ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖАСАЛГА

БАЙПАКТАН УЙ ЖАСАЙБЫЗ

1. Кандай түстө болбосун байпактын бир түгөйүн алабыз да, анын резинка жагын кесип салабыз. Кесилген тарабына тескерисинен оодарып уйдун бутунун формасын чийип, тигебиз.





2. Туюк башын кесип оңуна оодарабыз да, ичин кебез менен толтуруп чыгабыз. Башынын формасын чыгарып, моюн жагын тигебиз.






3. Мүйүзүн, кулагын башка түстөгү кездемеден даярдап алабыз. Биринчи мүйүзүн, анан кулагын башына тигип чыгабыз.




4. Мурдун агыш түстөгү кездемеден сүйрү формада кесип алып, айланасын тепчип баратып бир аз жипти тартып турабыз. Ичине пахтадан салып, уйдун башына дыкаттык менен тигебиз.






5. Алдыңкы эки бутунун формасын кесип, тигип, оодарып ичин толтуруп, туюк кылып тигишин ичке киргизип тигебиз. Аларды да денесине тепчип тагабыз. Көзүн майда шурудан жасайбыз, оозу менен мурдун тепчип чыгабыз. Ал эми көкүлүн каалаган калың жиптен жасасаңыз болот. Кооздук үчүн шарф, моюнуна коңгуроо тагып койсоңуз ашыктык кылбайт.


Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан