Көпчүлүк жол кырсыктарында мото сүйүүчүлөрдүн денесинин үстү жагына караганда, асты жагы жабыр тартат. Ошого байланыштуу француз компаниясы CX Air Dynamics атайын үйлөнмө шымдарды чыгарды. Аны күнүмдүк шымдын үстүнөн кийип алууга болот жана чөнтөгүнө бата турган газ баллону, мотоциклге илип коюучу куру да бар. Ыңгайлуу, ошол эле учурда коргоо кызматын аткарган шым кырсык болору менен баллондогу газ аркылуу толтурулуп, сынык эле эмес, көк ала болуудан да сактайт. Аба өткөрбөгөн материалдан жасалганына байланыштуу ысыкта кийүү ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Ошентсе да бул өтө пайдалуу ойлоп табуу болгон. Учурда компаниянын бул шымдарын буйрутма берүү менен үч өлчөмдө сатып алса болот. Баасы 500 евродон жогору.
Асел Ишенбай кызы