда уруш-талаш болгондо сиңдим мага телефон чалып ыйлачу. Кийин үйүнө каттап калганда кыздын денесинен көк ала тактарды байкап калчубуз. Бул кыз жок үйүндө оокаттары өтчү эмес, жумуштун баарын жасачу. Бала басты болуп, сиңдим биринчиси баса электе экинчисин төрөп жүрүп, жалпы жети бала төрөдү. Улуу кызын окутушкан да жок.

«ӨЛТҮРҮП КОЁМ ДЕП КЫЗДЫ КОРКУТУП ЖҮРГӨН ЭКЕН»

– 2019-жылдын сентябрь айында күйөө баланын үйүнө көчүп бардым. Өзүнчө үй-бүлөлүк бизнес жасасакпы дегенбиз. Ошентип бир ай чогуу жашап калдым. Бир күнү түн ичинде саат 12лерден кийин эшиктен кирип келе жатсам кыз менен атасы эшикке чыгып баратыптыр. Кайда баратканын сурасам «апам сууга жиберди» деди. Ошентип экөө сыртка чыгып кетишти. Кийин суусу жок эле, өң алеттен кетип кирип келди. Эч нерсе сураган эмесмин. Кийин да бул сыяктуу окуялар кайталанды. Атасы менен чыгып эле чачы-башы уйпаланып келип калчу. Мен ошондон кийин «атаң тийишип жатабы?» десем, бир «ии» деп алды да, кайра «жок» деп койду. Ошондон тарта шек санап баштадым. Бир жолу кыз терезеге бир нерсе коюп жатса, атасы барып колтукка сайып тийишип калды. Муну көргөндөн кийин ого бетер жаман боло баштадым. Кайсы ата кызына ошентип тийишет?! Болбосо атасы 50дөн ашып калган киши. Мен башка батирге чыгып кеттим. Кетерде күйөө балага жиним келип, сиңдиме жолдошунун жоругун айтып бергем. Ошондо сиңдим мени жаман көрүп, оозумду басып койду. Көрсө, күйөө бала мени билип калды деп шекшип, «эжеңе айтсаң өлтүрүп коём» деп кызды коркутуп жүргөн экен. Кийин сиңдим менен күйөөсү кызын врачка текшертсе, ал абийирин жоготкон болуп чыгыптыр. Бирок ата-энеси муну жашырып, эч кимге айтышпаптыр.

«ӨЗ АТАМДЫ ТААП БЕРГИЛЕ ДЕДИ»

– Сиңдим балдары менен төркүнүнө барып, бир ай жашаган. Мен да үйгө барсам, кызы ошол жерде экен. Ал мага ыйлап, баарын айтып берди. «Өз атамды таап бергиле, менин кордолгонумду апам эч кимге айтпа деп жатат» деди. Ошондо туугандарды чакырдым. Сиңдим сөз бербей, күйөөсүн коргоп, кийлигишпегиле деп мени менен урушуп кетти. Үйгө милиция чакырдык. Кыз көрсөтмө берип, арыз жазды. Мен да шекшигенимди айттым. Апам да сиңдимдин үйүнө барып калганда күйөө баланын жосунсуз жоруктарын байкап калган учурлары болуптур. Милиция экөөнүн 7-8 баласын ойлоп, өз ара чечишкиле дегендей кылды. Бирок бир пикирге келе албай койдук. Кызды бул жерге турса соо калбасын түшүнүп, социалдык кызматкерлерге өткөрүп бердик. Мен дагы мамлекеттик органдар көзөмөлгө алышын туура көрдүм. Эки-үч күндөн кийин мага Бишкектеги психикалык ооруканадан телефон чалып, «кызга керектүү самын-айнасын алып келип бергиле» деди. Көрсө, кыздын энеси милицияга барып ызы-чуу салган экен. Анан социалдык кызматкерлер менен милиция эптеп бир нерсе кылып, кызды психикалык ооруканага жаткызышкан окшойт. Кыз ооруканада жатканда ата-энеси келип, кызды УЗИге алып барып, мага жалаа жабуу максатында биз менен жүргөндө зордукталган дегенди айттырып, видеого тартып алышыптыр. Мен психикалык ооруканага барганда кыз менен 3 мүнөт сүйлөштүм, ошондо ал мага ушуларды айтып жетишти. Сиңдим күйөөсүн коргоп жатат. Балким, күйөө бала сиңдимди коркутуп жатабы, билбейм.

«АПАСЫНЫН ҮСТҮНӨН АРЫЗ ЖАЗУУГА УКУГУМ БАР»

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров буларга токтолду:

– Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кыздын көрсөтмөсү боюнча, ал өгөй атасынан башка дагы бир адамдан сексуалдык кордук көргөн. 21-декабрда кыз да, таенеси да тиешелүү көрсөтмөлөрдү беришти. Мен өзүм күбө болуп турдум. Жакында иш оң жагына чечилет. Атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү. Кыз психикалык жактан оор оорулуулар жаткан бөлүмдөн балдар бөлүмүнө которулду. Кыздын апасы «ички маселелерди жарыялап жатасың» деп менин үстүмдөн арыз жазарын билдирди. Мен кыздын сүрөтүн ачык жарыялаган жокмун, атын атаган жокмун. Тескерисинче, бул иш бүтсө кыздын апасынын үстүнөн оор кылмышты жашырган деп мен арыз жазышым мүмкүн, буга укук бар. Анын үстүнө бул аял бир кызын сатып, же бекер эле казактарга берип салган деген да имиштер угулуп жатат. Муну да териштирип көрүү зарыл.

«МАГА ЖАЛАА ЖААП ЖАТЫШАТ»

Кыздын энеси «таптакыр башка адам кызымды зордуктаган» деген оюн да айткан. Ал 23 жаштагы жигит окуя боюнча буларга токтолду:

– Быйыл жайында көчөдөн өтүп баратып бир жаш кыз менен таанышып калгам. Ал мага атын Амина деп, 18 жашта экенин айтты. Көрсө, калп экен. Аты такыр башка, 15 жашта экен. Кийин 10-июнда мага телефон чалып, үйүндө көйгөйлөр болуп жатканын айтып жардам сурады. Барарга жери жок экен. Дос баламдын сүйлөшкөн кызынын үйүнө алып барып таштап кеткем. Эртеси анын үйүндөгү айрым буюмдарды алып кетиптир. Андан кийин байланышкан жокпуз. Анан ноябрдын орто ченинде кыздын ата-энеси мени өз ара сүйлөшүүгө чакырды. «Менин кызымды зордуктаптырсың» дегенди укканда чалкамдан кеттим. Атасы кызын ошол учурда текшерткенде кыз эмес болуп чыгыптыр. Апасы эми текшерип билдик деп жатат. Экөөнүн сөзү эки башка. Мен декабрдын орто ченинде Токмок ШИИБ-
ине сурак бердим. Менин кыз менен эч кандай байланышым болгон эмес. Мага жалаа жаап жатышат. Ата-энеси кызды коркутуп, ушинтип айт деп үйрөтүп жатат окшойт.

Бул окуя боюнча кыздын апасынын оюн угалы дедик. Ал «телефон аркылуу маалымат бербейм, жолугушалы» дегенинен, Токмок шаарына бет алдык. Жолго чыгарда алдын ала кабар бергем. «Макул» деп базардан жолукмакпыз. Жерине барып телефон чалсак, «азыр банкта кезекте турам, 5 мүнөттө чыгам», деди да, ошол бойдон телефонду көтөргөн жок. Көптөн кийин WhatsApp аркылуу байланышып, «мен маалымат бере албайм, жактоочу аркылуу сүйлөшөбүз. Тиешелүү маалыматты милиция кызматкерлеринен сурап алгыла» деген жооп узатты.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Barcho
2020-12-28 17:07:19
Эй сен Дэнни кандай энесин? Оз кызынды коргой албаган.
+1
Aimani
2020-12-28 23:38:04
Убагында ошол апасын боюнда кылып таштап кеткен адам кызынын кандай кор болуп чоңойгонун сезип,билер бекен.Байкуш кыз атамды таап бергиле дегенин угуп жаман болуп кеттим.Эркектер зордуктаган да,боюнда кылып таштап кеткен да сабап кордогон да,аялын коркутуп жашаган да эркектер
+10
rola
2020-12-30 14:20:42
Ойлонгула эркектер,бироонун кызын боюнда кылып таштап койгон экен,эми оз кызы кордук коруудо.Кудай озу сактасын.Жашоо бумеранг.
+2
arimaz89
2020-12-30 19:52:19
Баары келип эле алсыз мамлекет, иштебеген законго келип такалат. Кытайда ушинтип көрчү, эмне күндү көрөөр экенсиңер! Закон иштеген өлкөдө мындай жорукка бармак түгүл, көчөдө чуу чыгып жатса карабай качышат "күбө катары суракка чакырып жүрбөсүн" дешип.
+1
arimaz89
2020-12-30 19:59:04
Негизи го тиги шерменде эне күнөөлүү.
Ошондой болсо да педофилдерди катарынан бычып салуу туура болуп турат кыргыздарга. Бычып туруп түрмөнүн түбүнө тыгыш керек да, бекер жаткырбай 14-16 сааттан мамлекеттик жумуштарда иштетүү керек. Тамагына да жетет, сыртта калган балдарын бакканга да артат. Айрым өлкөдө түрмөдөгүлөрдү 16-18 сааттан иштетет экен кара жумуштарга, мамлекетке пайда алып келсин деп. Бизде түрмөдөгүлөр да кутурган бекерчиликтен..
"Закондун баарын мен жаздым"
+1
arimaz89
2020-12-30 20:02:34
arimaz89, "Закондун баарын мен жаздым" деп төш кагат куу теке. Законуң башыңа калгыр. Куу текенин жазган закону карапайым калктын шоруна эле жазылыптыр...
+2
raia
2020-12-31 00:48:05
Кандай арсыз эне.Эне наамына туура келбеген акмакго.Илгеркилер айтмакчы бир жерине жара чыксын ушунча бала тороп,корголой албаса,бактысыз кылганга шерик болсо...
Ошо да энеби ?
Атасы менен кошо энесин да сотош керек.Адам болсо тырнактай кызды кор кыла беле.Экоо тен жоопко тартылыш керек...
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-01-01 12:32:34
Кандай ташбоор, мээримсиз эне! Ушундай акмактарды кантип жер которуп жүрөт?!
0
AykaMer
2021-01-01 17:54:56
Мындай адамдарды эркектер деп болбойт... Көк мээ, акмактар, макулук десек жарашат... Тиги акмак эне өзү алданып төрөгөн кызын коргоп калбай,кайра кордоптур го... Вообще макулук экен...
0
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан