Zoox капсула-роботаксиси Amazon Zoox компаниясы тарабынан иштелип чыкты. Анын узундугу 4 метрге жакын, алды, артка кайсы экени белгисиз, ошондуктан алдыга баратып кайра артка кетүү керек болсо арты менен жүрө берет. Ичинде төрт кишилик орун бар. Эң башкысы, анын айдоочусу жок, ошондуктан руль да жок. Жүргүнчүлөрдү ичинде орнотулган камера, радар жана лидар системинин жардамы менен ташыйт.
133 киловаттык батарея аркылуу 16 саат үзгүлтүксүз каттай алат. Ылдамдыгы болсо саатына 120 чакырым. Бул электромобиль Лас-Вегас, Сан-Франциско жана Фостер-Сити шаарларында сыноодон өтүп жатат. Сыноолор бүткөндөн кийин роботакси кызматы ишке кирерин белгилешет өндүрүүчүлөр.
Асел Ишенбай кызы