Кытайдын Чунцин шаарындагы зоопаркта дүйнөдөгү эң кары панда – Син Син өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаныбар 38 жашта болгон. Ал көптөгөн органдарынын иштебей калышынан улам көз жумган. Адамдын жаш курагы менен теңештирсек, панда 130 жашта болуп эсептелет. Син Син “баатыр эне” макамына ээ болгон. Ал бул жылдар аралыгында жарык дүйнөгө 36 кичинекей панданы тууган.
2017-жылы Кытайдын Фудзия провинциясынын Фучжоу шаарында бул түрдүн эң эски өкүлү деп эсептелген алп панда Баса 37 жылдыгында өлгөн болчу. Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, жалпысынан дүйнөдө 1900гө жетпеген алп пандалар бар. Алардын көпчүлүгү Кытайдын түштүк-батышындагы мээлүүн токойлордо жашашат.
Жолдубек Качкынбаев