АНГЛИЯДА ЖОЛУГУШУУЛАР ВИДЕО-ОЮНДА ЖҮРҮҮДӨ

Пандемияга байланыштуу көп өлкөлөрдө жолугушуулар Zoom, Skype аркылуу өтүп жаткан учуру. Мындай видео-чогулуштардан тажаган лондондук жазуучу, сүрөтчү Вивьен Шварц жана анын кесиптештери өзгөчөлүк киргизүүнү каалап, түрдүү видео-оюндарда жолугушуу өткөрүп көрүшкөн. Акыры эң ыңгайлуу деп кызыктуу окуяларга бай белгилүү Red Dead Redemption-2 (RDR2) видео-оюнуна токтолушкан. Алар менен биргеликте Англия эли да учурда ушул жайлуу жерде жолугуу өткөзүп жатышкан чагы. Мында башка оюндарга караганда оюнчулар чогулуш болуп жатса басып кетип же башка аракетти жасабайт. Күйүп жаткан оттун айланасында, ат үстүндө, же токойдо өткөн жыйналыштар кызыктуу, ыңгайлуу жана жайлуу экенин колдонуучулар белгилешүүдө. RDR2нин дагы бир өзгөчөлүгү – жолугушуудан чыгууну каалагандар өчүрүүнүн айласын издеп отурбай, өз аттарына минип алып чыгып кетишет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан