ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОН

Жаңы жылда ар бир кожойке үй-бүлөсү жакшы көргөн даамдарды жасайт эмеспи. Эгер буга чейин майрам сайын салттуу түрдө манты жасай турган болсоңуз, быйылкы жаңы жылда менюну өзгөртсөңүз болот. Биз сиздерге өзгөчө рецептте жасалган даамдарды сунуш кылабыз.

ӨЗГӨЧӨ ДАЯРДАЛГАН СИБАС БАЛЫГЫ

Керектелүүчү азыктар:

Сибас балыгы – 4 даана (чоңураак)

Сыр креми – ар бир балыкка 140 грамм

Жумуртка – 2 даана

Кызыл пияз – 2 даана

Руккола – 80 грамм

Зайтун майы – 2 аш кашык

Черри помидору – 250 грамм

Туз-мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыктардын кабыгын тазалап, ички органдарын алып, жууп, кагаз сүлгү менен кургатабыз.

2. Омурткасынын эки жагын тилип алып чыгып, калган кылкандарын колдон келишинче тазалап салабыз. Ошондо ортосу ачык, ал эми баш жагы менен куйрук жагы бүтүн боюнча калат. Курсак бөлүгүндөгү сулп эт калышы шарт. Балыкты ичинен жана сыртынан себелеп туздайбыз.

3. Ичин толтуруу үчүн: 2 жумуртканы чегебиз, ага сыр кремин кошобуз. Пиязды аарчып, жарым шакек кылып туурап, туз, мурч салып жакшылап аралаштырабыз. Майдаланган рукколаны кошуп, дагы бир ирет аралаштырабыз.

4. Даяр аралашманы балыктын ичине толтурабыз. Электр мешинин табасын же атайын форманын ичин майлап, балыктарды салабыз. Балыктын сыртын зайтун майы менен майлап, 205-210 градустагы ысып турган мешке салабыз. Бышуу мөөнөтү 30-35 мүнөт. Черри помидорлоруна туз, мурч сээп, балыктар бышканга он мүнөт калганда чогуу салып коюу керек.

5. Бышырылган помидорду гарнир катары беребиз.

ФАРШТАЛГАН КАПУСТАЛАР

Керектелүүчү азыктар:

Үндүк филеси – 1 килограмм

Күрүч – 100 грамм

Капустанын жалбырагы – 10 даана

Жумуртка – 1 даана

Пияз – 1 даана

Томат пастасы – 2 аш кашык

Каймак – 2 аш кашык

Туз, мурч, кара зире – татымына жараша

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Укроп – 2-3 талча

Даярдоо ыкмасы:

1. Капустанын жалбырактарын кайнак сууга 3 мүнөт салабыз. Суусун сарыктырып, калың жерлерин кесип таштаңыз.

2. Пияз менен укропту майдалап туурайбыз. Күрүчтү жууйбуз.

3. Үндүк филесин эт майдалагычтан өткөрөбүз. Ага күрүч, пияз, укроп, жумуртка, туз, калемпир жана зире кошуп, жакшылап жууруйбуз.

4. Фаршты 10 бөлүккө бөлүп, ар бирин капуста жалбырагына салып ороп, электр мешинин табасын майлап тизебиз.

5. Томат пастасын 0,7 литр сууга кошобуз. Капустанын оромдоруна томат суусун куюп, 170 градус ысытылган мешке 35 мүнөткө салабыз.

6. Каймакты кайнак сууга эритип, электр мешиндеги капусталардын үстүнө жаба куюп, дагы 15 мүнөт бышырабыз. Тамагыбыз даяр!

ЖУМШАК КОТЛЕТАЛАР

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун боору – 250 грамм

Уй этинен фарш – 250 грамм

Ак нан (бөлкө) – 100 грамм

Сүт – 150 грамм

Жумуртка – 2 даана

Пияз – 1 даана

Туз-мурч – татымына жараша

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Тооктун боорун, пиязды эт майдалагычтан өткөрөбүз.

2. Пайда болгон массага эки жумуртканы чегип, фаршты, сүткө чыланган нанды кошобуз. Татымына жараша туз-мурч кошуп, баарын аралаштырабыз.

3. Аралашмадан тегерек котлеталарды жасайбыз. Табадагы ысып турган майга котлеталарды эки бетинен тең бышырып алабыз.

4. Андан соң котлеталарды мультиварканын тиешелүү режимине коюп, 20 мүнөттөй бышырабыз. Бышкан соң каалаган гарнир менен дасторконго сунабыз.

ЖАШЫЛ ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:

Койдун кабыргалары – 400 грамм

Пияз – 1 даана

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Жумуртка – 2 даана

Картошка – 4 даана

Сабиз – 1 даана

Көк пияз жана укроп – 1 боо

Каймак – 150 грамм

Суу – 2,5 литр

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөлүктөргө бөлүнгөн кабыргаларды сууга салып 30 мүнөт кайнатабыз. Шорпого майдаланган пияздын жарымын, төрт бурчтук тууралган картошканы кошуп, 20 мүнөт бышырабыз.

2. Сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз. Калган пияз менен сабизди майга кызарта кууруп, кайнап жаткан шорпого салабыз.

3. Шорпого каймак кошуп 5 мүнөт кайнатабыз. Андан кийин татымына жараша туз, мурч салып, лавр жалбырагын кошобуз.

4. Жумуртканы бир идишке чегип чалабыз да, казандагы шорпого куюп жиберебиз.

5. Эң аягында тууралган көк пияз, укропту салабыз. Шорпону дагы 2-3 мүнөт кайнатабыз. Жеңил суюк тамак даяр!

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан