НУРЗАДА ЖОЛДОШОВА

“Кыргызстан обондору” радиосунда жагымдуу үнү менен булбулдай сайрап, көпчүлүк угармандардын купулуна толуп келе жаткан жаш ди-джей Нурзада Жолдошова менен тааныштырабыз.

Нурзада 1986-жылы 15-декабрда Аксы районунун Кошдөбө айылында төрөл­гөн. Хоббиси: тамактын түрүн жа­соо. Учурда Улуттук университетинин журналистика бөлү­мүндө 2-курста
окуйт.

– Нурзада, радиого кантип келип калдың эле?
– Мен кичинекей кезимден эле жакшы ырдоо менен бирге алып баруучулукка да кызыкчумун. Университетте окуу менен кошо үнүмдү, дикциямды оңдоо үчүн Улукмырза Полотовдон вокалдан сабак алып жүргөм. Ошондо кастинг болуп жаткандыгынан барып, үнүмдү жаздырып, телефон номеримди калтырып келгем. Бир күнү чакырышты. Барсам, ди-джейлердин сынына коюп көрдү эле мен өтүп кеттим. Негизинен радиодо жаңы келген ди-джейлерди 1 ай үйрөтүп анан эфирге чыгарышат, а мен болсо дароо эле чыгып кеткем. Болгондо да адегенде эле «Ыр дүкөндү» алып баргам.

– Аз убакыттын ичинде эле эфирге чыксаң, кыйынчылыктар болгон жокпу?
– Албетте, алгач кыйынчылыктар болду, айрыкча, техника жактан. Ал эми сүйлөө жагынан анча деле кыйналган жокмун десем болот.

– Кичинекей кезимде жакшы ырдачумун дебедиңби, ырчы болуу жөнүндө ойлонгон жоксуңбу?
– Учурда “Ди-джей кыз” деген ырды Эмир аттуу бала экөөбүз ырдап жатабыз. Бул ыр “Миң кыял FM ” раиосунан кетип жатат. Андан сырткары өзүмдүн аткаруумда 2 ырым бар. Буюрса, мындан кийин ырчылык менен да алектенем.

– Сенин ырчы болушуңа кесиптештериң кандай көз карашта?
– Баары эле түз көз карашта, «жакшы ырдайт экенсиң» деп өз пикирлерин билдиришип, колдорунан келген жардамдарын берип жатат.

– Чыгармачылыгыңа колдоо көрсөткөн адам барбы?
– Бар, биринчиден ата-энем, жакындарым, кесиптештерим. Андан сырткары азыр, белгилүү продюсер Ильяс Адамов менен иштешип жатам.

– Продюсериң экөөңдүн ортоңордо келишим түзүлдү беле?
– Азырынча атайы келишим түзө элекпиз. Болгону бири-бирибизге ишеним бар. Бир аз иштешип көрөлү, калганын убакыт көргөзөт. Балким, келишим да түзүп калаарбыз.

– Өзүң студент болсоң, жумушка, ырдаганга кантип жетишип жатасың?
– Билбейм, бирок, көкүрөктөгү каалоо күчтүү болсо баарына жетишүүгө болот окшойт. Иштерим көп болгондуктан, күнүгө кечинде саат 3-4төрдө уктайм. Ошондой эле радиодогу жумушум кечкисин болгондуктан, күндүзү сабакка барам. Кээде сабакка жетишпей калсам эжелер мени түшүнүүгө аракет кылышат.

– Мынча көп кырдуу талант сага кимден жуккан?
– Биздин үйбүлөнүн баары чыгармачыл адамдар. Жакшы ырдашат. Бирок, ар кимиси ар башка кесипти аркалап кетишкендиктен, ырчы болбой калышкан. Үйдөн бир гана мен таекем Улукмырза Полотовдун жолун жолдойт окшоймун. Буюрса, окуумду аяктаган соң консерваторияга тапшырам деген тилегим бар.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан