КОРОНАВИРУС ДҮЙНӨНҮ ТҮГӨЛ КАПТАДЫ

Коронавирус дарты Антарктида материгинде катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Чили өлкөсүнүн Антарктидадагы O'Higgins Riquelme аттуу базасынын 36 кызматкеринен ухань вирусу аныкталган. Алардын 26сы аскер адамдары болсо, 10 адам жөнөкөй жарандар.

Учурда илдет аныкталган кызматкерлер эвакуацияланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Чилинин түштүк аймагында карантинге алынган кызматкерлердин эч кимисинен илдеттин оор симптомдору байкалган эмес.

Коронавирус дартынын Антарктида континентинде алгачкы ирет катталышы. Буга чейин Антарктидадан башка бардык континенттерде аталган илдет аныкталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус илдетин алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан