Өмүрбек Назаров, “Борбор ГРУПП” компаниялар топтомунун негиздөөчүсү: “ӨНДҮРҮШТҮ БАГЫНДЫРЫП КУРУЛУШКА ӨТТҮК”

“Планета Максимус” тигүү фабрикасы, “Борбор курулуш” компаниясы, “Борбор консалтинг”, “Борбор Медиа” маркетинг компаниясы жана Борбор Риэлт мүлк агенттиги, мунун баарын ичине камтыган “БОРБОР ГРУПП” компаниялар топтомунун негиздөөчүсү, ишкер Өмүрбек Назаров менен бизнес, ишкерлик жана ийгилик сырлары тууралуу маектештик.



“БИЗНЕС – БУЛ ЖАСАГАН ЭМГЕГИҢ МЕНЕН ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ”

– Өзүм жөнүндө айтсам, учурда 46 жаштамын. Бизнес чөйрөсүндө жүргөнүмө 26 жыл болду. Аталган жылдар аралыгында баарын көрдүк. Себеби бизнес эч качан бир калыпта, түз жолдо кетпейт. Ар түрдүү оош-кыйыштар болот дегендей. Бүгүнкү күндө бизде 5 компания бар. Алар: “Планета Максимус” кийим тигүү фабрикасы, “Борбор Курулуш” компаниясы, “Борбор Консалтинг”, “Борбор Медиа” маркетинг компаниялары жана "Борбор Риэлт" мүлк агенттиги.

Мен да эл сыяктуу студент болгом. Медициналык окуу жайда окугам. Кийинчерээк финансылык муктаждык жаралгандыктан досторум бизнес тармагына кетип, мен да алар менен кошо бул тармакка аралашып кеттим. Ошентип эң алгач тигүү тармагынан баштап, көп жылдык тажрыйбанын арты менен ушул тармакта ийгилик жараттык. Бул жаатта окуучуларга мектеп формасын тигүү боюнча 3 жыл катары менен абсолюттук жеңүүчү болдук. Андан кийин продукциябызды Москвага, Алматыга, Астанага алып чыктык. Анткени ал жакта буйрутма берүү стабилдүү. Эки тарап тең жоопкерчиликти сезет, ошентип иштеп жатабыз.

Тигүү фабрикабызда тигүүчү кыздарыбызды жатакана менен камсыз кылабыз. Алардын тапкан айлык маянасынын 70 пайызы үйдү ижаралоого кетет. Биз ошону баамдап, жардам берели деген максатта “3 жылдын ичинде акчасын төлөп бергиле, 3 жыл аралыгында жатакана куруп беребиз” дедик. Учурда бул ишти баштаар алдында турабыз.

Бизнес – бул сенин баскан-турганың, жасаган эмгегиң менен элге кызмат кылуу. Жеңил өнөр жай тармагында иш алып баруу аркылуу же башка компанияда иштеп жатсак деле элге кызмат кылып келе жатабыз.

Биз “Борбор Курулуш” компаниясы кайсы бир деңгээлде элдин көйгөйүн чечип, аларга жакындан жардам берсек, жашоодогу алдыга койгон максаттарыбызды аткарган болобуз. Анткени турак жай маселеси жарандарыбыз үчүн олуттуу маселе. Компаниялар канчалык көп болсо, ошончолук атаандаштык түзүлөт, сапат өсөт, баалар түшөт. Мунун баарын көтөрө билүү керек.

Биздин артыкчылыгыбыз – курулуш тармагына өндүрүш аркылуу келдик. Өндүрүш тармагын багындырып, курулуш жаатына аралаштык. Өндүрүштө дагы бир топ татаал процесстер жүрөт. Ошонун баарын биз өз нугуна сала алдык.

– Бизнестеги тажрыйбаңыз жана ийгилигиңиздин сырлары менен кененирээк бөлүшө кетсеңиз.

– Негизинен кыргыз балдары бизнеске шыктуу келишет. Биздин балдардан жакшы ишкерлер көп чыгат. Бирок ишкер болууну көпчүлүк оңой деп кабыл алышат. Бул жерде эң биринчи жоопкерчилик. Баштаган же жасап жаткан ишинде адам жоопкерчилигин сезиши керек. Анткени жаштардын көбү сахнанын алдын, андагы ийгиликти көрөт. Бирок сахнанын арты да бар. Артында кандай азап-тозоктор, кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жатат. Адам ошонун баарына даяр болушу керек. Ийгиликтин сыры дегенде эч кандай деле купуя сыр жок. Албетте, бир эле жоопкерчиликти күчтөө менен чектелип калбаш керек. Аны сезе да билиш зарыл. Адам ошол тандаган тармагын алып кете алабы, колунан келеби дегендин үстүнөн ойлонушу кажет. Өзүнүн талантына, шыгына жараша тандап алуусу керек. Жаштарга айтарым, бардык нерсе тажрыйба менен келет. Тажрыйба менен катар көрөгөчтүк жөндөм да болуусу керек. Көпчүлүк адамдар ийгиликтин бат эле келип калуусун каалайт. Жаштардын көбү бат эле “крутой” болуп чыккысы келет. Минтип шашпаш керек, тажрыйба алыш керек. Ошондой эле ийгилик чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту талап кылат. Адамдын башына ар түрдүү кыйынчылыктар келет. Ошондой учурларда көтөрүмдүү болуу зарыл.

– Ишкер болом дегендер эң алгач эмнеден баштоосу керек?

– Бир ишти баштап кетүү үчүн адамда эр жүрөктүк, кайраттуулук сыяктуу сапаттар керек. Ишкер болом дегендерге дагы бир эң маанилүү кеңешим – адамдар менен мамиле түзө билүү, команда менен иштөө. Команда түзө билип, аны менен иш алып кетүү. Кандай лидер же жетекчи болбосун командага аябай көңүл бурушу зарыл. Анткени бизнестин өзөгүн команда түзөт. Ошондуктан биз буга өзгөчө көңүл бурабыз. Өзүбүздүн ички командабыз күчтүү, анда өз ишин билген кесипкөй адистер эмгектенишет.

– Жетишкен ийгиликтериңиздер тууралуу сөз кылсак...

– Бир канча ирет “Кыргыз Туусу”, “Эркин-Тоо” гезиттеринин тандоолору менен жылдын мыктылары болдук. Ошол эле учурда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу менен да мыкты компания аталганбыз. Ар кандай эл аралык сынактарга катышып келебиз. Ошонун ичинен баса белгилеп кетчү сыйлыктар президенттин, премьер-министрдин ардак грамоталары. Кыргыз Республикасынын “Легпром” жеңил өнөр жай ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсүбүз. Кудай буюрса, элге кызматыбызды жасап келе жатабыз.

– Жалпы компанияңыздарда канча адам жумуш орундары менен камсыз болгон?

– Биздин тигүү фабрикабызда бүгүнкү күндө жана пандемиянын шартында 150 киши иштеп жатат. Менимче, бул жакшы көрсөткүч. Жылдын башынан аягына чейин, катаал шарттарга карабай тынбай иштеп келе жатабыз. Ал эми курулуш компанияда болсо 50дөй киши иштеп жатат. “Борбор Консалтингде”, “Борбор Медиада”, мүлк агенттигинде жалпы биригип 30дай киши иштеп жатат. Жалпысынан айтканда, 230дай адам жумуш орундары менен камсыз болуп, эмгектенип, үй-бүлөлөрүн багышууда.

– Курулуш материалдарынын сапатына токтоло кетсеңиз.

Кыргызстан негизинен сейсмикалык жактан кооптуу өлкө. Бизде эртең 7 же 8-9 баллдык жер титирөө болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан биз “Борбор Курулуш” компаниясы сапатка өзгөчө басым жасайбыз. Сапатынан эң негизгиси – жердин топурагы. Бекем пайдубал – бекем үй. Биз жердин топурагына, пайдубалына аябай маани беребиз. Курулуш материалдардын негизи – бул арматура. Негизинен Орусиядагы атайын арматура саткан чоң компаниялар менен иштейбиз. Андан сырткары бетонго маани беребиз. Ушул нерселер негизги факторлор болуп саналат.

– Учурда кайсы курулуш иштери жүргүзүлүп жатат?

– Бүгүнкү күндө “Бакдөөлөт” турак жайы курулууда. Ал жерге 2 турак үйдү куруп жатабыз, дареги боюнча Бишкектин Репин көчөсүндө. Экинчи турак жай “Санжыра” деп аталат, ал Костанай көчөсүндө жайгашкан комплекс. Ошондой эле Космический көчөсүндө дагы бир долбоор даярдалып жатат. Андан сырткары иштеген кызматкерлерибизге жатакана курууга даярдап жатабыз.

– Кирип келе жаткан жаңы жылда кыргыз элине каалооңуз

– Келе жаткан жаңы жыл кыргыз элине токчулукту, берекени алып келсин! Ар бир кыргызстандык үйлүү болушун каалайт элем. Асманыбыз ачык, заманыбыз тынч болсун!

“БОРБОР ГРУППтун” жасап жаткан иштерин айтып жетишүүгө көп убакыт кетерин сезип, макаланы жыйынтыктоону туура көрдүк. Кайрымдуулук иштери жана демөөрчүлүк тууралуу сураганыбызда “карылар үйүнө, балдар үйүнө жана башка ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын колдоп, демөөрчүлүк кылып келебиз” деди компания жетекчиси. Жалгыз эле жогорудагы тармактар менен чектелбестен, бизнеске келгенден тартып социалдык жоопкерчиликтүү компания экенине толук ынанып, ийгиликтерди каалап коштоштук.

Бишкек ш., Фурманов көч.12

0505 555222

0556 555222

0779 555222

www.borborkurulush.kg


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
suban78
2020-12-28 14:20:03
Ийгилик. Жаны жылда жаны бийиктиктерди багынкыла.
Кыргвзстаныбызды баарыбыз коптоп которолу.
Жаны жылынар менен урматтуу кыргызстандык эл учун иштеген ишкерлер.
0
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан